Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тарыхчы: адамдын атын алган эки дивизиянын бирөө — панфиловчулар

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат исторических наук, доцент Саламат Малабаев
Кандидат исторических наук, доцент Саламат Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Тарых илимдеринин кандидаты, жалпы тарых кафедрасынын доценти Саламат Малабаев панфиловчулар фашисттик армияны жеңсе боло турганын алгачкылардан болуп далилдегенин айтып берди
Адамдын атын алган эки гана аскердик дивизия болгон. Бирөө Чапаев дивизиясы болсо, экинчиси — панфиловчулар. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Тарыхчы: адамдын атын алган эки дивизиянын бирөө — панфиловчулар
Анын айтымында, фашисттик генералдар эскерүүлөрүндө панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн өлүмдү артык көргөн аскерлер катары сүрөттөгөн.
"Казакстан, Кыргызстанда орто азиялыктардан 316-аткычтар дивизиясы куралган. Ал Улуу Ата Мекендик согуш башталганда түзүлүп, абдан татаал убакта Москваны коргоого жөнөтүлгөн. СССР өзү класстык, коммунистик мамлекет болгон. Ага чабуул жасаганда фашисттик армиянын жетекчилери кыш түшкөнгө чейин басып алууну мерчемдеген. Ал эми 316-аткычтар дивизиясы Ленинградды коргомок экен. Ошол учурда, тилекке каршы, Москвага чабуул башталып, аны коргоого жөнөтүлгөн. Бул дивизияда патриоттук, баатырдык сезимдер күч болгон. Анткени алар аскердик тажрыйбасы жок жаш жигиттер эле. Германия аз убакыттын ичинде Прибалтиканы, Укранина, Беларустун көп жерлерин басып алышкан. Алардын аскери абдан күчтүү экени анык. Мына ошолорду 16-ноябрда Дубосеководо панфиловчулар токтотуп калган. Тарыхты барактап көрсөк,  адамдын атын алган эки гана дивизия болгон. Алар — чапаевчилер, анан дал ушул панфиловчулар. Ага чейин Иван Васильевич Панфилов дал ошол чапаевчилер дивизиясында иштеп келген. Өзү мыкты командир болуп, 8-гвардияны беришкен. Немец генералдары эскерүүлөрүндө панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн көрө өлүп калалы деген "жапайы аскер" катары сүрөттөшкөн. Панфиловчулардын катарында Дүйшөнкул Шопоков дагы эрдик көрсөтүп каза болгон. Анын жубайы Керимбүбү Шопокова Социалисттик эмгектин баатыры болгон", — деди Малабаев.
Ошондой эле ал Москвадагы салгылашуу фашисттик армия үчүн алгачкы жеңилүү болуп калганын кошумчалады.
Эске сала кетсек, Улуу Ата Мекендик согушта Москвага кол салган фашисттик армиянын панфиловчулардан алгачкы жеңилиши 1941-жылдын 16-ноябрында болгон.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0