Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айталиев: күн энергиясын пайдаланып электростанция курууга кызыккандар көп

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаместитель министра энергетики Тилек Айталиев
Заместитель министра энергетики Тилек Айталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев өлкөнүн энергетикасына өбөк боло турган альтернативдүү энергия булактары керектигин айтты.
Күндүн энергиясын пайдаланып Ош жана Ысык-Көл облустарында электр станцияларын куруу долбоорлору бар. Мындай маалыматты Тилек Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айталиев: күн энергиясын пайдаланып электростанция курууга кызыккандар көп
Анын айтымында, күндүн, шамалдын энергиясынан электр кубаттуулугун алууга кызыккан ишкерлер, инвесторлор бар.
"Кыргызстанда суудан тышкары шамалдын, күндүн энергиясын алууга болот. Айрыкча, күндүн кубаттуулугунан энергияны өндүрүүгө кызыккандар абдан көп. Алсак, Ош жана Ысык-Көл облусунда альтернативдүү булактарды пайдаланып, электр станцияларын куруу аракеттери бар. Бир нече инвестор да бул багытта акчасын жумшап, иш алып барууга кызыкдар. Биз президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен да жеринен сүйлөшүп, инвесторлорго жардам берип, аткарыла турган иштер боюнча план түздүк. Учурда жер бөлүү каралып, маселе чечилип калса алар станциянын курулушун баштайт", — деди Айталиев.
Ошондой эле аткаминер Ысык-Көлдө кубаттуулугу 500 мегаваттка жете турган электр станцияларын куруу долбоорлору каралып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0