Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев

Мусаев: ар бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билиши шарт

423
(жаңыланган 14:57 17.11.2021)
Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев ар бир мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилде эркин жазып, сүйлөй алышы керек деген пикирин билдирди.

Депутаттыкка талапкерлер да мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тест тапшырышы зарыл. Мындай пикирин Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Мусаев: ар бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билиши шарт

Анын айтымында, үгүт учурундагы талапкерлердин көрнөк-жарнактары мамлекеттик жана расмий тилде гана жазылышы шарт.

"Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү биз катардагы жарандардан эмес, мамлекеттик кызматтарда иштегендерден талап кылышыбыз керек. Ар бир саясий кызматкер, депутат, эксперттер кыргыз тилинде эркин жазып, сүйлөй билиши шарт. Бул үчүн талап катуу коюлуп, аткарылбаган убакта мыйзамдын чегинде жооп берүүчү механизмдер иштеп турушу зарыл. Эл өкүлдөрү болсо шайлоого аттанып жатканда атайын тесттен өтүп, кыргыз тилин билүү деңгээлине көңүл бурулушу абзел. Ал эми үгүт материалдары мамлекеттик жана расмий, мыйзамда көрсөтүлгөн эки тилде гана жазылышы керек. Биз быйылкы Жогорку Кеңешке талапкерлердин айрымдарынын ушул багытта кетирген алешемдиктери боюнча БШКга кат жолдодук. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы бизге кыргыз жана орус тилинде жазылбаган үгүт материалдарынын ээси болгон талапкерлердин этносу башка экендигине, өз эне тилинде жазып жаткандыгына жана Кыргыз Республикасында ар бир улуттун өкүлү өз тилинде сүйлөп-жазууга укуктуу деген беренеге такап жооп беришти. Туура, бирок ал турмуштук деңгээлде, ал эми саясий материалдар мыйзам көрсөткөн эки тилде гана таратылышы керек. Бул Конституцияда да, башка мыйзамдарда да көрсөтүлгөн эреже", — деди Мусаев.

Академик Жогорку Кеңешке болчу кийинки шайлоолордо талапкерлерди мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тесттен өткөрүүгө аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.

423
Белгилер:
мамлекеттик тил, мамиле, Өнүгүү
Тема боюнча
Окумуштуу: кыргыз тилине эң жакын тил — алтай тили
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

16
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков келечекте ири марафондук жарыштарга катышуу ниети бар экендигин айтты.

Токио Олимпиадасы спорттук карьерамдагы эң чоң тажрыйба берген мелдеш болду. Мындай пикирин Нурсултан Кеңешбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

Анын айтымында, кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта Олимпиададан медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Жеңил атлетика менен 2017-жылдан тарта алектене баштагам. Олимпиадага катышуу үчүн төрт жыл кызуу машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап көрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир Алматы шаарында өтүп, 1 500 метрлик аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайлардын жыйынтыгы менен ири спорттук иш-чарага катыштым. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору болгондуктан атаандаштык курч болду. Жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасында болуп, көп нерсе үйрөнө алдым. Бирок кыска жана орто аралыкка чуркоодо атаандаштык бийик болгону үчүн медаль утуу оор экен. Андыктан марафондук жарышта күчүмдү сынап көргүм келет", — деди Кеңешбеков.

Ошондой эле жөө күлүк Ысык-Көлдө заманбап машыгуу базасы курулса спортчулардын эл аралык мелдештерден ийгилик жаратуусуна шарт түзүлө тургандыгын кошумчалады.

16
Белгилер:
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика, олимпиада
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Эколог Гамал Сооронкулов

Соронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

37
(жаңыланган 11:23 06.12.2021)
Эколог Гамал Соронкулов Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч турарын айтты.

Eco-map долбоорунун алкагында аймактык координаторлор экологиялык көйгөйлөрдү чогултат. Фото, видеодокументациялар, окуянын тексттик сыпаттамасы, ошондой эле географиялык координаттар картага жайгаштырылат. Эко-картада таштандылар, абанын, суунун, жер кыртышынын булганышы, токойлорду кыюу, кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик), мыйзамсыз балык уулоо, радиация жана ядрохимикаттар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

Анын айтымында, учурда экологиялык картада 500дөн ашык чекит белгиленген.

"Eco-map долбоору — бул Кыргызстандын экологиялык картасы. Борбор Азия боюнча мындай долбоор жок. Влад Ушаков деген атактуу фотожурналист менен ишти баштаганыбызга бир жылдан ашты. Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр өтө көп. Мына ошонун баарын географиялык картага түшүрүп, маселе тууралуу элге, тиешелүү органдарга жеткиликтүү маалымат берүү максатын көздөйбүз. Учурда аталган картада 500дөн ашык чекит белгиленген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн Каркырасынан баштап, Баткендин Лейлегине чейин жеттик. Бирок Ош облусу, Талас, Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнү жана Нарын жергесинин түштүк аймагындагы көйгөйлөр толук изилдене элек. Мен ушунча жылдан бери экология тармагында эмгектенип жүрсөм дагы өлкөдөгү көйгөйлөр мага да жаңылык болду. Алсак, Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч экен. Билишимче, өлкө аймагында 1 930дай айыл болсо, тилекке каршы, бардыгында талапка жооп берген полигон (таштанды сактоочу жай) жок. Ал жер курчалбагандыктан мал да жайылып жүрө берет. Болуптур, чоң көйгөйдү чече албайт экенбиз, бирок ар бир айыл өкмөтүнүн бюджети таштанды таштоочу жай уюштуруп, ал жерди курчап коюуга кудурети жетет эле", — деди Соронкулов.

Эколог Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр менен ecomap.kg сайтынан таанышып ар бир жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүп баштоосу зарыл экенин кошумчалады.

37
Белгилер:
Кыргызстан, экология, таштанды, маселе, айыл, полигон
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган

19
(жаңыланган 17:08 06.12.2021)
Жээнбеков жана анын жакын туугандары 30дан ашуун жер тилкесине ээлик кылат. Ал президент болгондон кийин жерлери беш эсе кеңейген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун киреше-чыгашасы тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын чыгарды.

Белгилей кетсек, Жээнбеков былтыр октябрь окуяларынан кийин президенттик кызматтан кеткен.

Декларацияга ылайык, өткөн жылы Жээнбеков 944 138 сом киреше тапкан. Бирок "чыгашасы" деген графа толтурулган эмес. Мындан сырткары, ага 160 чарчы метрлик турак жай жана МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактор таандык.

Экс-президент 23 жер тилкесине ээлик кылат:

  • айыл чарба багытында — 0,45 гектар;
  • айыл чарба багытында — 15,05 га;
  • айыл чарба багытында — 5,55 га;
  • айыл чарба багытында — 0,96 га;
  • айыл чарба багытында — 1,08 га;
  • айыл чарба багытында — 0,67 га;
  • айыл чарба багытында — 7,43 га;
  • айыл чарба багытында — 1,06 га;
  • айыл чарба багытында — 4,25 га;
  • айыл чарба багытында — 4,24 га;
  • айыл чарба багытында — 1,12 га;
  • айыл чарба багытында — 0,70 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,16 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,32 га;
  • айыл чарба багытында — 0,32 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га.
  • Үй алдындагы бакча — 0,04 га;
  • Үй алдындагы бакча — 0,06 га.

Документте Жээнбековдун жакын туугандары былтыр 6,5 миллион сом киреше тапканы көрсөтүлгөн. Алар 64 чарчы метрлик батирге, Lexus-470 үлгүсүндөгү автоунаага, 12 миллион сомдук бодо малга, 850 миң сомдук жылкыга ээлик кылат. Мындан сырткары, эки өндүрүштүк имараты жана 11 жер тилкеси бир.

Алар төмөнкүлөр:

  • Аянты 1 гектарды түзгөн өндүрүштүк имарат;
  • Аянты 1 гектарды түзгөн өндүрүштүк имарат.

Жер тилкелери:

  • айыл чарба багытында — 3 га;
  • айыл чарба багытында — 5 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 1 га;
  • айыл чарба багытында — 1 га;
  • айыл чарба багытында — 4 га;
  • айыл чарба багытында — 4 га;
  • айыл чарба багытында — 0,6 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 0,6 га.

Эске салсак, Жээнбеков 2017-жылга карата тапшырган декларациясында эки үйдүн (бирөө дача) жана айыл чарбага ылайыкталган төрт жер тилкенин, ошондой эле МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактордун ээси экени жазылган.

Ал эми жакын туугандарынын бир батири, айыл чарбасына ылайыкташкан эки жер тилкеси жана Lexus үлгүсүндөгү автоунаасы болгон.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрель айында премьер-министр кызматына дайындалып, 2017-жылдын октябрь айында президент болуп шайланган. Былтыр октябрь айында элдик толкундоодон кийин тактыны бошотуп кеткен.

19
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, байлык, президент, жер тилкеси, декларация
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков менен анын туугандарынын байлыгы жарыяланды
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды