Логопед-дефектолог Асел Темкеева

Темкеева: кекечтенүү корккондон улам пайда болот

102
Логопед-дефектолог Асел Темкеева көп учурда балдар коркуп калгандан кийин кекечтенип каларын айтты.

Кекечтенүү — сүйлөөнүн бузулушу. Мында сөздүн иреттик ритми бузулуп, аргасыздан токтоп, тыбыш, үн, муундарды кайталап бөлүп айтат. Кекечтенүү сүйлөө булчуңунун калтырашынан, ага кошулган башка булчуңдардын дайыма титирешинен (бут, кол) пайда болот. Бул тууралуу Асел Темкеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Темкеева: кекечтенүү корккондон улам пайда болот

Анын айтымында, ата-энеси узакка алыс жакка кетип куса болгон бала да кекечтенип калышы ыктымал.

"Бизге учурда кекечтенген балдар көп түшүп жатат. Баланын тилинин өнүгүшүнө же бузулушуна үй-бүлөдөгү атмосфера таасир этет. Мисалы, уруш-талаш, ызы-чуу көп болгон үйдүн баласы кекечтенип калышы мүмкүн. Бул учурда психологиялык абал бузулуп, бала туура эмес дем алгандыктан бир сөздү кайра-кайра айтып баштайт. Негизи балдар көп учурда коркуп калгандан кийин кекечтенип калышат. Мисалы, "ит каап, аттан жыгылып түшүп анан ушинтип калды" деген ата-энелер көп. Ошондой кээ бир балдар "с", "ш", "р" тамгаларына тили келбей жатканда шылдыңдашса, ошол тамганы айтарда туура эмес айтып алуудан кооптонуп, такалып, кекечтениши мүмкүн. Кекечтенүү — бул оор диагноз. Мында балдарды невропатологго көрсөтүп, андан соң логопед-дефектологго алып баруу керек. Кекеч балага биринчи кезекте үйдө тынч, туруктуу атмосфера зарыл. Аны менен шашпай, жай баарлашуу талапка ылайык. Бул балдарга мектепте да мугалим маани берип, тапшырма сурарда (өзгөчө доскага чыгарарда) кылдат мамиле кылышы зарыл. Кекеч балага куушмак, жашынмак ойноого болбойт. Ошондой эле аны өз убагында уктатып, телефон, телевизордон алыстатып, дарыгер айткан режимди сактап, бала менен машыгуу керек", — деди Темкеева.

Адис кекечтенүүдөн психотерапия, физиотерапия, көнүгүүлөрдү жасоо менен арылса болорун кошумчалады.

102
Белгилер:
кемтик, логопед, доктор, коркуу
Тема боюнча
Баланын калп айтып жатканын билген ата-эне эмне кылышы керек? Адистин сунушу
Коомдук активист Хабиб Арзыкулов

Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат

29
Коомдук активист Хабиб Арзыкулов ар бир адам кайрымдуулукка катышып, колунан келген жардамын берүүгө дарамети жетерин айтты.

Бүгүн, 30-ноябрда, онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында уюштурулган радиомарафондун маанилүүлүгү чоң. Мындай пикирин Хабиб Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат

Анын айтымында, кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруу боюнча мамлекеттик ачык система болсо жарандар ишенимдүү түрдө жардам бермек.

"Мен кайрымдуулук чөйрөсүндө 15 жылдан бери жүрөм. Өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдүн чечилишинде кайрымдуулук акцияларынын мааниси чоң. Тилекке каршы, мындай маселелердин 40 пайызы кайдыгер карабаган жарандар тарабынан акча чогултулуп чечилет. Демек, бардык проблеманы мамлекет чече албайт. Онкологиялык илдетке чалдыгып калган адамдардын 80 пайызы жарык дүйнө менен кош айтышат. Анткени убагында дартты жеңүү үчүн күрөшпөйт. Адам өмүрү баарынан кымбат болгондуктан мамлекет бул маселеге дыкат көңүл бурушу керек. Оор көйгөйдүн балдар арасында жолугуп жатышына түрдүү себептер бар. Аларга колдоо көрсөтүү максатында колдон келген жардамды беришибиз керек", — деди Арзыкулов.

Ошондой эле адис кайрымдуулук кылган ишкерлерге мамлекет тарабынан жеңилдик берилсе көп социалдык маселелер чечилерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышууда. Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалмакчы.

29
Белгилер:
марафон, акция, онкологиялык оорулар, кайрымдуулук
Тема боюнча
Окумуштуулар түндө байкалчу рактын симптомдорун аныктады
Профайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков

Камчыбеков: полиграф, профайлер боюнча адис жетиштүү, жабдуу тартыш

23
Профайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков коррупцияны ооздуктоодо полиграфтан өтүү аны менен болгон күрөштүн бир бөлүгү гана болушу керектигин айтты.

Калк арасында полиграфты калпты аныктоочу аппарат деп түшүнүшөт. Бул туура эмес, ал болгону адам алдап жатканда коштоочу сезимдердин бар-жогун ачыктап берет. Бул тууралуу Арсланбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Камчыбеков: полиграф, профайлер боюнча адис жетиштүү, жабдуу тартыш

Анын айтымында, полиграфты мамлекеттик кызматкерлерди текшерүү учурунда колдонуу боюнча мыйзам 2010-жылы эле кабыл алынган.

"Полиграф деген грек тилинен түз которгондо "көп нерсени сүрөттөп, чечмелеп берүү" дегенди түшүндүрөт. Ал адам калп айтып жатканын жалганды ээрчиген эмоцияларды аныктоо менен ачыктап берет. Аны колдонууда полиграфологдон көп нерсе көз каранды. Текшерилип жаткан адамга белгиленген суроолор берилет, жооп берип жаткан адамдын ошол убактагы физиологиялык, башкача айтканда, кан басымы, жүрөгүнүн согушу, дем алуунун өзгөчөлүгү, көзгө көрүнбөгөн кыймыл-аракеттеринин баарын компьютер жазып турат. Мына ошолорду өз кесибинин алкагында полиграфолог чечмелеп берет. Профайлинг болсо жабдыксыз, адам тарабынан жасалуучу методика. 1960-жылдары Израилдин атайын кызматы тарабынан иштелип чыккан. Профайлерлер мимикадан, колдун кыймылынан адамдын калп же чын айтып жатканын аныктайт. Профайлинг методу 2016-жылдан тарта "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда коопсуздукту камсыздоо максатында колдонулуп жатат. 190 адис окутуудан өткөн. Андыктан учурда адис эмес, полиграфтык жабдуулар тартыштыгы бар. Өлкөдө бул ыкмаларды кадр маселесинде, коррупцияны жоюуда колдонсо жакшы болмок. Бирок бул негизги аракет эмес, комплекстүү иш-чаралардын бир бутагы болуп калышы шарт", — деди Камчыбеков.

Ал профайлинг жана полиграф кызматы учурда 70тен ашуун мамлекетте кадр маселесинде, банк кызматтарында жана коопсуздукту сактоо үчүн колдонулуп келерин кошумчалады.

23
Белгилер:
Арсланбек Камчыбеков, коопсуздук
Тема боюнча
Камчыбеков: детектор аппараты калпты аныктай албайт
Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова

Кыргызстандагы вакциналар "омикронго" каршы эффективдүүбү? Адистин жообу

11
(жаңыланган 18:58 30.11.2021)
Буга чейин Кыргызстандын министрлер кабинети COVID-19дун "омикрон" деген жаңы штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен шашылыш консультациялык жолугушуу өткөргөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавируска каршы вакциналар "омикрон" деп аталган жаңы штаммга каршы эффективдүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот?" аталышындагы брифингдин катышуучулары билдирди.

Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова Кыргызстанда коронавируска каршы бир нече вакцина бар экенин эске салды.

"Бул препараттардын бардыгы коронавируска каршы эффективдүү жана оорунун оор өтүшүн алдын алат. Бул боюнча көптөгөн маалымат булактары дагы жазып чыкты. Биздин инфекциялык ооруканага вакцина албагандар же препараттын бир эле дозасы менен эмделгендер оор абалда түшүп жатат. "Омикрон" — вирустун жаңы тиби. Бирок биз маалымат булактардан карасак, вакцина алгандар аны менен оорубай турганы боюнча жазылыптыр. Вирус мутация болгон күндө дагы ага каршы иммунитет бар. Профилактика үчүн эмдөөдөн өтүү керек", — деди Искакова.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов бул вирустун жаңы варианты иммундук жооптон "кача алат" деген божомолдор болгону менен вакцинациялоо темпин күчөтүү керек деген ДССУнун сунушун эске салды.

Сотрудник офиса Всемирной организации здравоохранения по чрезвычайным ситуациям в Кыргызстане Акбар Эсенгулов на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова дагы жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Ал ооруну алдын алуунун эң эффективдүү жолу вакцина экенин белгиледи.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын министрлер кабинети COVID-19дун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен шашылыш консультациялык жолугушуу өткөргөн. Вирус ДССУнун коркунуч жараткан тизмесине кирет. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстандын аймагында жайылып кетпеши үчүн чара көрүү тапшырмасы берилген.

11
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирус, жаңы штамм, мутация
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет