Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аманов: Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна Орто Азияда жок көпүрө курулду

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный инженер отдела реализации инвестиционных проектов Минтранспорта Куштарбек Аманов
Дорожный инженер отдела реализации инвестиционных проектов Минтранспорта Куштарбек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Куштарбек Аманов Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы жаңы туннелде саатына 60 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берилерин айтты.
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда курулган заманбап эстакадалык көпүрө Орто Азия ичинде мактанарлык эле долбоор болду десек жаңылышпайм. Мындай пикирин Куштарбек Аманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Аманов: Түндүк — Түштүк альтернативдик жолуна Орто Азияда жок көпүрө курулду
Анын айтымында, такыр жол түшпөгөн участокторго 174 чакырым жол салуу үчүн 200 чакырымдан ашыгыраак техникалык убактылуу жолдор курулган.
"Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна жалпы узундугу 433 чакырым, анын 171 чакырымы эски жолдор бар аймактардан өтөт. Калган бөлүктөрүнө жаңы жолдор, эки көпүрө жана заманбап туннель салуу долбоорлонгон. Курулуш иштери жалпысынан үч фазага бөлүнүп, биринчиси Казарман менен Жалал-Абадды бириктирет, узундугу 125 чакырым. Экинчи фазасы Арал айылы менен Казарманды бириктирген 99 чакырымга созулган эң татаал участок. Бул жерде мурда такыр жол болгон эмес. Үчүнчүсү Дыйкан менен Кызыл-Жылдыз айылдарын бириктирген 24 чакырымдык жол. Мындан сырткары, Эпкин — Дыйкан айылдарын бириктирген 69,7 чакырымдык жана Эпкин менен Балыкчы шаарын байланыштырган 70 чакырымдык жол түшөт. Жалпысынан толук бүтүп, колдонууга 2024-жылы берүү мерчемделген. Иштин жүрүшүнө тоскоол болгон жагдайлар чыкты. Бир четинен пандемиядан улам келип чыккан финансылык кечигүүлөр болсо, экинчиден, космос аркылуу түшүрүлгөн чийимдерди иш жүзүндө долбоорлоодо дал келбей калган учурлар болду. Бул, албетте, бир топ убакытты алат. Ошондой эле туннелди курарда да изилдөө боюнча тешиле турган тоонун катмары катуу деп берилген болчу, бирок аны жардыра келгенде жумшак текке туш болдук. Бул да өз учурунда жумушту татаалдантты. Анткени топурак күбүлбөш үчүн аны атайын эрежелер менен бетондоп, андан соң иш уланат", — деди Аманов.
Инженер туннелди коштоп туурасы төрт, бийиктиги төрт метр болгон штольня (коопсуздукту камсыздоочу техникалык туннель) куруларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0