Транспорт жана жолдор министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов

Калмаматов: Түндүк-Түштүк жолун курууда изилдөөчүлөр жоголгон учурлар болду

208
(жаңыланган 16:19 20.11.2021)
Транспорт жана жолдор министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу эл аралык сапаттарга жооп берерин айтты.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 11,5 тонна жүккө ылайыкташтырылган. Буга чейин курулган өлкөдөгү башка жолдор 10 тоннага гана эсептелген болчу. Бул тууралуу Айбек Калмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Калмаматов: Түндүк — Түштүк жолун курууда изилдөөчүлөр жоголгон учурлар болду

Анын айтымында, аталган жолдун туурасы калктуу пунктуларда төрт тилке, ээн жерлерде эки тилке болуп түшөт.

"Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулуш иштери 2013-жылы эле башталган. Тактап айтканда, изилдөө, космостон карап, чиймесин түшүрүү, долбоорлоо иштери бүткөн соң эки жылдан кийин курулушуна кезек келген. Ошол изилдөө учурунда бир топ кыйынчылыктарга туш болгонбуз. Такыр жол жок участоктор түйшүк жараткан. Эки изилдөөчүбүздү жоготуп алып, бирөөсүнүн буту сынган абалда эки суткадан соң тапканбыз. Мына ушундай мээнет менен курулуп жаткан жолдун сапаты жогору деп айта алабыз. Анткени анда Россия, Казакстанда көп жылдан бери колдонулуп, өзүнүн сапат жагынан мыктылыгын далилдеген материалдар иштетилүүдө. Атап айтканда, асфальттын үстүңкү бети ЩМА деп коёт (щебёночно-мастичный асфальтобетон), өлкөдө ушул жолдо алгачкы ирет колдонулуп жатат. Сапаттуулугунун мындан 5-6 жыл мурда курулуп, элге колдонууга берилген жолдун Чаектеги бөлүгүнөн да байкасаңыздар болот. Ошондон бери иштетилип жатса да жарака кетпей, чийиндери да сакталуу бойдон турат", — деди Калмаматов.

Инженер учурда курулуш иштери белгиленген убакыттан кеч калбай жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

208
Белгилер:
жол, курулуш, долбоор, Айбек Калмаматов
Тема боюнча
Аманов: Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна Орто Азияда жок көпүрө курулду
Коомдук активист Хабиб Арзыкулов

Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат

45
Коомдук активист Хабиб Арзыкулов ар бир адам кайрымдуулукка катышып, колунан келген жардамын берүүгө дарамети жетерин айтты.

Бүгүн, 30-ноябрда, онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында уюштурулган радиомарафондун маанилүүлүгү чоң. Мындай пикирин Хабиб Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат

Анын айтымында, кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруу боюнча мамлекеттик ачык система болсо жарандар ишенимдүү түрдө жардам бермек.

"Мен кайрымдуулук чөйрөсүндө 15 жылдан бери жүрөм. Өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдүн чечилишинде кайрымдуулук акцияларынын мааниси чоң. Тилекке каршы, мындай маселелердин 40 пайызы кайдыгер карабаган жарандар тарабынан акча чогултулуп чечилет. Демек, бардык проблеманы мамлекет чече албайт. Онкологиялык илдетке чалдыгып калган адамдардын 80 пайызы жарык дүйнө менен кош айтышат. Анткени убагында дартты жеңүү үчүн күрөшпөйт. Адам өмүрү баарынан кымбат болгондуктан мамлекет бул маселеге дыкат көңүл бурушу керек. Оор көйгөйдүн балдар арасында жолугуп жатышына түрдүү себептер бар. Аларга колдоо көрсөтүү максатында колдон келген жардамды беришибиз керек", — деди Арзыкулов.

Ошондой эле адис кайрымдуулук кылган ишкерлерге мамлекет тарабынан жеңилдик берилсе көп социалдык маселелер чечилерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышууда. Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалмакчы.

45
Белгилер:
марафон, акция, онкологиялык оорулар, кайрымдуулук
Тема боюнча
Окумуштуулар түндө байкалчу рактын симптомдорун аныктады
Профайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков

Камчыбеков: полиграф, профайлер боюнча адис жетиштүү, жабдуу тартыш

56
Профайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков коррупцияны ооздуктоодо полиграфтан өтүү аны менен болгон күрөштүн бир бөлүгү гана болушу керектигин айтты.

Калк арасында полиграфты калпты аныктоочу аппарат деп түшүнүшөт. Бул туура эмес, ал болгону адам алдап жатканда коштоочу сезимдердин бар-жогун ачыктап берет. Бул тууралуу Арсланбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Камчыбеков: полиграф, профайлер боюнча адис жетиштүү, жабдуу тартыш

Анын айтымында, полиграфты мамлекеттик кызматкерлерди текшерүү учурунда колдонуу боюнча мыйзам 2010-жылы эле кабыл алынган.

"Полиграф деген грек тилинен түз которгондо "көп нерсени сүрөттөп, чечмелеп берүү" дегенди түшүндүрөт. Ал адам калп айтып жатканын жалганды ээрчиген эмоцияларды аныктоо менен ачыктап берет. Аны колдонууда полиграфологдон көп нерсе көз каранды. Текшерилип жаткан адамга белгиленген суроолор берилет, жооп берип жаткан адамдын ошол убактагы физиологиялык, башкача айтканда, кан басымы, жүрөгүнүн согушу, дем алуунун өзгөчөлүгү, көзгө көрүнбөгөн кыймыл-аракеттеринин баарын компьютер жазып турат. Мына ошолорду өз кесибинин алкагында полиграфолог чечмелеп берет. Профайлинг болсо жабдыксыз, адам тарабынан жасалуучу методика. 1960-жылдары Израилдин атайын кызматы тарабынан иштелип чыккан. Профайлерлер мимикадан, колдун кыймылынан адамдын калп же чын айтып жатканын аныктайт. Профайлинг методу 2016-жылдан тарта "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда коопсуздукту камсыздоо максатында колдонулуп жатат. 190 адис окутуудан өткөн. Андыктан учурда адис эмес, полиграфтык жабдуулар тартыштыгы бар. Өлкөдө бул ыкмаларды кадр маселесинде, коррупцияны жоюуда колдонсо жакшы болмок. Бирок бул негизги аракет эмес, комплекстүү иш-чаралардын бир бутагы болуп калышы шарт", — деди Камчыбеков.

Ал профайлинг жана полиграф кызматы учурда 70тен ашуун мамлекетте кадр маселесинде, банк кызматтарында жана коопсуздукту сактоо үчүн колдонулуп келерин кошумчалады.

56
Белгилер:
Арсланбек Камчыбеков, коопсуздук
Тема боюнча
Камчыбеков: детектор аппараты калпты аныктай албайт
Сахнадагы кыз. Архив

Балага эл алдында сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүү керекпи? Психологдун пикири

0
Адис эч качан баланы кыйнап, бирөөлөрдүн алдында ырдатып-бийлетпеш керектигин айтат. Андан көрө өз эрки менен өнөрүн көрсөткөн учурда мактап, көңүлүн көтөрүп коюу зарыл.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Балага кичине кезинен баштап эл алдына чыгып сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып Россиянын билим берүү тармагындагы психологдор федерациясынын мүчөсү, педагог-психолог Юлия Челышева айтты.

Алгач адис балага эл алдына чыгып сүйлөөнүн кандай пайдасы бар экенин түшүндүрдү.

"Сүйлөп жаткан адам ар дайым жалгыз болот. Аны угуп жаткандардын бардыгы ага карама-каршы турат. Ошол кезде бала канчалык өзүнө ишенип, жакшы сезсе, кийин ошончолук төгөрөгү төп келген адам болуп чоңоёт. Ал эми айтаар сөзүн таппай калган, уялчаак болуп чоңойгон кишини кийин оңдоо өтө татаал", — деди Челышева.

Ошондой эле ал балага публика алдында сүйлөөнү кантип үйрөтсө болорун айтып берди.

"Эч качан наристени кыйнап, коноктордун көзүнчө ырдатып, бийлетпеш керек. Анткени адам көпчүлүк учурда бирөөнүн баасынан коркот, өзүнө жакпаган сөз угуп калса чүнчүйт. Андан көрө үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында сүйлөп, жакшы өнөрүн көрсөткөндө мактап, жакшы сөздөрдү айтып коюу зарыл", — деди психолог.

Адис сөзүнүн аягында бала уялчаак болсо, аны алгач жалгыз киши эмес, топ-топ болуп иштеген спорттук же башка ийримдерге катыштырган жакшы экенин айтат. Анткени ал жалгыз эмес, артында командасы бар экенин билгенде акырындык менен өзүнө болгон ишеними бекемдей баштайт.

0
Белгилер:
бала, психология, комплекс, уялчаактык, публика, сүрдөө
Тема боюнча
Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши
Бала татуировка жасатып, чачын жашылга боёйм десе эмне кылуу керек. Адистин кеңеши