Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Юрист: мыйзамдарды жарандарга комикстер аркылуу түшүндүрүү колго алынды

61
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров калкка мыйзамдарды жеткиликтүү кылган долбоор ишке ашып жатканын маалымдады.

Жаштарга мыйзамдарды комикстер аркылуу түшүндүрүү колго алынууда. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Юрист: мыйзамдарды жарандарга комикстер аркылуу түшүндүрүү колго алынды

Анын айтымында, мыйзамдар юридикалык татаал тил менен жазылгандыктан көптөр түшүнбөйт.

"Коомчулукта мыйзамдардын иштебей жатканы айтылып келет. Мунун себеби көп. Алардын бири — мыйзамдар юридикалык татаал тил менен жазылат. Натыйжада карапайым калкка түшүнүксүз болуп калууда. Ошондуктан ушул жылдын май айынан бери аларды калкка жеткиликтүү кылуу боюнча атайын долбоор иштеп жатат. Анын алкагында 60ка чукул юрист сынак аркылуу кабыл алынып, мыйзамдарды жазуу процесси үйрөтүлдү. Андан тышкары, учурдагы мыйзамдарды талдоого алып, кемчиликтерди жоюп, жакшыртууга салым кошушууда. Долбоордун өзгөчөлүгү мыйзамдарды жөнөкөй тил менен түшүндүрүү. Ал үчүн социалдык тармактардан жаштарга комикстер аркылуу мыйзамдарды жеткирүү аракети көрүлдү. Натыйжада жаштар, жарандар өз пикирлерин жаза баштады. Учурда кабыл алынып жаткан мыйзамдарды жөнөкөй кылып жеткирүүгө мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрү жетпейт", — деди Бакиров.

Юрист мыйзам жазууда элдин көпчүлүгүнүн пикири эске алынбаса, анын иштеп кетишине кепилдик жок экенин кошумчалады.

61
Белгилер:
Артур Бакиров, мыйзам, калк, Комикс
Тема боюнча
Юрист: бала 18ге толгондо ата-эне бардык укук, милдеттен бошотулат
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

20
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков келечекте ири марафондук жарыштарга катышуу ниети бар экендигин айтты.

Токио Олимпиадасы спорттук карьерамдагы эң чоң тажрыйба берген мелдеш болду. Мындай пикирин Нурсултан Кеңешбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

Анын айтымында, кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта Олимпиададан медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Жеңил атлетика менен 2017-жылдан тарта алектене баштагам. Олимпиадага катышуу үчүн төрт жыл кызуу машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап көрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир Алматы шаарында өтүп, 1 500 метрлик аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайлардын жыйынтыгы менен ири спорттук иш-чарага катыштым. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору болгондуктан атаандаштык курч болду. Жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасында болуп, көп нерсе үйрөнө алдым. Бирок кыска жана орто аралыкка чуркоодо атаандаштык бийик болгону үчүн медаль утуу оор экен. Андыктан марафондук жарышта күчүмдү сынап көргүм келет", — деди Кеңешбеков.

Ошондой эле жөө күлүк Ысык-Көлдө заманбап машыгуу базасы курулса спортчулардын эл аралык мелдештерден ийгилик жаратуусуна шарт түзүлө тургандыгын кошумчалады.

20
Белгилер:
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика, олимпиада
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Эколог Гамал Сооронкулов

Соронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

58
(жаңыланган 11:23 06.12.2021)
Эколог Гамал Соронкулов Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч турарын айтты.

Eco-map долбоорунун алкагында аймактык координаторлор экологиялык көйгөйлөрдү чогултат. Фото, видеодокументациялар, окуянын тексттик сыпаттамасы, ошондой эле географиялык координаттар картага жайгаштырылат. Эко-картада таштандылар, абанын, суунун, жер кыртышынын булганышы, токойлорду кыюу, кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик), мыйзамсыз балык уулоо, радиация жана ядрохимикаттар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

Анын айтымында, учурда экологиялык картада 500дөн ашык чекит белгиленген.

"Eco-map долбоору — бул Кыргызстандын экологиялык картасы. Борбор Азия боюнча мындай долбоор жок. Влад Ушаков деген атактуу фотожурналист менен ишти баштаганыбызга бир жылдан ашты. Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр өтө көп. Мына ошонун баарын географиялык картага түшүрүп, маселе тууралуу элге, тиешелүү органдарга жеткиликтүү маалымат берүү максатын көздөйбүз. Учурда аталган картада 500дөн ашык чекит белгиленген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн Каркырасынан баштап, Баткендин Лейлегине чейин жеттик. Бирок Ош облусу, Талас, Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнү жана Нарын жергесинин түштүк аймагындагы көйгөйлөр толук изилдене элек. Мен ушунча жылдан бери экология тармагында эмгектенип жүрсөм дагы өлкөдөгү көйгөйлөр мага да жаңылык болду. Алсак, Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч экен. Билишимче, өлкө аймагында 1 930дай айыл болсо, тилекке каршы, бардыгында талапка жооп берген полигон (таштанды сактоочу жай) жок. Ал жер курчалбагандыктан мал да жайылып жүрө берет. Болуптур, чоң көйгөйдү чече албайт экенбиз, бирок ар бир айыл өкмөтүнүн бюджети таштанды таштоочу жай уюштуруп, ал жерди курчап коюуга кудурети жетет эле", — деди Соронкулов.

Эколог Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр менен ecomap.kg сайтынан таанышып ар бир жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүп баштоосу зарыл экенин кошумчалады.

58
Белгилер:
Кыргызстан, экология, таштанды, маселе, айыл, полигон
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Аткаминер. Архив

Жогорку Кеңештин эң бай алты депутаты. Тизме

0
(жаңыланган 18:45 06.12.2021)
Материалда жылдык кирешеси 10 миллион сомдон ашкан депутаттар көрсөтүлгөн. Алардын сап башында Азамат Арапбаев турат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.

Sputnik Кыргызстан эң көп киреше тапкан алты эл өкүлүнүн декларациясын карап көрдү. Белгилей кетсек, материалда учурдагы статусуна карабай былтыр депутат болуп тургандар көрсөтүлдү.

Рейтинг боюнча Азамат Арапбаев депутаттардын эң байы аталды. Ал өткөн жылы 54,4 миллион сом киреше чогулткан.

Депутат ЖК 6 созыва Азамат Арапбаев от фракции СДПК. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Депутат Азамат Арапбаев

Экинчи орунда экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун (азыр Даниил Урицкий деген ат менен белгилүү) мурдагы жубайы Динара Исаева турат. Ал 28,8 миллион сом тапкан.

Рабочий визит премьер-министра РФ В.Путина на Украину. 20 ноября
© Sputnik / Алексей Никольский
Экс-премьер-министр Данияр Үсөнов

Үчүнчү сапка илинген Исхак Пирматовдун жылдык кирешеси 16,8 миллион сомду түзөт.

Депутат ЖК 6 созыва Исхак Пирматов от партии Бир Бол. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Депутат Исхак Пирматов

Ал эми Салайдин Айдаров 16 миллион сомго чукул каражаты менен төртүнчү орунду ээледи.

Депутат от фракции Кыргызстан Салайдин Айдаров во время заседания в Жогорку Кенеше
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Депутат Салайдин Айдаров

Бешинчи орунда турган Орозбек Алыбаевдин былтыр 12,5 миллион сом иштеп тапканы белгилүү болду.

Депутат ЖК Орозбек Алыбаев на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
Депутат Орозбек Алыбаев

Иса Өмүркуловдун кирешеси дагы 12,5 миллион сомго чукулдап, алтынчы орунга чыкты.

Мындан башка депутаттардын бир жылда иштеп тапкан акчасы 10 миллион сомго жеткен эмес.

0
Белгилер:
Азамат Арапбаев, депутат, киреше, байлык
Тема боюнча
Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган
Кирешесинен чыгашасы көп. Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар