Медицина илимдеринин кандидаты, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев

Сооронбаев: өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусунун биринчи себеби тамеки чегүү

63
Медицина илимдеринин кандидаты, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусунан улам жабыркаган өпкө кайра калыбына келбей турганын айтты.

Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу дүйнө жүзү боюнча адамдардын өмүрүн алган оорулардын ичинен үчүнчү орунда турат. Аталган илдеттен жылына 3 миллиондон ашык адам көз жумат. Анын пайда болушунун негизги тобокелдик факторлору болуп тамеки чегүү, абанын булганышы, жумуш ордундагы чаң жана химиялык заттар болуп саналат. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронбаев: өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусунун биринчи себеби тамеки чегүү

Анын айтымында, дем алуунун кыйындашы 15-20 жылдын ичинде пайда болот.

"Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу (ӨӨБО) узак убакытта пайда болот. Мында өпкөнүн аба кирүүчү түтүкчөлөрү сезгенип, ичкерип, организмге кычкылтек аз кирет. Өпкөдөгү кычкылтекти канга кетирип, көмүр кычкыл газын кайра сыртка чыгарган назик бөлүкчөлөрү да жабыркайт. Эң жаманы, жабыркаган өпкөнү кайра толук калыбына келтирүүгө болбойт. Анткени анатомиялык өзгөрүүлөргө дуушар болот. Эгерде бейтап туура жана өз убагында дарыланбаса, оору билинбей жылдан-жылга күчөй берет. Жыйынтыгында өпкөнүн кемтиги пайда болот. Мында газ алмашуу функциясы бузулуп, сатурация төмөндөп, кычкылтек жетпей адам кислородго муктаж болуп калат. Мындайча айтканда, бейтап төшөккө байланат. Адамда бир эле учурда бронхит жана өпкө тканынын бузулушу же эмфизема (өпкөнүн көбүшү) пайда болот. ӨӨБО абадагы коркунучтуу бөлүкчөлөр, газ менен дем алуудан келип чыгат. Бул зыяндуу заттардын көбү тамеки түтүнүндө, ошондой эле булганган абада, кооптуу өндүрүштө кездешет. Андыктан биздин мамлекетте коомдук жайларда тамеки чегүүгө чектөө киргизгени, ичимдик, тамекинин мектептерден 100 метр алыстыкта сатылышы жакшы демилге. Андан тышкары, кыргызстандыктарды насвай чегүүдөн да алыс болууга чакырам. Себеби ал абдан жаман ооруларды пайда кылат", — деди Сооронбаев.

Адис өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусун сасык тумоо жана коронавирус өңдүү илдеттер да пайда кыларын кошумчалады.

63
Белгилер:
Талант Сооронбаев, өнөкөт оору, өпкө, оору, статистика, алдын алуу
Тема боюнча
Электрондук тамеки менен кальяндын салыгы 10 эсе жогорулайт. Жаңы кодекс
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

20
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков келечекте ири марафондук жарыштарга катышуу ниети бар экендигин айтты.

Токио Олимпиадасы спорттук карьерамдагы эң чоң тажрыйба берген мелдеш болду. Мындай пикирин Нурсултан Кеңешбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

Анын айтымында, кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта Олимпиададан медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Жеңил атлетика менен 2017-жылдан тарта алектене баштагам. Олимпиадага катышуу үчүн төрт жыл кызуу машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап көрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир Алматы шаарында өтүп, 1 500 метрлик аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайлардын жыйынтыгы менен ири спорттук иш-чарага катыштым. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору болгондуктан атаандаштык курч болду. Жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасында болуп, көп нерсе үйрөнө алдым. Бирок кыска жана орто аралыкка чуркоодо атаандаштык бийик болгону үчүн медаль утуу оор экен. Андыктан марафондук жарышта күчүмдү сынап көргүм келет", — деди Кеңешбеков.

Ошондой эле жөө күлүк Ысык-Көлдө заманбап машыгуу базасы курулса спортчулардын эл аралык мелдештерден ийгилик жаратуусуна шарт түзүлө тургандыгын кошумчалады.

20
Белгилер:
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика, олимпиада
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Эколог Гамал Сооронкулов

Соронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

51
(жаңыланган 11:23 06.12.2021)
Эколог Гамал Соронкулов Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч турарын айтты.

Eco-map долбоорунун алкагында аймактык координаторлор экологиялык көйгөйлөрдү чогултат. Фото, видеодокументациялар, окуянын тексттик сыпаттамасы, ошондой эле географиялык координаттар картага жайгаштырылат. Эко-картада таштандылар, абанын, суунун, жер кыртышынын булганышы, токойлорду кыюу, кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик), мыйзамсыз балык уулоо, радиация жана ядрохимикаттар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

Анын айтымында, учурда экологиялык картада 500дөн ашык чекит белгиленген.

"Eco-map долбоору — бул Кыргызстандын экологиялык картасы. Борбор Азия боюнча мындай долбоор жок. Влад Ушаков деген атактуу фотожурналист менен ишти баштаганыбызга бир жылдан ашты. Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр өтө көп. Мына ошонун баарын географиялык картага түшүрүп, маселе тууралуу элге, тиешелүү органдарга жеткиликтүү маалымат берүү максатын көздөйбүз. Учурда аталган картада 500дөн ашык чекит белгиленген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн Каркырасынан баштап, Баткендин Лейлегине чейин жеттик. Бирок Ош облусу, Талас, Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнү жана Нарын жергесинин түштүк аймагындагы көйгөйлөр толук изилдене элек. Мен ушунча жылдан бери экология тармагында эмгектенип жүрсөм дагы өлкөдөгү көйгөйлөр мага да жаңылык болду. Алсак, Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч экен. Билишимче, өлкө аймагында 1 930дай айыл болсо, тилекке каршы, бардыгында талапка жооп берген полигон (таштанды сактоочу жай) жок. Ал жер курчалбагандыктан мал да жайылып жүрө берет. Болуптур, чоң көйгөйдү чече албайт экенбиз, бирок ар бир айыл өкмөтүнүн бюджети таштанды таштоочу жай уюштуруп, ал жерди курчап коюуга кудурети жетет эле", — деди Соронкулов.

Эколог Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр менен ecomap.kg сайтынан таанышып ар бир жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүп баштоосу зарыл экенин кошумчалады.

51
Белгилер:
Кыргызстан, экология, таштанды, маселе, айыл, полигон
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Дело № папкасы менен киши. Архив

Ысык-Ата шайлоо округунан алдыга чыккан талапкерге иш козголду

31
(жаңыланган 18:12 06.12.2021)
Социалдык тармакка Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган. УКМК билдиргендей, анда кылмыштын белгилери бар.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер А.Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган.

"Бул чагымчыл видеодо талапкердин коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу") каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Т. аттуу талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга кайрылуу жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, талапкердин аракеттерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо А.Т. элдин көпчүлүк добушун алып, биринчи сапка чыккан.

31
Белгилер:
Ысык-Ата, кылмыш, улут, кастык, УКМК
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
УКМКга барган Келдибеков шайлоо таза өткөнүнө ынанганын билдирди. Видео
УКМК добуштар чуусу боюнча: АСУ туура иштеген, ката сайттан кеткен