Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, академик Сыртбай Мусаев

Мусаев: "Кыргыз жараны" концепциясында кыргыз тили бириктирүүчү болушу шарт

56
Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, академик Сыртбай Мусаев "Кыргыз жараны" концепциясындагы мамлекеттик тилдин ордуна токтолду.

Концепциянын "Кыргыз жараны" деген аталышында кемчилик жок. Биздин өлкө Кыргыз Республикасы деп аталат. Андыктан бул кыргызстандык дегенди эле түшүндүрөт. Эгер кыргызстандык жаран же кыргыз мамлекетинин жараны десек "менин автобиографиям" дегендей эле катачылык кетет. Анткени автобиографиям болот же менин биографиям деп айтылат. Бул тууралуу Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: "Кыргыз жараны" концепциясында кыргыз тили бириктирүүчү болушу шарт

Анын айтымында, аталган концепциянын максатын туура эмес түшүнгөндөр да кездешүүдө.

"Кыргыз жараны" концепциясы көп улуттуу, эгемен мамлекетти түзүүнү көздөйт. Анда башка этностун өкүлүн кыйнап кыргыз кылуу саясаты жок, минтип ойлогондор жаңылышат. Ар бир этнос өзүнүн баалуулуктары, тили, дили, дини менен кала берет. Болгону саясий, эл аралык деңгээлде кыргызстандык же болбосо кыргыз жараны деген түшүнүктө бир туунун алдына биригет. Америкалыктар же Щвейцария, бельгиялыктар деле ушундай саясатта жашап жатышпайбы. Мисалы, америкалыкмын деп аташат го өздөрүн. Италия улутундагы америкалык же башка этноско тиешелүү, бирок ошол мамлекеттин жараны дегенди билдирет. Эмнеге кыргыз тили концепцияны ишке ашырууда маанилүү бир бутак катары каралган. Бул улутчулдук көз караштан эмес, мамлекеттик тил ошол көп улуттарды бириктирүүчү негизги күч болушу керек. Муну өлкөнүн ар бир жараны туюп, билип, ал эми мамлекет тиешелүү аракеттерди көрүшү зарыл", — деди Мусаев.

Академик концепцияны ишке ашырууда аны түшүндүрүү иштерине олуттуу мамиле жасоо керектигин кошумчалады.

56
Белгилер:
кыргыз, жаран, Сыртбай Мусаев, мамлекеттик тил
Тема боюнча
Мусаев: ар бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билиши шарт
Генералдык прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору Сирожиддин Камолидинов

Камолидинов: иштеп жаткан кодекстердин кемчилиги көп болчу

5
Генералдык прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору Сирожиддин Камолидинов жаңы кодекстерди жазуу муктаждыгы эмнеден келип чыкканын айтып берди.

Иштеп жаткан кодекстердин башында эле кемчиликтери байкалган. Ага киргизиле турган өзгөртүү, толуктоолор 30 пайыздан ашкандыктан жаңы кодекстерди жазуу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Сирожиддин Камолидинов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Камолидинов: иштеп жаткан кодекстердин кемчилиги көп болчу

Анын айтымында, мындан улам арыздар көбөйүп, статистика начарлап кеткен.

"2012-жылы мурдагы президент соттук-укуктук реформаны жүргүзүүнү жарыялаган. Анын алкагында кодекстерди жазуу үчүн жумушчу топтор түзүлүп, 2017-жылы беш кодекс кабыл алынып, 2019-жылдан тарта иштеп баштады. Ал кодекстер жазылганда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, бирок иштей келгенде кемчиликтери чыга баштады. Аларды четтетүү натыйжа берген жок. Мындан улам укук коргоо органдарынын, коомчулуктун өкүлдөрү, эксперттердин катышуусунда жыйын болду. Кодекстерге киргизиле турган толуктоо жана өзгөртүүлөр 30 пайыздан жогору болгондуктан жаңы кодекстерди жазып чыгуу чечими кабыл алынды. Иштеп чыгуу ачык жазылып, ким кааласа пикирин кошумчалап турду. Аны жазууда адам укуктарын камсыздоо негизги талап болду. Ошондой эле ар кайсы укук коргоо органдары өз көмөчүнө күл тартпашы керектиги белгиленди. Жазылып бүткөн соң долбоор Жогорку Кеңештин жана Башкы прокуратуранын сайтында коомдук талкуу үчүн бир ай илинди. Андан кийин парламенттин комитетинде жана жалпы жыйынында талкууга алынып, кошумча-алымча жасалды. Ошол учурда "депутаттарды тергөө аракети Жогорку Кеңештин көпчүлүгүнүн макулдугу менен жүргүзүлсүн" деген норма киргизилген. Ошондой эле Жогорку Кеңеш макулдук бергенге чейин тергөө иштерин токтотуп туруу сунушталган. Бул Конституцияга каршы келип калгандыктан президент кодекстерди кайра кайтарып берди. Депутаттар туура кабыл алып, ал нормалар алып салынды. 16-ноябрда расмий жарыяланды. 2-декабрдан тарта иштеп баштайт", — деди Камолидинов.

Ошондой эле ал аракеттеги кодекстер иштеп баштаганда эле 100дөн ашуун өзгөртүү, толуктоо киргенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

5
Белгилер:
Сирожиддин Камолидинов, мыйзам, укук, тергөө
Тема боюнча
Жумабекова: учурда иштеп жаткан кодекстер өлкө үчүн укуктук диверсия болгон
Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун директору, академик Чолпонкул Арабаев

Арабаев: шайлоонун жыйынтыгы боюнча талаштарга кол менен саноо чекит коет

98
(жаңыланган 14:01 29.11.2021)
Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун директору, академик Чолпонкул Арабаев шайлоо салыштырмалуу таза өткөнүн белгиледи.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча талаштарга кол менен саноо чекит коюшу керек. Мындай пикирин Чолпонкул Арабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Арабаев: шайлоонун жыйынтыгы боюнча талаштарга кол менен саноо чекит коет

Анын айтымында, шек жараткан участкаларда кол менен саноого байкоочулар, партиялардын өкүлдөрү катышуусу зарыл.

"Шайлоонун табияты ушундай болот экен. Кандай гана болбосун, натыйжасы талаш жаратып келет. Соңку учурда бул өнөктүк көйгөй жараткан процесске айланып бара жаткандай түр калтырат. Анткен менен кечээки шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу таза өттү десек болот. Себеби административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюлуп, татыктууларды тандоого мүмкүндүк жаралды. Ошентсе дагы мандатка жетпей калган партиянын өкүлдөрү ар кандай чакырыктарды жасап, пикир билдирүүдө. Негизи шайлоодон жеңгенди да, татыктуу жеңилгенди дагы билиш керек. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам алдын ала жыйынтыгы талаш жаратууда. Муну чечүүнүн жалгыз жолу — кол менен саноо. Партиялардын жана бир мандаттуу округдан катышкан талапкерлердин өкүлдөрү шайлоо участкаларында отурду. Ошолордун катышуусу менен бардык бюллетендерди кол менен саноо зарыл. Ошондо гана шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча талаштарга чекит коюлушу керек", — деди Арабаев.

Ошондой эле ал саясатчылардын билдирүүлөрү коомдо ажырым жаратпашы керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

98
Белгилер:
Чолпонкул Арабаев, шайлоо, саясат, жыйынтык
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
БШК добуштарды кол менен эсептей баштады
Франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет Алтын топ сыйлыгын алды

Рекорд! Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгына татыды

0
(жаңыланган 10:08 30.11.2021)
Акыркы 10 жылда футболдо Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын алды.

Бул - футбол тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Буга чейин бир да оюнчу футболдогу эң престиждүү сыйлыкка жети жолу татыган эмес.

Европадагы эң мыкты футболчуга берилүүчү "Алтын топту" тапшыруу аземи Париждеги "Шатле" театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен экинчи орунду "Бавария" клубунун польшалык оюнчусу Роберт Левандовский ээледи. "Челси" жана Италия курама командасынын футболчусу Жоржиньо үчүнчүгө илинди.

Акыркы 10 жылда Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

Месси акыркы сезондо Испаниянын "Барселона" командасынын сабында жана Аргентина курамасы менен 47 оюнга чыгып, 38 гол киргизген. Июль айында Америка кубогу мелдешинде чемпион болгон. Бул анын улуттук команда менен уткан экинчи ири мелдеши. 2008-жылы футболчу олимпиада чемпиону болгон.

Жайында Месси каталондук клубдан кетип, франциялык ПСЖ командасынын сабына кошулган.

Аргентиналык оюнчу "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019-жылдары алган. 2020-жылы пандемияга байланыштуу айрым өлкөлөрдө чемпионаттар аягына чейин ойнолбогондуктан бул абройлуу сыйлык берилбей калган эле.

Месси бул жарышта сыйлыкка төрт ирет удаасы менен татыган, эң көп: алты жана жети жолу уткан уникалдуу рекорддору менен өзгөчөлөнөт.

"Алтын топ" сыйлыгы 1956-жылы France Football журналы тарабынан Европанын эң мыкты футболчусуна берилүүчү сыйлык катары негизделген (спорттук журналисттердин пикиринин негизинде).

2010-жылы ФИФА менен France Football "Алтын топ" жана "ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу" сыйлыктары бириктирилип бериле баштаган. Мында жеңүүчү клубдардын капитандары жана улуттук командалардын машыктыруучуларынын добуш берүүсү менен аныкталган.

2016-жылдын сентябрь айында France Football аталган сыйлыкты өз алдынча бере баштаганын жар салган болчу.

0
Белгилер:
Лионель Месси, Алтын топ, сыйлык, футбол
Тема боюнча
Месси Пеледен ашып өтүп Түштүк Америка континентинин бомбардири болду
Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу