Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаева. Архив

Бекбаева: эми Мамлекеттик ипотекалык компания өзү турак жай салат

70
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаева кийинки жылдан тарта сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага алуу механизмин ишке ашырууга басым жасаларын айтты.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2022-жылдан тарта чет өлкөлүк донорлордун жана бюджеттен бөлүнгөн каржатка турак жай куруу ишин баштайт. Мындай маалыматты Жылдыз Бекбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, компания турак жай фондун өнүктүргөндө рынокто таасирдүү боло алат.

"Жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу үчүн альтернативдик булактар каралып жатат. Алсак, 2022-жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компания өзү курулуш иштерин баштайт. Белгилүү болгондой, экинчи рыноктогу үйлөрдүн көбү советтик мезгилде курулгандыктан алардын эскилиги жете баштады. Ошондуктан бюджеттен жана донорлордун акчасына турак жай куруу ишин баштап, курулуш тармагына да салым кошуу аракети көрүлүүдө. Учурда курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жарандарга даяр үй куруу маселеси каралып жатат. Аларды ижарага берип, мөөнөтү бүткөн соң сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралган", — деди Бекбаева.

Ошондой эле адис Мамлекеттик ипотекалык компания турак жайды Бишкек, Ош шаарларында гана эмес, өлкөнүн аймактарында да кура тургандыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

70
Белгилер:
Жылдыз Бекбаева, Мамлекеттик ипотекалык компания, насыя, турак-жай
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (71)
Тема боюнча
Мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтылат. Жол-жобосу
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

22
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков келечекте ири марафондук жарыштарга катышуу ниети бар экендигин айтты.

Токио Олимпиадасы спорттук карьерамдагы эң чоң тажрыйба берген мелдеш болду. Мындай пикирин Нурсултан Кеңешбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

Анын айтымында, кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта Олимпиададан медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Жеңил атлетика менен 2017-жылдан тарта алектене баштагам. Олимпиадага катышуу үчүн төрт жыл кызуу машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап көрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир Алматы шаарында өтүп, 1 500 метрлик аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайлардын жыйынтыгы менен ири спорттук иш-чарага катыштым. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору болгондуктан атаандаштык курч болду. Жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасында болуп, көп нерсе үйрөнө алдым. Бирок кыска жана орто аралыкка чуркоодо атаандаштык бийик болгону үчүн медаль утуу оор экен. Андыктан марафондук жарышта күчүмдү сынап көргүм келет", — деди Кеңешбеков.

Ошондой эле жөө күлүк Ысык-Көлдө заманбап машыгуу базасы курулса спортчулардын эл аралык мелдештерден ийгилик жаратуусуна шарт түзүлө тургандыгын кошумчалады.

22
Белгилер:
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика, олимпиада
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Эколог Гамал Сооронкулов

Соронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

85
(жаңыланган 11:23 06.12.2021)
Эколог Гамал Соронкулов Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч турарын айтты.

Eco-map долбоорунун алкагында аймактык координаторлор экологиялык көйгөйлөрдү чогултат. Фото, видеодокументациялар, окуянын тексттик сыпаттамасы, ошондой эле географиялык координаттар картага жайгаштырылат. Эко-картада таштандылар, абанын, суунун, жер кыртышынын булганышы, токойлорду кыюу, кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик), мыйзамсыз балык уулоо, радиация жана ядрохимикаттар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

Анын айтымында, учурда экологиялык картада 500дөн ашык чекит белгиленген.

"Eco-map долбоору — бул Кыргызстандын экологиялык картасы. Борбор Азия боюнча мындай долбоор жок. Влад Ушаков деген атактуу фотожурналист менен ишти баштаганыбызга бир жылдан ашты. Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр өтө көп. Мына ошонун баарын географиялык картага түшүрүп, маселе тууралуу элге, тиешелүү органдарга жеткиликтүү маалымат берүү максатын көздөйбүз. Учурда аталган картада 500дөн ашык чекит белгиленген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн Каркырасынан баштап, Баткендин Лейлегине чейин жеттик. Бирок Ош облусу, Талас, Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнү жана Нарын жергесинин түштүк аймагындагы көйгөйлөр толук изилдене элек. Мен ушунча жылдан бери экология тармагында эмгектенип жүрсөм дагы өлкөдөгү көйгөйлөр мага да жаңылык болду. Алсак, Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч экен. Билишимче, өлкө аймагында 1 930дай айыл болсо, тилекке каршы, бардыгында талапка жооп берген полигон (таштанды сактоочу жай) жок. Ал жер курчалбагандыктан мал да жайылып жүрө берет. Болуптур, чоң көйгөйдү чече албайт экенбиз, бирок ар бир айыл өкмөтүнүн бюджети таштанды таштоочу жай уюштуруп, ал жерди курчап коюуга кудурети жетет эле", — деди Соронкулов.

Эколог Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр менен ecomap.kg сайтынан таанышып ар бир жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүп баштоосу зарыл экенин кошумчалады.

85
Белгилер:
Кыргызстан, экология, таштанды, маселе, айыл, полигон
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архивдик сүрөт

Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?

16
Эртең, 7-декабрда, Россия жана АКШ президенттери видеобайланыш аркылуу сүйлөшөт. Аны утурлай таасирдүү Atlantic Council аналитикалык борбору Байден үчүн бүтүндөй бир сценарий түздү.

Америкалыктардын каалаганы эмне? Эң оболу Россия тезинен Украина менен чек арасынан күчтөрүн алып кетишин күтөт. Бирок алар өз өлкөсүнүн аймагында экенин Кошмо Штаттар эстен чыгарып жатышат. Ошол эле учурда украиналык күчтөр туурасында бир ооз да сөз жок. Киев өзүнүн Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгарып кетүүгө милдеттенме да албайт. Виктория Никифорованын эки держава лидерлеринин эртеңки баарлашуусунун алдында жагдайды талдоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Батыштын оюнда Россия Украинаны "коркутканын" токтотууга тийиш. Ал эми Украина аймагына америкалык жана британиялык аскердик базалар, жашыруун биолабораториялардын жайната курулуп, америкалыктар өндүрүштүк масштабда "Жавелиндерди" түшүрүп, НАТО өлкөлөрү да оолак карманган комплекстүү аскердик кызматташтыкка умтулуп жатканына көз жумуп коюушу керек экен. Ал тургай Россия аталган мамлекетти газ, көмүр жана башка эмнеге муктаж болсо, баары менен үзгүлтүксүз жабдууга милдеттүү деп эсептешет.

НАТОго мүчө болушун кубаттап же куру дегенде унчукпай моюн сунушун көксөшөт. Россия булардын баарын аткарса, Кошмо Штаттар Минск келишимдерин өзү кошо ишке ашырууну убада кылат. Болгону алар Минскиде кол коюлуп, Германия жана Франция тарабынан кепилденген келишимдер эмес.

Америкалык версиясында Донбассты "эл аралык зонага айлантуу" сунушталат. Республикалардын Украинанын өзгөчө макамы жөнүндөгү жана өлкөнүн тышкы саясатына вето коюу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу саясий талаптары канааттандырылбайт. ЛТР жана ДТРдин жетекчилигин толук бойдон "өткөөл учурдун эл аралык жарандык администрациясы" менен алмаштыруу болжонот.

Кошуундар куралсыздандырылып, милиция таратылат. Бул түзүмдөрдүн ордун эл аралык тынчтык орнотуучулар басат. Алардын көзөмөлүндө Донбасста шайлоо өтүп, "кесипкөй полиция" түптөлөт. Ошентип Украина-Россия чек арасындагы көзөмөл акырындап кайсы бир эл аралык тынчтык орнотуучулардын колуна өтөт. Минск келишимдеринде так жазылган шарттардын эч бири аткарылбастан, көзөмөл алардын колунан Киевге берилет.

Эгер Россия буга көнсө, Вашингтон Киевге азыраак курал берип, Россиядан санкциялардын бир бөлүгүн алууну, НАТО менен Россиянын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууну убада кылат. Ал эми Россия бул талаптарды аткаруудан баш тарта турган болсо, Украинаны курал-жарак менен жабдууну уланта берет. "Жавелиндерден" сырткары, тизмеде — абадан коргонуу жана жээктеги күзөт тутумдары, радиоэлектрондук система жана каражаттар, контрартиллериялык жана контрбатареялык радарлар бар.

НАТО күчтөрү Украинада ротациялык негизде калат, ал эми украиналык армияны "Россияны ооздуктоо" максатында тескөө түндүк атлантикалык альянстын келерки жылга карата стратегиясынын эң башкы артыкчылыгы болмокчу. Бул жаатта Франция жана Германия кандай пикирде экени эске да алынбайт.

Узак мөөнөттүү планда Россияны Батыш аныктаган "агрессиясы" үчүн санкциялар менен муунтууну улантышат. Анткен менен 2014-жылдагы санкциялар топтому да, 2019-жылдагы "тозоктон келген санкциялар" да Россиянын саясатын өзгөртө алган эмес. Буга ынанууга убакыт жетиштүү эле болду.

Жаңы экономикалык кысымдын жаңы чараларында "Газпром" жана анын "бутактары" үчүн каржылоого тыюу салуу камтылат. Ошол эле убакта Европага газ жеткирүүнү толук бөгөттөөгө жол берилбейт. Каржылык акциялардын кеңири түрү "Роснефтинин" филиалдарына каршы багытталган жана "Сургутнефтегаз" менен "Новатэкти" да курмандыкка чалуу сунушталат.

Россиянын тоо-кен өндүрүшү жана металлургиясына азырынча санкция толук масштабда коюла элек. Atlantic Council "Евраз" жана "Алрос", ошондой эле россиялык камсыздандыруучу ири "Согаз" жана "Совкомфлот" ишканасына көңүл бурууга үндөйт. Анан да, албетте, "Түндүк агым — 2" долбоорун да унуткарышкан эмес. Америкалыктардын пикиринде, бул "жаман демилге" болгон, ал эми "Россияны ооздуктоо" чарасы Германиядан аталган долбоордун ишине мораторий коюуну талап кылат.

Ошондой эле Россияны SWIFT системасынан өчүрүү сунушу кайрадан калкып чыкты. "Бул тема дале четке кагыла элек, акыркы чара болот," — деди Киевдеги америкалык мурдагы элчи Жон Хербст. "Ооба, европалык компаниялар санкциялар процессинде кыйынчылыктарга тушугат, — деп моюнга алышат америкалык аналитиктер. — Бирок путиндик агрессияга каршы турууга чечкиндүүлүк — бул Кремлди ооздуктоонун мыкты ыкмасы". Белгилүү болгондой, "биргелешкен аракеттер" деген түшүнүк Atlantic Council борборунун эң көп оозанганы.

Америкалыктардын союздаштары Франция жана Германия НАТОго Украинанын мүчөлүгүнө каршы. Европалыктар жосунсуз санкциялардын айынан россиялык газды алууда үзгүлтүктөрдөн жапа чегүүнү каалашпайт. Бул чектөөлөр Россияга караганда аталган биримдик мейкиндигиндеги экономиканы талкалоодо. Эч ким — европалыктар да, америкалыктар да, украиналыктар да Вашингтондун буйругу менен согушууну каалабайт.

Россия эртеңки баарлашууга буларга карама-каршы шарттар менен камынууда. РФ кызыл чийинди так чийгени маалым. Украина НАТОго мүчөлүккө алынбашы керек. Аймагында үчүнчү өлкөлөрдүн жалпы аскердик күчтөрү жайгаштырылбашы шарт. НАТО чыгышка карай таптакыр жайылбашы керек. Буга жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди күтөт. Анткени оозеки макулдашуулардын баарын өнөктөштөр унуткарышканы белгилүү.

Россиялык жана америкалык президенттердин позицияларын кандайдыр жакындатылары арсар. Алардын Женевадагы кезигүүсүнөн эч майнап чыккан эмес, болгону ажырымды тереңдеткен.

Октябрда Байден эгер кокус КЭР кол сала турган болсо, Кошмо Штаттар Тайванды коргой турганын айткан. 1979-жылдан бери Вашингтон Тайванды коргоо каражаттары менен жабдууга милдеттенме алган, бирок президенттер Тайвань үчүн Кытай менен согушууну эч качан убадалаган эмес. Тайвань — Украианадан кийинки дүйнөнүн эң кооптуу жерлеринин бири. Америкалык режим аралды курал менен камсыздап, кытай агрессиясы боюнча тарыхый үгүттөөсүн жүргүзүүдө. Украина жагдайындагыдай эле Кытайга эч кандай агрессиянын зарылдыгы жок. Пекиндегилер мекендештери менен акыры тынч биригерине ишенишет. Бирок америкалыктар Украинаны Россияга кандай тукурса, Тайванды Кытайга да дал ушундай каршы багыттоодо. Эки өлкө тең "экинчи Афганистанга" айланып калуудан коркушат.

Америкалыктар Россия менен Кытай Украина менен Тайванга январь-февралда кол салуу ыктымалдыгын олуттуу түрдө талкуулоодо. Үрөйлөрү учкан тайвандыктар Байдендин сөздөрүн кунт коюу менен тыңдашат. Ал эми эртеси күнү эле Ак үй "силер туура эмес түшүнүп алдыңар, ал жөн гана тамашалады" деп жайгарып коет.

Мындай туруксуз контрагент менен сүйлөшүү кыйынчылыктарга кептейт. Бирок Владимир Путиндин көз карашынын күчү – анын орустардын да, украиналыктардын да, америкалыктардын да жана дегеле Жер жүзүнүн калкынын пикирин билдиргенинде. Бизге согуштун кереги жок! Тынч, өз ара пайдалуу кызматташтык жана өнүгүү зарыл. Бул тилектер түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн жазуу түрүндө кепилденгени оң.

16
Белгилер:
Россия, Украина, АКШ, Кытай, талап, чек ара, курал, коркутуу
Тема боюнча
Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө
АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?