Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдыкеев: камсыздандыруу полисин чет өлкөгө чыккандар көп алууда

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель частной страховой компании Эрнис Абдыкеев
Руководитель частной страховой компании Эрнис Абдыкеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Менчик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдыкеев чет өлкөгө чыккандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу камсыздандыруу полисин алгандар көбөйгөнүн айтты.
СOVID кризисинен акырындык менен чыгып, жарандардын камсыздандыруу полистерине болгон суроо- талаптын өскөнү байкалууда. Мындай пикирин Эрнис Абдыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдыкеев: камсыздандыруу полисин чет өлкөгө чыккандар көп алууда
Анын айтымында, табигый кырсыктардан улам милдеттүү түрдө кыймылсыз мүлкүн камсыздандыргандардын саны да көбөйүүдө.
"Учурда өлкөнүн камсыздандыруу тармагы толук кандуу өнүгө элек. Кыргызстан өнүккөн мамлекеттерге салыштырмалуу камсыздандыруу рыногу жаңыдан түзүлүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул секторго пандемиянын кесепети тийип, көрсөткүчтөр төмөндөп кеткен. Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен алганда тармакта жылыш байкалып, өзүнүн калыбына келе баштады. Былтыр камсыздандыруу компаниялары тарабынан таза киреше 284 миллион сомду гана түзгөн. Мындан тышкары, полистердин санынын өсүп жатканы байкалууда. Бирок сый акылардын саны өтө көбөйгөн жок. Анын түрдүү себептери бар. Мисалы, мурда бир ишкананын 10 автоунаасы болсо, анын баарын бир гана полис катары каттап келишкен. Учурда компаниялар ар бир автомобилге өзүнчө полис берип жатышат. Чет өлкөгө чыккандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу да камсыздандыруу полисин алгандар көбөйдү", — деди Абдыкеев.
Ошондой эле адис камсыздандыруу компанияларынын кирешеси үстүбүздөгү жылы 1,3 миллиард сомду түзгөндүгүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0