Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбеков

Анарбеков: Россиядан 20 чакырымга рельс, 100 вагон алып келинет

92
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбеков аталган ишкана 424 чакырым темир жолун тейлей турганын маалымдады.

Темир жолдордун 17 пайызы эскирген. Буга байланыштуу Россиядан 20 чакырымга рельс алынып, жаңыртуу иштери колго алынууда. Бул тууралуу Абдес Анарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анарбеков: Россиядан 20 чакырымга рельс, 100 вагон алып келинет

Анын айтымында, учурда рельстерди Казакстанга кеткен темир жолго орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 424 чакырым жолду тейлейт. Анын 325 чакырымы республиканын түндүк тарабында, 101 чакырымы түштүк жагында жайгашкан. Ишканада жалпы беш миңге чукул адам эмгектенет. Мекеме жылына 350 миллион сом салык төгөт. Учурдагы көйгөйлөргө токтоло турган болсок, учурда жалпы темир жолдун 17 пайызынын эскилиги жеткен. Ошондуктан аны жаңылоо иштери колго алынууда. Алсак, Россиядан рельстердин алгачкы партиясы алып келинди. Жалпы 20 чакырымга чукул жолду жаңылоого мүмкүндүк түзүлөт. Мындан тышкары, "Нацпромлизинг" компаниясы, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен темир жолдордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул боюнча тийиштүү иш-аракеттер улантылат. Андан тышкары, 100 чакан (жарым) вагон  сатып алууга тендер өткөрдүк. Ага россиялык компания катышып, быйыл 50, кийинки жылы калганы алып келинет", — деди Анарбеков.

Ошондой эле ал учурда Казакстанга кеткен темир жолго жаңы рельстерди орнотуу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

92
Белгилер:
темир жол, рельс, Россия
Тема боюнча
Кыргызстан темир жолдорун оңдоо үчүн Россиядан 20 чакырым рельс сатып алды
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

16
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков келечекте ири марафондук жарыштарга катышуу ниети бар экендигин айтты.

Токио Олимпиадасы спорттук карьерамдагы эң чоң тажрыйба берген мелдеш болду. Мындай пикирин Нурсултан Кеңешбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

Анын айтымында, кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта Олимпиададан медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Жеңил атлетика менен 2017-жылдан тарта алектене баштагам. Олимпиадага катышуу үчүн төрт жыл кызуу машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап көрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир Алматы шаарында өтүп, 1 500 метрлик аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайлардын жыйынтыгы менен ири спорттук иш-чарага катыштым. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору болгондуктан атаандаштык курч болду. Жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасында болуп, көп нерсе үйрөнө алдым. Бирок кыска жана орто аралыкка чуркоодо атаандаштык бийик болгону үчүн медаль утуу оор экен. Андыктан марафондук жарышта күчүмдү сынап көргүм келет", — деди Кеңешбеков.

Ошондой эле жөө күлүк Ысык-Көлдө заманбап машыгуу базасы курулса спортчулардын эл аралык мелдештерден ийгилик жаратуусуна шарт түзүлө тургандыгын кошумчалады.

16
Белгилер:
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика, олимпиада
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Эколог Гамал Сооронкулов

Соронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

38
(жаңыланган 11:23 06.12.2021)
Эколог Гамал Соронкулов Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч турарын айтты.

Eco-map долбоорунун алкагында аймактык координаторлор экологиялык көйгөйлөрдү чогултат. Фото, видеодокументациялар, окуянын тексттик сыпаттамасы, ошондой эле географиялык координаттар картага жайгаштырылат. Эко-картада таштандылар, абанын, суунун, жер кыртышынын булганышы, токойлорду кыюу, кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик), мыйзамсыз балык уулоо, радиация жана ядрохимикаттар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

Анын айтымында, учурда экологиялык картада 500дөн ашык чекит белгиленген.

"Eco-map долбоору — бул Кыргызстандын экологиялык картасы. Борбор Азия боюнча мындай долбоор жок. Влад Ушаков деген атактуу фотожурналист менен ишти баштаганыбызга бир жылдан ашты. Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр өтө көп. Мына ошонун баарын географиялык картага түшүрүп, маселе тууралуу элге, тиешелүү органдарга жеткиликтүү маалымат берүү максатын көздөйбүз. Учурда аталган картада 500дөн ашык чекит белгиленген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн Каркырасынан баштап, Баткендин Лейлегине чейин жеттик. Бирок Ош облусу, Талас, Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнү жана Нарын жергесинин түштүк аймагындагы көйгөйлөр толук изилдене элек. Мен ушунча жылдан бери экология тармагында эмгектенип жүрсөм дагы өлкөдөгү көйгөйлөр мага да жаңылык болду. Алсак, Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч экен. Билишимче, өлкө аймагында 1 930дай айыл болсо, тилекке каршы, бардыгында талапка жооп берген полигон (таштанды сактоочу жай) жок. Ал жер курчалбагандыктан мал да жайылып жүрө берет. Болуптур, чоң көйгөйдү чече албайт экенбиз, бирок ар бир айыл өкмөтүнүн бюджети таштанды таштоочу жай уюштуруп, ал жерди курчап коюуга кудурети жетет эле", — деди Соронкулов.

Эколог Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр менен ecomap.kg сайтынан таанышып ар бир жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүп баштоосу зарыл экенин кошумчалады.

38
Белгилер:
Кыргызстан, экология, таштанды, маселе, айыл, полигон
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Кишилер майрам учурунда. Архив

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт

5
(жаңыланган 17:40 06.12.2021)
Мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, ага кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшамай болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаар жетекчилигине тиешелүү бардык мекемелер колдоду.

"Азыркыдай эпидемиологиялык жана экономикалык оор кырдаалда COVID-19 сыяктуу негизги көйгөйлөрдү унутпашыбыз керек. Андыктан аны менен күрөшүүдө калктын аялуу катмарына жардам беребиз. Бул максатта мэрия кызматкерлери жаңы жылдык көңүл ачуу кечесинен баш тартып, ага кеткен каражатка социалдык мекемелерге керектүү буюм-тайымдарды жана тиричилик техникаларын сатып берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ташкары, мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

Кайрымдуулук акциясын колдогон жамааттарга муниципалитет жардамга муктаж мекемелердин тизмесин бермекчи.

5
Белгилер:
Бишкек мэриясы, Жаңы жыл, кече, кайрымдуулук
Тема боюнча
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт
2022-жылы кандай окуялар болот? Ванга менен Нострадамустун айткандары