Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумалиева: бул шайлоодо соцтармактар да көзөмөлдөндү

© Sputnik / Жоомарт УраимовБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева парламенттин VII чакырылышына карата үгүт иштеринде өлкөдө алгачкы ирет социалдык тармактар да келишимдин негизинде көзөмөлгө алынганын айтты.
Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча белгиленген бир айлык үгүт иштерин жүргүзүүдө бул ирет социалдык тармактар да көзөмөлгө алынды. Ал үчүн Facebook компаниясы менен расмий келишимдин негизинде иш алып бардык. Бул тууралуу Акбалык Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жумалиева: бул шайлоодо соцтармактар да көзөмөлдөндү
Анын айтымында, Facebook, Instagram жана YouTube каналдарына жайгаштырылган үгүт материалдары расмий көзөмөлгө алынган.
"Бул ирет БШК социалдык тармактар аркылуу жүргүзүлгөн үгүт материалдарына да көзөмөл кылды. Мисалы, Facebook тармагында жайгашкан бардык талапкерлердин жана партиялардын расмий баракчалары компанияга берилип, Facebook таргетинг (бөлүп рекламалоо механизми) боюнча маалыматтарды бизге берип жатты. Мунун натыйжасында биз мониторинг жүргүзүп, көзөмөлгө алдык. Максаты аталган социалдык тармакта жайгашкан үгүт материалдарынын финансылык тазалыгын аныктоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу болду. Instagram боюнча да ушундай эле иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле материалдын маани-маңызын текшерип, чагымчылдык чакырыктар же башка мыйзам бузулуулар катталган учурда талапкерлерге эскертүү берилип же айып пул салынды. Ал эми YouTube каналы тууралуу айта турган болсок, бул жерде да үгүт менен алектенген каналдар белгиленген. Аларга жайгаштырылган материалдардын маани-мазмунуна көзөмөл жүргүзүлүп жатты. Айталы. көрсөтүлгөн ролик же интервью болобу, анын ким тарабынан каржыланганы титринде жазылышы керек. Мындай талаптар аткарылбаган учурда талапкерлер жоопко тартылат. Ушундай мыйзам бузуулардан улам эскертүү алып, ал тургай айып пулга жыгылган талапкерлер да болду. Бирок эң көп мыйзам бузуу фактылары интернет айдыңында эмес, баннерди мыйзамсыз жерлерге илүү боюнча катталды", — деди Жумалиева.
Ал күнүнө орто эсеп менен социалдык тармакта мыйзам бузуу боюнча он чакты кайрылуу келип түшүп жатканын, айрымдары жарандык активисттерден болсо, кээси жай тургундардан болгонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0