Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айдарова: Бишкекте көркөм гимнастика боюнча биринчи фестиваль өтөт

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезидент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова
Президент федерации художественной гимнастики КР Назира Айдарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова 9-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Мурас" аталышындагы биринчи көркөм гимнастика фестивалы өтөрүн айтты.
Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулуп, контемпорари, ушу, цирк артисттери, хореографиялык окуу жайдын бийчилери, чирлидерлердин (спорттук иш-чаралардагы бийчи күйөрмандар) катышуусунда өтөт. Мындай маалыматты Назира Айдарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айдарова: Бишкекте көркөм гимнастика боюнча биринчи фестиваль өтөт
Анын айтымында, фестивалга россиялык белгилүү гимнаст, дүйнө чемпиону Екатерина Селезнёва, аялдар күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова да катышат.
"2017-жылы биздин гимнасттарды олимпиада чемпиону Алина Кабаева Москвада өткөн өзүнүн фестивалына чакырган. 15 кыз тандоодон өтүп, барып келишкен. Ушундан улам Бишкекте чоң программадагы көркөм гимнастика боюнча фестиваль уюштуруу демилгеси пайда болгон. Ушул жылдын 9-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда россиялык Эльдар Сайфутдиновдун режиссёрлугу алдында өтөт. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулууда. Фестивалга жеке гана гимнасттар катышпастан контемпорари, ушу, цирк артисттери, хореографиялык окуу жайдын бийчилери, чирлидерлер да программаларын тартуулашат ", — деди Айдарова.
Ошондой эле жетекчи "Манас" эпосунун негизинде сахналаштырылган атайын программа даярдалып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0