Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мадалбеков: акылдуу эсептегичи жок абоненттерге атайын тетик орнотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековТүндүк электр" ААКтын электр энергияны сатуу бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Мадалбеков
Түндүк электр ААКтын электр энергияны сатуу бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Мадалбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Түндүк электр" ААКтын электр энергияны сатуу бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Мадалбеков кардарлар электр кубатынын 5 киловаттан ашык колдонулганын кантип билсе боло турганын айтып берди.
Муздаткыч, жарык лампалары, сыналгы, суу ысыткан жабдуу, кир жууган машина бир убакта иштетилсе беш киловаттка жетпеген электр энергия кетет. Албетте, булардын көлөмүнө жараша болот, бирок орточо көрсөткүч ушундай. Бул тууралуу Алмаз Мадалбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мадалбеков: акылдуу эсептегичи жок абоненттерге атайын тетик орнотулат
Анын айтымында, беш киловаттан ашканда электр энергиясы өчүп калат.
"Кардарлардын көпчүлүгүнө акылдуу эсептегичтер орнотулган. Аларга беш же 10 киловаттык чектөө киргизилген, андан ашыкча колдонулса электр жарыгы өчөт. Ал эми акылдуу эсептегич орнотулбаган абоненттерде мындай чектөө иштебейт. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгын, электр тартыштыгын эске алып, кадимки эсептегичтерге атайын тетик коюлууда. Ал карагайга кошулган зымга орнотулат. Бул тетиктердин негизги милдети — ошол беш киловаттык чектөөнү көзөмөлдөө. Эгерде кардар бир учурда бул чектөөдөн ашпаса, электр жарыгын колдоно берет. Ал эми ашып кетсе тетик күйүп кетип, свет өчүп калат. Маселен акылдуу эсептегич колдонгон кардар чектөөдөн ашканда электр жарыгы өчсө, аны өзү күйгүзүп алат. Ал эми бул тетиктер коюлган абоненттердин электр жарыгы өчсө, "Түндүк электр" ишканасына кайрылууга туура келет. Адистер келип туташтырып берет. Акылдуу эсептегичте атайын көрсөткүчтөр бар. 5 миң же 10 миң ватт деп турат. Ошого карап ченесе болот. Болжолдуу 4-5 бөлмөлүү үйдүн эсебин алып карап көрөлү. Муздаткыч, жарык лампалары, сыналгы биригип бир киловаттка чейинки кубаттуулукту алат. Суу ысыткан жабдуу көлөмүнө жараша 1-1,5 киловатт болушу ыктымал. Кир жууган машина дагы ушундай кубаттуулукту алат. Жалпы төрт киловатт болду дейли. Эми буга электр чайникти кошсок, эсептегич өчүп калышы ыктымал. Анткени чектөөдөн ашып кетиши мүмкүн. Кошумча бир нерсени саюу үчүн жогоруда аталгандардын бирөөнү өчүрө туруу керек", — деди Мадалбеков.
Ошондой эле ал жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0