Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чолумова: Кыргызстан БУУга майыптардын абалы боюнча доклад даярдоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова 2019-жылы БУУнун майыптар боюнча конвенциясы ратификацияланганын белгиледи.
Өлкөдөгү инфраструктура майыптарга туура келбейт. Бул тууралуу Назгүл Чолумова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Чолумова: Кыргызстан БУУга майыптардын абалы боюнча доклад даярдоодо
Анын айтымында, айлана-чөйрөгө майыптар эмес, айлана-чөйрө аларга туура келгендей шарттар түзүлүшү зарыл.
"БУУнун майыптар боюнча конвенциясын Кыргызстан 2019-жылы ратификациялаган. Ага ылайык өлкө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарт түзүп, бардык дискриминацияны жоюуга милдет алган. Дискриминация дегенде учурда өлкөдө бардык жарандардын укуктары бирдей, бирок майыптар үчүн инфраструктура туура келбейт. Алар өз алдынча бара турган жерине жете албайт. Арасынан билим алууну каалагандар тийиштүү шарттын жоктугунан аралыктан же тыштан окууга мажбур. Албетте, аракеттер көрүлүп, айрым көйгөйлөр чечилүүдө. Бирок бул жетиштүү эмес. Ошол эле коомдук транспортторду, жол, имараттарды курууда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу кылуу керек. Тартипке ылайык, конвенция ратификациялангандан эки жылдан кийин БУУга отчёт берилет. Учурда министрлик ошого даярдыктарды көрүп жатат. Ал отчётко ылайык, БУУнун тийиштүү комитети өзүнүн сунуштарын айтат", — деди Чолумова.
Ал БУУга бейөкмөт уюмдар дагы көз карандысыз доклад жиберерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, БУУнун 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленип келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0