Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный эксперт Антикоррупционного делового совета КР Айдар Мамбеткадыров
Главный эксперт Антикоррупционного делового совета КР Айдар Мамбеткадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров 2021-2024-жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү боюнча жаңы стратегияда элдин аң-сезимине таасир этүүгө көңүл буруларын айтты.
Коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ стратегия иштелип чыгып, документтер кабыл алынган. Бирок биз иштеп чыккан концепциянын алардан айырмасы — республикалык масштабда жана бардык тармактарды өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды
Анын айтымында, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин 39 мүчөсү бар, ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.
"Коррупцияны жоюу боюнча президенттин алдында түзүлгөн кеңеш 2021-2024-жылдар аралыгында аталган багытта иш алып баруу үчүн стратегия иштеп чыкты. Анын мурдагы документтерден айырмасы — бардык тармактарды камтыйт жана иш республикалык деңгээлде жүргүзүлөт. Аталган кеңештин 39 мүчөсү бар. Көпчүлүк эмнеге мынча көп адамдан турат деп суроо узатып жатышты. Анткени бул жакка бизнес өкүлдөрү, коомдук уюмдардан да кишилер тартылган. Ошондой эле стратегияны жазып чыгуу иштери ачык өткөрүлүп, каалоочулар өз сунуш-пикирлерин билдирип жатышты. Концепциянын дагы бир өзгөчөлүгү коррупциялык иштердин алдын алуу, жоопко тартуу эле эмес, элдин аң-сезимине таасир берүүгө басым жасоо да каралган. Ал эми бул кадамдар кандай тартипте ишке ашары боюнча методдору иштелип чыгууда", — деди Мамбеткадыров.
Ал аталган стратегия күнүмдүк коррупциялык элементтерден тарта аткаминерлер арасындагы ири коррупциялык иштерди да болтурбоо аракетин көрөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0