Путин келерки жумада россиялыктарга дем алыш берди

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТрансляция обращения президента России В. Путина к гражданам из-за ситуации с коронавирусом
Трансляция обращения президента России В. Путина к гражданам из-за ситуации с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин россиялыктарды бул күндөрү үйүнөн чыкпоого үндөдү. Вирус ар бир адамга жугуп калышы мүмкүн экенин эске салып, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин эмки аптаны эс алуу катары жарыялап, бирок айлык акылары сакталарын билдирди.

Президент COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу өз элине кайрылды.

Анда Путин россиялыктарды бул күндөрү үйүнөн чыкпоого үндөдү. Вирус ар бир адамга жугуп калышы мүмкүн экенин эске салып, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Мындан тышкары, ал насыя жана ипотекалык төлөмдөр кечиктирилген учурда айып пулсуз кабыл алуу жолдорун карап чыгууну сунуштады.

"Кирешеси 30 пайызга төмөндөп кеткен жарандардын керектөөчүлүк кредиттери жана ипотекасы болсо, жеңилдиктерди карап берүүгө чакырам”, — деди президент.

Мындан тышкары, ал Борбордук банкка коронавирустан жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0