Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин имараты. Архив

"Россия сегодня" агенттиги COVID-19 менен күрөшүү альянсына кошулду

111
(жаңыланган 18:17 22.04.2020)
"Россия сегодня" агенттиги альянстын долбоорлорун маалыматтык жактан колдоо боюнча активдүү иш алып барат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги Россиянын түз инвестициялар фонду, Россиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдиги, "Яндекс" жана Mail.ru Group тарабынан негизделген Коронавирус менен күрөшүү альянсына кошулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Россия сегодня" агенттиги альянстын долбоорлорун маалыматтык жактан колдоо боюнча активдүү иш алып барат", — деп айтылат кабарда.

Россиянын түз инвестициялар фонду менен агенттиктин биргеликтеги алгачкы долбоору —"Жаңы COVID-19 вирусун алдын алуу жана дарылоо боюнча колдонмо" болду. Бул коронавирусту алдын алуу, көзөмөлдөө, аныктоо, дарылоо жана оорулуу адамга кам көрүү боюнча буга чейинки тажрыйбаларды камтыган дүйнөдөгү алгачкы басылма болуп калды. Ал Кытайдан Чжэцзян провинциясындагы Университеттик медицина мектебинин Биринчи академиялык клиникасынын коронавирус менен күрөшүүдөгү тажрыйбаларынын негизиндө түзүлдү.

Маалыматты орус тилине которуп, Россияда басып чыгарууну РФтин түз инвестициялар фонду, "Россия сегодня" агенттиги жана Сеченовский университети колго алган. Аны медициналык мекемелер жана кызыккан бардык адистер арасында акысыз таратып жатышат.

"Жаңы COVID-19 вирусун алдын алуу жана дарылоо боюнча колдонмону" бул шилтеме аркылуу да көчүрүп алууга болот.

"Россия сегодня" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев ал жетектеген ЖМК элге коронавирус тууралуу маалымат жеткирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшап жатканын айтты.

"Биз альянска кошулуу менен башыбызга түшкөн мындай оор сыноо учурунда калкка болгон кубатыбызды жумшап, маалыматты туура жана кечиктирбей жеткирүүнү көздөйбүз. Бул биздин кесиптик милдетибиз", — деди Киселев.

Россиянын түз инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев коронавируска каршы күрөштө элге туура маалыматтын жетиши өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

"Россия сегодня" агенттигинин кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана оперативдүүлүгү долбоорлордун таасирин арттырат. Агенттик вирус менен күрөшүү боюнча Кытайдын тажрыйбасын колдонмо кылып басып чыгуу менен өз күчүн, мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин курамына кирген РИА Новости жана Sputnik долбоорлору эл үчүн маалыматтын эң ишенимдүү булагы бойдон калууда", — деди ал.

COVID-19 тууралуу Россия жана дүйнөдөгү акыркы маалыматтарды стопкоронавирус.рф порталынан окусаңыздар болот.

111
Белгилер:
маалымат, күрөш, долбоорлор, коронавирус, "Россия Сегодня" ЭМА
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (744)
Тема боюнча
Италия COVID-19 жуктургандар боюнча экинчи орунга чыкты
Түркия: коронавирус жуктургандар 6 миңге чукулдап, авиакаттам токтоду
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

93
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

93
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (744)
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат

124
(жаңыланган 14:04 28.05.2020)
Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 360 миң адам кеткен. Алардын үчтөн бири кайтып келген эмес, ал эми 72 кыргызстандык каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.

БИШКЕК, 28-май - Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада 24-июнда боло турган Жеңиш парадына катышат. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

"Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында 24-июнда өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган юбилейлик парадга катышат", - деп билдирген Россия президентинин аппаратынын өкүлү.

Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 360 миң адам кеткен. Алардын үчтөн бири кайтып келген эмес, ал эми 72 кыргызстандык каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Кээ бирлерине бул наам эки ирет ыйгарылган.

124
Белгилер:
Москва, Жеңиш парады, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россияда Жеңиш парады 24-июнда өтмөй болду
Владимир Путин Президенттик полктун парадына катышты. Видео
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

0
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

0
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди