Коронавирусту аныктоо үчүн тест-система

Россия коронавирусту аныктоочу жогорку тактыктагы жаңы тест чыгарды

542
(жаңыланган 18:17 22.04.2020)
Окумуштуулардын айтымында, ал COVID-19 вирусун гана эмес, коронавирус тутумуна кирген башка вирустарды дагы аныктай алат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Россиянын Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) окумуштуулары коронавирусту аныктоо үчүн жогорку тактыктагы тест иштеп чыгышты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

COVID-19 вирусун аныктоочу жаңы каражат клиникалык сыноолордон өтүп, 25-март күнү каттоого алынды.

Окумуштуулардын айтымында, ал COVID-19 вирусун гана эмес, анын тутумуна кирген башка вирустарды дагы аныктай алат.

"Жаңы "АмплиСенс CoV-Bat-FL" тести өтө сезгич болгондуктан, жыйынтыгы дайыма туура болот", — деп айтылат кабарда.

Бул тестти окумуштуулар коронавирус менен күрөшүүнүн дагы бир ыкмасы катары баалап жатышат.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка караганда, учурда дүйнө жүзү боюнча 785 709 киши коронавируска кабылды. Алардын арасынан 37 686сы каза таап, 165 837 бейтап сакайды.

542
Белгилер:
тест, күрөш, коронавирус, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (762)
Тема боюнча
Аллергиясы барларга коронавирус канчалык кооптуу?
Кыргызстанды коронавирус каптаган 14-күн: тексттик баяндама, сүрөт, видео
COVID-19 вируска каршы дары таблеткалары. Архив

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

94
(жаңыланган 23:52 05.06.2020)
Бул —  коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экени айтылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.

Дмитриев "Авифавир" коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.

"Ал 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына келип түшөт. Ал россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп айткан Дмитриев.

Маалыматта мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганын, бирок суроо-талап көп болуп, башка 10 өлкөдөн да сурам келип жатканын белгилеген. Мындан улам санын эки миллионго чейин жеткирүү пландалган.

94
Белгилер:
Россия, дарылоо, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (762)
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт
Москва шаарындагы кызыл аянт. Архив

Москвада коронавирустан улам кирген чектөөлөр качан алынары айтылды

263
Собянин болжол менен эки-үч жумадан кийин шаардык ооруканалар кадимки шартта иштеп, бейтаптарга кызмат көрсөтүп каларын да баса белгиледи.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Москвада коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр июлда алынат. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин "Россия 24" телеканалына маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.

Собяниндин айтымында, чектөөлөр шаардагы кырдаалга жана коронавирустун жайылуу темпине жараша алынмакчы.

"Шаарга киргизилген чектөөлөр 1-июлга чейин акырындык менен алынат. Бирок бул москвалыктардын коюлган талаптарды аткаруусунан да көз каранды. Бул убакытка чейин шаардыктар чыдайт деген ойдомун", — деген мэр.

Собяниндин айтымында, чектөөлөрдү алуу боюнча график 8-июнда белгилүү болот.

Ал болжол менен эки-үч жумадан кийин шаардык ооруканалар кадимки шартта иштеп, бейтаптарга кызмат көрсөтүп каларын да баса белгиледи.

"Кийин коронавирус менен ооругандар Москвадагы жогорку квалификациялык стационарларга гана жаткырылат. Ал эми убактылуу корпустар резервде болот", — деди Собянин.

Пандемия башталгандан бери Москвада 189 214 адам коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен 95 миңдейи айыгып, 2749 бейтап көз жумган.

263
Белгилер:
Сергей Собянин, коронавирус, чектөө, Россия, Москва
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (762)
Тема боюнча
Эксперт: коронавирусту дарылоочу вакцина жакынкы жылдары чыкпайт
Көп жуккан сайын алсырайт. COVID кантип жайыларын адис айтып берди