Путин: коронавирус коркунучу дагы деле бар, ал жеткен чегине келе элек

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин выступил с обращением к гражданам
Президент РФ В. Путин выступил с обращением к гражданам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери өлкө коронавирус менен катуу күрөшүп жатканы менен коркунучтар дале бар экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Коронавирус коркунучу дагы деле бар, эпидемиянын жогорку чеги дүйнөдө, анын ичинде Россияда дагы деле сакталууда. Бул тууралуу Владимир Путин билдирди.

Путиндин коронавирустун тарашына байланыштуу элге кайрылуусу түз эфирде көрсөтүлдү.

"Албетте, алдыда эмне кылуу керек, кандай чараларды көрүү зарыл деген суроолор турат. Тийиштүү аракеттерди кылганыбыз менен коронавирус коркунучу бар экенин түшүнүшүбүз керек. Адис-вирусологдордун айтымында, эпидемиянын жогорку чеги дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө сакталууда", — деди Путин.

Буга байланыштуу Россия лидери ишсиз күндөрдү 30-апрелге чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0