Маанилүү билдирүүлөр. Путин элине кайрылды

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүТрансляция обращения президента России В. Путина
Трансляция обращения президента России В. Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Материалда Владимир Путиндин вируска байланыштуу элине болгон кайрылуусундагы маанилүү билдирүүлөр топтолду. Телекайрылуу 10 мүнөткө жеткен жок.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавирус инфекциясы жайылып жаткандыгына байланыштуу теле аркылуу өлкө жашоочуларына кайрылуу жасады.

Путиндин айткандарынын негизгилерин тизмектейли:

  • Буга чейин дем алыш күн деп жарыяланган жума вирус коркунучун азайтканга жардам берди, бирок анын жогорку чеги дүйнөдө, анын ичинде Россияда сакталуу;
  • Москвада көрүлгөн чараларга карабастан кырдаалды жеңип кетүү азырынча мүмкүн болбой жатат;
  • 30-апрелге чейин ишсиз күн болуп саналат, бирок айлык акы төлөнөт;
  • Бийлик органдары, калкка керектүү нерселерди өндүргөн ишканалар, жашоону камсыздаган кызматтар, ооруканалар, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар ишин уланта берет;
  • Аймактарда кырдаал түрдүү өнүгүүдө, кээ бир жерге катуу чектөөлөр керек болсо, айрым жерлерде тартип сакталып жатат;
  • Аймак башчыларына кошумча ыйгарым укуктар берилет. Губернаторлор кандай чектөөлөрдү киргизип, кайсы уюмдун ишин токтотушу керектигин өздөрү чечишет;
  • Эгерде кошумча чектөөлөрдүн зарылдыгы жаралса, региондор федералдык өкмөт менен кеңешиши керек;
  • Өкмөткө аймактагы башчылардын ишин күчөтүлгөн тартипте координация кылуу тапшырмасы берилди;
  • Экономиканын стабилдүүлүгү негизги тапшырмалардын бири. Жумуш орундары менен жарандардын кирешесин сактоо маанилүү;
  • Эпидемиологиялык абал турукташса, ишсиз күндөрдү кыскартуу каралат.

Кебинин соңунда Владимир Путин жарандарды бийлик менен медиктердин өтүнүчүн аткарууга чакырып кетти.

Акыркы маалыматтар боюнча РФде COVID-19 вирусун 3,5 миңден ашык киши жуктуруп, 235и айыгып, 30 киши көз жумган. Жалпысынан 536 миң тест жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0