Вид на дацан в Бурятии

Таланган чүкө, талкаланган табак жана храмдар. Бурятиядагы кереметтердин баяны

208
(жаңыланган 18:29 22.04.2020)
Гиддердин жүз жылдай илгери адамдар кантип жашагандыгы туурасындагы баяндарын тыңдап жатып, ой чабытың ошол доорго жетеленет. Өз көзүм менен бир көрсөм дейсиң. Бурятияда сиз дал ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болосуз.

Көчмөндөрдүн боз үйлөрү бар, диний эски ырым-жырымды жактоочулардын боек менен кооздолгон чакан тамдары, Байкал жээгиндеги сүрдүү чиркөө – булардын баары туристтер үчүн ачык. Стол үстүндөгү бир короо кой оюнун кантип ойноого болот? Эмнеге будда ламалары учпайт жана суюк халваны кайдан табууга болорун биздин өнөктөш – РИА Новости агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Эмнеге ламалар куштардай учпайт?

"75 жашка чейин гана жашайсың, жогорулатууң зарыл. Токойго жөнө, кумурскаларга кара нандан бер", — дейт Ацагатта жайгашкан (Улан-Удэден 50 чакырым аралыктагы айыл) Будда храмындагы Тарба Лама Доржиев. 

Тарба Лама Доржиев
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Тарба Лама Доржиев

Анын айтымында, кайрылгандардыy суроосу арбын. Батирди кайдан сатып алууну сурашат, үйлөнөрдүн алдында кеңешип, жаштар бири-бирине төп келип-келбегенин текшеришет. Соңку убакта орус улутундагы аялдар көп келе баштады, мусулмандардан да кайрылгандар бар.

"Буддизм — бул дин эмес, окуу, ошондуктан мында ага ишенүү милдеттүү эмес, — деп түшүндүрөт Доржиев, — Күн бардыгыбызга тегиз тиерин дайым айтып келем"
Священные барабаны около Этигэлэ Хамбо Ламын ордон (дворца Хамбо Ламы Итигэлова), где хранится нетленное тело XII хамбо-ламы Даши-Доржо Итигэлова.
© Sputnik / Владимир Песня
Этигэлэй Хамбо ламын ордондун (Хамбо-Лама Итигэлов ордосу) тегерегиндеги ыйык барабандар

Лама-философ катары (алар табып, көркөм искусство жана купуя илимге адистешкен астролог болушат) бул киши дарс окуйт.

"Менден сыйкырдуу бир нерсени көрсөтүүнү көп өтүнүшөт, баары кереметти күтөт, бирок андай жок да. Анан калса, мен уча турган болсом, баары коркуп, жакасын кармашат болчу", — деп кошумчалайт мыйыгынан жылмая Доржиев.

Монголдордун тартуусу

Ацагат дацаны — буддисттик чиркөө университети — республикадагы эң эзелкилерден. Ага Бурятияга келген сапарында болочок император Николай II да баш баккан деген кеп бар.

Кичинекей Нарын-Ацагат айылында Тибеттин руханий жана жарандык лидери Далай-лама XIIIнүн (1876–1933) жети устатынын бири Агван Доржиевдин үй-музейи жайгашкан. 

Экскурсовод в доме-музее Агвана Доржиева
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Агван Доржиевдин үй-музейиндеги экскурсовод

Анча байкалбаган чакан там бул жакка кирген буддистердин баары оңтойсуз кылган нерсени жашырат. Доржиевдин жана анын шакирттеринин момдон жасалган фигурасынан сырткары, Далай Лама XIV да бар.

Тирүүлөрдүн элесин мындай кылып чагылдырууга жол берилбейт. Анткен менен Монголиядагы жаш чеберлер далай-ламалардын бир нечеси жашап өткөнүн ойлошпой, өздөрү билген – азыркы гана Далай-ламанын скульптурасын жасашкан.

Доржиев дипломат, агартуучу, коомдук ишмер, мындан тышкары, Санкт-Петербургдагы Европанын биринчи буддисттик храмынын курулушунун демилгечиси катары белгилүү.
Статуя XII хамбо-ламы Даши-Доржо Итигэлова около Этигэлэ Хамбо Ламын ордон (дворец Хамбо Ламы Итигэлова) в буддийском монастырском комплексе Иволгинский дацан.
© Sputnik / Владимир Песня
Этигэлэй Хамбо ламын Ордондун тушундагы Иволга дацаны буддисттик монастырь комплексиндеги XII хамбо-лама Даши Доржо Итигэловдун статуясы (Хамбо-Лама Итигэловдун ордосу)

"Бизге Санкт-Петербургдагы мектептердин директорлору келген, аларга дацан Кичи Невканын жээгиндеги деп айтып бергем. Алар мен айткан жерде дайра жок, метро жайгашканын айтып жатышпайбы! Кийин өзүм барып көрдүм, чындап эле дайра жок экен,"— деп эскерет Ирдындын экскурсоводу Дара Батмаевна.

Боз үйдөгү коммунизм

"Чынжырды ыргытасың. Ал стол үстүнө түшкөнчө чогултулган чүкөдөн өзүң тарапка колдон келишинче көптү жылдырып үлгүрүшүң керек. Эгер жетишпей калдыңбы, анда бир короо койду жаңы эле уттурдум дей бер", — деп түшүндүрдү этнокомплекстеги гид стол үстүндөгү оюндун эрежесин. 

Хребтовые кости для традиционных бурятских игр
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Салттуу бурят оюндары үчүн чүкөлөр

"Талаа көчмөнү" (Ацагаттан автоунаа менен он мүнөттүк жол) этнокомплексинде монголдордун турмушу менен таанышып, алардын улуттук кийимдерин кийип көрүүгө болот. Боз үйлөр киши жашагандай жана алар бир азга сыртка чыккандай туюлат. Дал ортосунда очок, сол тарабы салтка ылайык аял кишилерге, оң жагы эркектерге таандык. Ал эми ашташкан жери – сыйынуу үчүн орун. Мейман баш багары менен ошол жакка өтөт. 

Сотрудники этнокомплекса «Степной кочевник» в юрте с туристкой
© Фото / из личного архива Ирины Овчинниковой
"Талаа көчмөнү" этнокомплексинин кызматкерлери турист кыз менен боз үйдө

Бурятиялыктарды туурап андан ары алардын элдик бий-хору болгон "Ёхорду" аткардык. Ырдын сөзүн так түшүнө албадык, бирок абдан шаңдуу, бир-эки жеринде "комсомол" жана "электрификация" дегендей угулду бизге. Тамашалап жатышабы деп тактасам, Советтер Союзунан бери ырдалган улуттук ырда чындап эле булар камтылат экен. 

В этнокомплексе Степной кочевник
© Sputnik / Ирина Овчинникова
"Талаа көчмөнү" этнокомплекси

Талаа көчмөндөрү XX кылымдын башында отурукташып, чакан тамдарда жашай башташкан. Кадимки эле үйлөрдөй, тек гана ортосунда боз үйдөгү очоктой болгон меш турат.

Россиядагы Тибет буддизми

Россиянын Буддисттик салттуу Сангхинин башкы дацаны Иволгин Бурятиянын борбор калаасы Улан-Удэден 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Мында он чакты храмды көрүүгө болот. Ар биринин ичинде — чатырлары кытай стилинде, катар-катар тирөөчтөрү бар залдар бар. 

Главный дацан Буддийской традиционной Сангхи России — Иволгинский — находится в 30 километрах от столицы Бурятии Улан-Удэ.
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Россиянын Буддисттик салттуу Сангхинин башкы дацаны Иволгин

Буриятияда буддизм өзгөчө, Кытай, Таиланд же Вьетнамдагыга окшошпойт. Бул – "сары" деп аталган тибеттик салт. Анда айрыкча ыйман, монах тартиби жана философияга чоң көңүл бөлүнөт.

Монах у входа в Этигэлэ Хамбо Ламын ордон (дворец хамбо-ламы Итигэлова), где хранится нетленное тело XII хамбо-ламы Даши-Доржо Итигэлова
© Sputnik / Владимир Песня
ФОТО: XII хамбо-лама Даши Доржо Итигэловдун чирибеген сөөгү сакталган Этигэлэй Хамбо-ламын Ордондун (Хамбо-лама Итигэлов ордосундагы) кире беришиндеги монах

Храмдардын биринде Хамбо-лама Итигэловдун чирибеген сөөгү сакталат. Уламышка караганда, 1927-жылы Чыгыш Сибирдин буддисттеринин жетекчиси нирванага (буддисттерде – көр тиричиликтен көтөрүлө, жандын жай алышы) сүңгүйт. Азыр ага миңдеген табынуучулар келип, тилек кылып, анан да эң башкы нерсени билгилери келет. Ага жооп катары жүзүндө араң байкалган кыймылды кабылдашат. Эмне көргөндөрүн — жылмаяр-жылмайбас болгонун же жактырбагандай кабак-кашын түйгөнүн эч бир жанга айтканга болбойт.

Талкаланган табактардын сыры

"Семейликтердин үйлөрүнө кирип суу сурасаң, короодон чыгып-чыга элегиңде идиштин сынганын кулагың чалчу убактар эсимде. Алар бейтааныш даам сызган идишти жуушкан эмес, илдет жугузуудан абдан чочулашкан", — деп баяндайт диний эски ырым-жырымды жактоочулардын кыштагы Тарбагатайга бараткан жолдо жергиликтүү туристтик агенттиктердин биринин кызматкери Валентин. Семейликтер деп XVIII кылымдын аягында Речь Посполитая аймагынын бөлүштүрүүсүнөн соң Забайкальеде жайгаштырылгандарды (чоң-чоң үй-бүлөлөр менен келишкен) аташат.

"Жик чыккандан кийинки жүз жылда биз Польшада болчубуз, бирок Екатерина II бизди ыраак жактарга жөнөтүүнү чечкен. Андан соң бардар жашадык, революция алдында айылда беш чиркөө жана собор болгон. Анын ордунда 1934-жылдан ушул күнгө дейре турган оорукана жайгашат", — дейт бизди чиркөөдө күтүп алган дин кызматкери Сергий.
  • Священник старообрядческой церкви в Тарбагатае отец Сергий
    Диний эски ырым-жырымды жактоочулар чиркөөсүнүн кызматкери отец Сергий
    © Sputnik / Ирина Овчинникова
  • Церковь старообрядцев в селе Тарбагатай
    Тарбагатайдагы чиркөө
    © Sputnik / Ирина Овчинникова
1 / 2
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Диний эски ырым-жырымды жактоочулар чиркөөсүнүн кызматкери отец Сергий

Эки бармак жана үч бармак, сегиз бурчтуу кресттердин (чырымдардын) маанисин түшүндүрүп, кол жазма китептерин көрсөттү.

"Бизде дин кызматкерлерине көп нерсеге тыюу салынган, антпесе береке кетет", - деп эрежелерди өтө бекем сактайт.

Музей истории и культуры старообрядцев в селе Тарбагатай
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Тарбагатай айылындагы музей

Бирок анын демилгеси менен түзүлгөн тарых жана маданият музейиндеги экспонаттарды отец Сергий сыймыктануу менен сүрөткө тартууну өтүнүп, 300 жылдык үрөн сепкич жана сапыргычтарды, анан да жергиликтүү элдин кийимдерин өзү көрсөтөт. Алар абдан жакшы сакталган, түстөрү да ачык, алар бул жакка жакын жерден өткөн Кытайдан бет алган кербен жол менен алып келинчү. Чындап эле бул жактагылар жарашыктуу кийинип жакшы турушкан.

Жергиликтүү үйлөнүү той

"Бизде үйлөнүү тойго мейман чакырышкан эмес, эки жаш элге ооз тийгизчү азыгын көтөрүнө үймө-үй кыдырган. Ошол себептен баш кошуунун урматына арналган салтанат коңшу-колоңдордун баарыныкына кирип чыкмайынча бүткөн эмес", — дейт Десятниково айылындагы "В гостях у семейских" борборундагылар. 

Гуляния на свадьбе староверов, село Тарбагатай
© Фото / из личного архива Ирины Овчинниковой
Тарбагатай айылындагы "үлпөт той"

Бул жакта чыныгы конок үйдө жергиликтүү диний эски ырым-жырымды жактоочулар кантип жашаганын (азыр да кантип жашап жатышканын) көрсөтүп беришет. Бирок салттуу үйлөнүү той азыр жокко эсе, анткени жаштар шаарларга жер которуп кетишет. Ал эми карыялар Польшаны бир кездерде байырлаган ата-бабаларынын ырларын аткарышат, туристтер үчүн үрп-адаттарды сахналаштырып, айылдын меймандарына меш же коломтодо бышырылган тамак-аштарды сунушат. Суюк халвадан ооз тийгизишет, аны жемиштен жасалган таттуулуктар сыяктуу блинге сүйкөп жеген абдан ыңгайлуу. Эзелки рецепт менен азыр жасалбайт, дүкөндөн сатып алышат. Болгону бууга эритип, бал аралаштыруу керек. 

Семейские старообрядцы
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Семейлик диний эски ырым-жырымды жактоочулар

Десятниково Бурятиядагы эң кооз кыштак болуп саналат, жалпы россиялык кооз айылдардын сабынан да орун алган учуру арбын. Бирок түркүн-түстүү кооз тамдар жакында калбай калышы ыктымал.

"Тургундардын көбү үйдүн фасаддарын желим менен жаба башташты, мындайда жылына эки ирет сырдап убара тартышпайт. Себеби күн катуу тийгенде өңү тез оңуп кетет. Акыркы жылдары мен акысыз боек сурап бийликке кайрылып келем, азырынча буга макул болуша элек", — дейт диний эски ырым-жырымды жактоочулар борборунун жетекчиси Любовь Пластинина.
Десятниково считается самой красивой деревней Бурятии и часто попадает в аналогичные российские рейтинги.
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Десятниково Бурятиядагы эң кооз кыштак болуп саналат

Анын айтымында, пандемияга дейре Десятниководогу салттуу жашоону жакындан көрүү үчүн көбүнчө кытайлыктар, немистер, япондор келишчү. Россиялык туристтер 20 пайыздын тегерегинде эле.

Туруктуулук шамалы

Байкалдын чыгыш жээгинде өткөнгө көз салчу кеминде эле дагы бир жер бар. 1682-жылдан бери жергиликтүү монголдор тарабынан орус элчилигинин өкүлдөрү өлтүрүлгөн жерде азыр Спасо-Преображенск Элчи монастыры турат. 

Посольский монастырь на берегу Байкала
© Sputnik / Ирина Овчинникова
Байкал жээгиндеги Элчи монастыры

Чиркөөдө ыйык Иоанн Креститель, Николай Чудотворец жана башкалардын улгайган италиялык айым белек кылган кургатылган сөөгү коюлган уникалдуу кемеси сакталат.

"Эмнеге ал бизге андай белек кылганын билбейм. Анын уулу дипломат болгонун айтышат, ал эми биз бул ишмердикке тиешебиз бар имиш", — деп моюнга алат отец Лука.

Табынуучулар үчүн мейманкана да иштейт. Чындыгында бул жактарга негизинен жайкысын агылышат, себеби саратанда муздак шамал жок, катуу да сокпойт.

* Материалды даярдоодо Бурятия Республикасынын Маалыматтык саясат комитетинин көрсөткөн көмөгүнө ыраазычылык билдиребиз.

208
Белгилер:
монах, турист, оюн, чүкө, Тибет, тарых, маданият, Бурятия, Россия
Тема боюнча
Алп жаныбарлардын кайтып келиши. РФте жоголуп бараткан зубрду сактап калышты
Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары
Турак жайдагы лифттин баскычтары. Архив

Тамак ташыган лифт официант келиндин башын үзүп кете жаздады. Москвадагы окуя

295
(жаңыланган 22:57 09.08.2020)
Официант тамак ташыган анча чоң эмес лифтинин жанында турган. Ошол мезгилде, сыягы, ал биринчи кабаттагы ашпозчуларды чакырып жаткан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Москванын түштүк-батыш тарабындагы тамактануучу жайлардын биринде тамак ташыган лифт аз жерден барда иштеген официанттын башын үзүп сала жаздады. Бул тууралуу РИА Новости "Московский комсомолец" басылмасына таянып кабарлады.

Окуя 8-августка караган түнү болгон. Официант келин тамак ташыган анча чоң эмес лифтинин жанында, экинчи кабатта турган. Ошол мезгилде, сыягы, ал биринчи кабаттагы ашпозчуларга бир нерсени кыйкырып айтып жаткан.

"Аял кокустан кнопканы басып алып, лифт биринчи кабатка кетип калган. Токтотуучу системасы иштеп баштаганда ал бир нече метрге өтүп кеткен. Жыйынтыгында официант келиндин мойну эки механизмдин ортосунда калган. Лифтти экинчи кабатка чакырып, эптеп башын тартып алганга үлгүргөн. Учурда моюн омурткасы сынып, реанимацияда жатат", — деп айтылат маалыматта.

Шуулдаган парашют, айланган жер... Россиялык десантчылардын видеосу

Күбөлөрдүн айтымында, ал чарчагандыктан ушундай окуяга кептелген. Жабыркаган аялдын баласы бар, өзү Воронеж шаарынан, аталган барда бир айдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатканы маалым болду.

295
Белгилер:
лифт, окуя, официант, Москва
Тема боюнча
Ажалы жок экен. Кытайда 30-кабаттан кулаган кишинин аман калган видеосу

Шуулдаган парашют, айланган жер... Россиялык десантчылардын видеосу

348
(жаңыланган 21:45 09.08.2020)
Россиянын Коргоонуу министрлиги Туладагы Аба-десант гвардиясынын аскерлеринин парашюттан машыгуу учурунда секирген видеосун жарыялады.

Аталган кезектеги иш-чара Клоково аэродромунда жасалган. Аскерлер Туланын Слободка деген аймагынын жанына секирген.

Россиялык Су-27 АКШнын тыңчы учагын кайра кайтарды

Видеодон секире турган адамдын учактан абаны көздөй аттагандыгын көрүүгө болот. Бул ар бир адамды ар кандай абалга салган абал. Бирөөлөр ичиркенип жүрөгү шуу десе, экинчилерине адреналин. Видеодо парашютчунун асманда АН-2 учагынын ичинен сыртты көздөй кадам таштап, андан соң кескин айланып, андан кийин жаай каалгый жерди көздөй бараткан учурларды жана финалды, талаага келип түшкөн учурларды ырааттуу көрүүгө болот.

348
Белгилер:
парашют, Аскер, Россия
Тема боюнча
Кемелер парады. Россияда Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилешти. Видео
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт

Жалкоолук, тойдон тойго жашоо... Токаев казак коомунун беш кемчилигин атады

0
(жаңыланган 18:05 10.08.2020)
Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата "Абай — руханий реформатор" деген аталыштагы макала жазып, анда казак коомчулугунун бир нече кемчиликтери тууралуу дагы айта кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

"Өз доорунда Абай айткан "беш душманыбыздан" дагы деле толук кутула албай жатабыз. Тилекке каршы, коомубузда жалкоолук, пайдасыз сөздөр көп. Алар кишини тыңгылыктуу иш бүтпөгөн, маанисиз жашоого сүйрөйт. Ошондой эле эмгектенүүнүн ордуна ар бир нерседен саясат издегендер жок эмес", — деди Токаев.

Өлкө башчы эске салгандай, Абай тойдон тойго чейин күн санабай, билим алып, руханий өсүүгө чакырган.

"Биз билимдин аркасы менен гана өсө алабыз. Заманбап билим берүү интеллектуалдык жактан жетилген улут болууга жардам берет. Экинчи орунда тарбия турат. Улуу ойчул айткандай, пайда издебей, абийирди ойлойлу. Ошондо гана биз жаштарга үлгү боло алабыз", — деп жазган президент.

Мындан тышкары, ал Абай казак эли болушунча жаңы жана керектүү кесиптерге умтулуп, ар бир жаран өз ишинин чебери болушун каалаганына токтолду.

Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

"Азыркыдай кымгуут кезде бул өтө маанилүү. Байлык жок болуп кетиши мүмкүн. Ал эми иш билгилик өмүр бою биз менен калат. Биз ишке болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек. Анткени бизди сүйүктүү жумушубуздай эч нерсе бактылуу жана бай кыла албайт", — деп жазылат өлкө башчынын макаласында.

Ошондой эле Абай акын өз элин тилектештикке көп чакырганы айтылат. Ал "эгер казактын уул-кыздары бири-бирине пикирлеш, ыктымактуу болбосо, башка нерсенин баары бир тыйынга татыбайт" деп айткан экен.

Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы

Токаевдин пикиринде, Абайдын бул сөздөрү бир гана казак эмес, өнүгүп-өсүүнү каалаган ар бир элге жол көрсөткүч боло алат.

0
Белгилер:
эл, макала, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар