Россияда COVID-19ду дарылоочу жаңы дары чыгарылды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүЛабораториянын адиси иш учурунда. Архив
Лабораториянын адиси иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык компания жаңы дары иштеп чыгып, аны башка мамлекеттерде дагы тесттен өткөрүп көрүштү. Азыр биринчи партиясын чыгарып, клиникалык сыноого кам көрүлүүдө.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россиялык компания COVID-19ду дарылоочу каражат иштеп чыкты. Ал 10-12 күндөн кийин клиникалык сыноодон өткөрүлө баштаарын Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко президент Владимир Путин менен жолукканда айтканы Кремлдин сайтында жазылды.

"Россиялык компания жаңы дары иштеп чыгып, аны башка мамлекеттердеги кесиптештер тесттен өткөрүп көрүштү. Азыр биринчи партиясын чыгарып, клиникалык сыноого кам көрүп жатабыз. Учурда документтери даярдалууда. Бул илдетти дарылоонун жыйынтыгын бир топ жакшыртат”, — деди Мурашко.

Дарыгер шприцти даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда коронавирусту дарылай турган препараттар адамдарга сынала баштады
Буга чейин Россияда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн иштелип чыккан "Мефлохин", "Гидроксихлорин" жана "Колидавир" препараттарына клиникалык изилдөө жүргүзүлө башталганы айтылган.

Препараттарды тестирлөө иши А.И.Бурназян атындагы федералдык медициналык биофизикалык борборунда жасалмак. Дары коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптарга алардын кат жүзүндө берген уруксаты менен колдонулат.

Акыркы маалыматтарга караганда, Россияда вирус жуктуруп алгандардын саны 18 328ге жетти. 1 500 адам сакайып, 148 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0