Путин: вакцина жана дары-дармек боюнча жакшы иштер жасалууда

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россияда бир катар илимий борборлор коронавирусту дарылоочу дары-дармектерди чыгарганын айтып келген. Көпчүлүгү учурда сыноо стадиясында турат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия коронавируска каршы вакцина жана аны дарылоочу дары-дармектерди табуу боюнча активдүү иштеп жатат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары менен болгон видеоконференция маалында билдирди.

Анын айтымында, учурда Россия пандемияга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү жагынан четте карап турбай, жардамга муктаж болгон өлкөлөргө кол кабыш кылууга аракет кылып жатат.

Ошондой эле ал таржыйба алмашып турууну сунуштады.

"Россия коронавируска каршы дары, вакцина табуу боюнча бир топ иштерди кылып жатат. Буюрса жакында анын жыйынтыгын сиздер менен бөлүшөбүз деп ойлойм”, — деди Путин.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйын коронавирус менен күрөшүү жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикалык туруктуулугун колдоого багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0