Мыкты деп табылды! Россиялык "Армата" эмнеге Сирияда сыналууда?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТанк Т-14 "Армата" репетиция учурунда. Архив
Танк Т-14 Армата репетиция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Т-14 "Армата" танкын Сирияда текшерүү Москванын бул түзүлүштү дагы өрчүтүү жана эл аралык рынокто россиялык курал-жарак технологиясынын жогорку ордун дагы бир ирет бекемдөөгө карата умтулуусун айгинелейт.

Танктын жаңы үлгүсүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салды.

"Армата" платформасындагы жаңы куралган Т-14 танкын сыноолор чыныгы согуштук аракеттер шартында аяктоодо. Бул – негизги аскердик танкты түзүүнүн эң оптималдуу жолу. Жаңы түзүлүш эң алдыңкы технологиялар, уникалдуу санарип жана программалык чечимдер топтолгон жана Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин өзгөчө талаптары эске алына куралган.

"Армата" россиялык танкы Сирияда аскердик сыноодон өткөрүлгөнүн жана куралдуу күчтөргө машинанын сериялык тапшырылышы 2021-жылы башталарын РФ өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров 19-апрелде билдирди. Дүң кылган бул кабар чет элдик басылмаларда чоң резонанс жаратты.

Учения системы материально-технического обеспечения Восточного военного округа - Sputnik Кыргызстан
Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок
"Армата" – өзгөчө маани берилишине татырлык көлүк. Бул – киши отурбаган мунарасы жана экипажга арналган брондолгон капсуласы да бар үчүнчү муундагы жападан жалгыз танк. Бронетехникалардын бардык алдыңкы үлгүлөрүн, анын ичинде америкалык Abrams, франциялык Leclerc жана немис Leopard 2ни да артта калтырат.

Россиялык танк 2019-жылы эң өнүккөн мамлекеттердин 12 көлүгүнүн ичинен мыкты болуп табылган. Кантсе да, дүйнөдө "Арматанын" түз атаандашы же аналогу жок. Танк экипаж да өзүнчө (брондолгон капсулада), ок-дары комплекти жана күйүүчү май өзүнчө жайгаштырыла тургандай модулдук негизде жасалган, аралыктан башкарууга мүмкүнчүлүгү да аталган аскердик көлүктүн натыйжалуулугун жана бекемдигин жогорулатат. Заманбапташтыруу жана роботтоштуруу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөргө ээ. Куралдуу күчтөрдү тескөө жана тактикалык бөлүктүн куралдарын автоматташтырылган тутумга интеграциялоо жагы да каралган.

Аскердик сыпаттамасы

Адистер "Арматаны" мүмкүн болгон бардык каршылаштардын танктарынан 25-30 пайызга натыйжалуу жана бекем деп эсептешүүдө. Экипаж (үч киши) 125 миллиметрлик 2А82 сайсыз замбиректи танктын корпусунда жайгашкан брондолгон капсулада отуруп алып, аралыктан башкарат. Бул экипажга киши отурбаган мунарасына заманбап жана танкка каршы снаряд жана ракеталык чабуул түз тийсе да, ок-дарыны өрт чалса да аман калууга мүмкүнчүлүк берет (от алдыруу автоматында ар кыл багыттагы 40 снаряды өзүнчө жайгашкан). Дүйнөлүк танк курулушунда бул  таптакыр жаңы чечим.

125 миллиметрлик замбиректин атуу кубаты танк жабдыктарынын баарынан озуп чыгат (анын ичинде "Леопард-2А6" 120 миллиметрлик тутумунан дагы), тез атар мүмкүнчүлүгү мүнөтүнө 12 жолу ок чыгарууну, "Арматанын" оптикасы бутаны күндүзү 5 чакырым жана түнкүсүн 3,5 чакырымдан мээлөөгө, курал-жарак, танк пулемету жана мээлөөсү жүрүп баратып да ок чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. 48 тонна салмактагы көлүк саатына 90 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат, 2000ден ашуун саат моторесурстуу, 1500 ат күчүнө ээ дизелдик кыймылдаткыч.

 Россиянын гиперүндүү курал системаларын сыноо - Sputnik Кыргызстан
РФ гипер үндүү курал боюнча АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартпайт. Бир шарт менен
Келечекте "Армата" аралыктан гана башкарылмакчы, башкача айтканда, танктын корпусунда киши отурбай (экипаждын эң мыкты корголгону – анын бортто болбогону).

Снаряддан сактай турган жаңы, кыйла бышык жана жеңил калканчынын бекемдиги 900 миллиметрден жогору, муну Москвадагы "Болотту илимий изилдөө институту" (салмагынын 55 тоннага чейин азайтылышы маневр жасоо жөндөмүн арттырат) иштеп чыккан. "Арматанын" чынжыр платформасы абдан универсалдуу, жаңы оор БМП, чалгындоо, башкаруу, танктарды колдоо, инженердик техника көлүктөрдүн өндүрүшүнө да жарайт.

"Армата" танкы "эшелондук коргоого" ээ. "Малахит" пассивдүү коргогучу "Афганит" активдүү коргоо комплекси менен толукталган. Ал автоматтык режимде душмандардын танктарга каршы жакындап учуп келе жаткан снаряд, бомба жана ракеталарды экипаждын катышуусусуз жок кылат.

"Афганит" радиооптикалык радары (төрт фазалык антенналык торлору)  "танктык интеллектини" коркунучтардан кабардар кылат, андан соң душмандардын ракеталары радиоэлектрондук басаңдатуу тутумун иштен чыгарат. "Афганит" бутаны күч менен жок кыла алат, ал эми резервде "Реликт" модулдук комплекси бар "Малахит" динамикалык коргоосу калат. Алар тандемдик типтеги снаряд жана ракеталарды жок кылууга жөндөмдүү. Атайын катмар менен жабылган танктын оңой-олтоң эмес тышы жылуулук жана радиолокациялык спектрлерде да байкалтпайт.

Кайра жабдуу жана экспорттоо

Россия армиясына жалпы 2300 "Армата" танкы керек деп аныкталган, РФ Коргоо министрлиги жыл сайын 200дүн тегерегинде танк сатып алууну пландоодо. Биринчи баскычта, 2016-жылдын сентябрындагы "Уралвагонзавод" менен болгон келишимде тажрыйбалык партияга 100дөн ашык машина белгиленген.

"Армия-2019" форумунда россиялык аскердик мекеме 132 Т-14 аскердик көлүк (танк) жана Т-15 (оор БМП) (аткаруу мөөнөтү – 2021-жылдын аягына чейин) сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

"Армата" платформасындагы танкты мамлекеттик сыноодон өткөрүүнү 2020-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Жаңы көлүк Арктика, Сирия жана планетанын катаал жерлериндеги (–50дөн +50 градус Цельсияга чейинки) шарттарда бардык сыноолордон өткөндөн кийин гана пайдаланууга берилет.

Ту-22М3 ультраүндүү бомбалоочу учак-ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кинжал" кайтып келди. Россиянын Ту-22М3 учагын кайра учурушуна эмне себеп?
Бул курал жабдыгынын жаңы, революциялык тутумунун жогорку натыйжалуулугу жана пайдаланылышы тастыкталды. Тегин жерден чет элдик сатып алуучулардын кызыгын жараткан жок.

"Армата" – кымбат баадагы танк, бирөө 7 миллион долларга бааланышы анын жогорку технологиялык түзүлүшү, сыноо жана заманбапташтыруу бир кыйла цикли менен шартталган (өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен наркы төмөндөшү мүмкүн). Бирок чагыбызда толук жакшыртылган курал көптөгөн мамлекеттердин эгемендүүлүгү үчүн эң зарыл инструмент катары кызмат кылат, андыктан, Т-14 танкын сатып алууга Москва эмитен эле алдын ала буюртмаларды алды (Мисир, Индия, Кытай жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрдү). Россия армиясында "Армата" пайда болору менен сыртка да чыгарыла баштайт. Анан, албетте, көлүктүн экспорттук көрүнүшүнүн паспортун алган соң бул оңой-олтоң иш эмес экенин эске салалы.

Кандай болсо да, Т-14 планетанын көптөгөн жаңжалдуу жерлеринде россиялык куралдын баркын көтөрүүгө жөндөмдүү. "Арматага" жумшалган соңку технологиялык чечимдер XXI кылымда алдыңкы сапта кармалууга мүмкүндүк берет.

Бекеринен чет элдик серепчилер бул танкты кургактагы эң сүрдүү куралдардын тизмесине чыгарбагандыр. Ал эми Германия менен Франциянын аскердик мекемелери "Арматага" тең келчү атаандаш курап чыгууга тырышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0