Илим изилдөө борборунун директору Георгий Викулов

Адис: Азия менен Европаны коронавирустун эки башка түрү каптады

605
(жаңыланган 16:54 24.04.2020)
Дарыгер Европада жайылган вирус Азиядагыга караганда бир топ олуттуу жана коркунучтуу экенин айтууда.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Коронавирустун Европада башка, Азияда башка түрү жайылган. Бул туурасында Россиянын Вирустук инфекциялардын алдын алуу жана дарылоо боюнча илим изилдөө борборунун директору Георгий Викулов билдирди.

Анын айтымында, март айында адистер вирустун так мутациясын иликтеп чыгышкан.

“Коронавирустун бир нече штаммдары бар экени (белгиленген убакытка аныкталган жерге изоляцияланган вирустар ― ред.), анын ичинде азиялык жана европалык болуп бөлүнөрү аныкталган. Россиянын аймагына АКШга чабуул койгон европалык штаммдагы инфекция жайылды. Бул жакта жуктурган адамдардын 90 пайызы чет өлкөдөн келген. Андан кийин вирус өлкө ичинде тарай баштады”, ― деди Викулов.

Ошондой эле ал европалык штаммдын дарамети азияныкына караганда олуттуу жана коркунучтуу экенин белгилейт. Буларда вирус көбөйүп, ал эми мутация алда канча агрессивдүү болушуна алып барарын айтат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

Жонс Хопкинс университетинин соңку маалыматына ылайык, коронавирусту жер жүзүндө 2,7 миллионго жакын адам жуктуруп, 190 миңден ашыгы көз жумду.

605
Белгилер:
статистика, кароо, Европа, Азия, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1066)
Тема боюнча
Той бергенге дарман жок! Ишкерлер карантинден кийинки жашоосуна сереп салды
COVID-19 жуктурган бейтапты дарылоого канча акча короп жатат? Министрликтин жообу
COVID-19га каршы россиялык Спутник V вакцинасы. Архив

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

47
(жаңыланган 21:15 28.09.2020)
Клиникалык изилдөөлөр Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Эмдөө 1-октябрда башталмакчы.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиникалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

47
Белгилер:
Россия, вакцина, Беларусь
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1066)
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет
Twitter социалдык тармагы. Архив

Twitter РИА Новостиге санкция киргизди. "Россия сегодня" үн катты

34
(жаңыланган 21:12 28.09.2020)
Социалдык тармактын бул кадамы боюнча эл аралык агенттик маалымат берип, азырынча администрация кайрылууга эч кандай жооп бербегендигин айтты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Америкалык Twitter социалдык тармагы РИА Новостиге цензура койду. Бул тууралуу аталган агенттик жазды.

Анын аккаунтуна катталбаган интернет колдонуучулар эми агенттиктин баракчасын Россиядан да, башка аймактардан да таба албайт. Мындан мурдараак ушундай жол менен Russia Today менен Sputnik профилдери да чектөөгө алынган.

"Twitter тарабынан көрүлгөн мындай чектөө ЖМКга болгон цензура деп эсептейбиз, буга Россиянын Конституциясында тыюу салынган. Биздин кайрылып, сураганыбызга эч кандай реакция болгон жок жана чечимдерин түшүндүрө алышкан жок. Маргарита Симоньяндын жеке аккаунтунда "мамлекеттик басылма" деген белги турат. "Америка үнү" же "Азаттык радиосунда" коюлган андай нерсени таба албайсыз. Бул ушундай адилеттүүлүк жана тең укуктуулук. Анан, албетте, туура "сөз эркиндиги", ансыз кантип болсун. Бул текстти Роскомнадзорго кайрылуусу деп эсептөөнү суранабыз", — деп билдиришти "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин маалымат кызматынан.

Мамлекеттик думанын маалымат саясаты боюнча комитетинин мүчөсү Антон Горелкин цензура террордук ыкма менен киргизилди деп эсептейт.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

"Бул жарыяланбаган согуш деп аталат... Эгерде РИАнын түрмөгүнүн администрациясы тарабынан эрежелери бузулса, санкциянын салынышы туурасында түшүндүрүшү керек эле. Ал эми бул жерде тармактагы издөө кызматынан ири маалымат агенттигинин аккаунтун чыгарып салып, унчукпай отурушат", — деди Горелкин.

Федерация кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча төрагасынын орун басары, Маалымат саясаты боюнча комиссиянын мүчөсү Александр Башкин РИА Новостинин Twitter тармагындагы профилин чектеп салуу Россияга каршы жарыяланган кадимки маалыматтык согуш деп мүнөздөдү.

Август айында Twitter жетекчилиги бийликтин көзөмөлүндө болгон ЖМКларды маркалоо башталарын билдирген эле. Албетте, бул эреже баарына бирдей тиешелүү эмес.

34
Белгилер:
цензура, чектөө, Twitter, АКШ, Россия
Тема боюнча
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен барды. Кимдер коштоп жүрөт

0
(жаңыланган 23:52 28.09.2020)
Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Венгрияга расмий визит менен барган президент Сооронбай Жээнбековду Венгриянын вице-премьер-министри Михай Варга тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Жээнбеков Венгрияга барат. Эки өлкөнүн соода-сатык алакасы кандай

“Жээнбеков жана Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат. Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат”, - деп айтылган маалыматта.

Кыргызстан делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков президент Янош Адер жана Улуттук жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугат.

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

0
Белгилер:
расмий сапар, Сооронбай Жээнбеков, Венгрия, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди