Путин Россиянын жарандыгын алууну болуп көрбөгөндөй жеңилдетти

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРоссиянын Биометрикалык паспортторду каттоо жана берүү. Архив
Россиянын Биометрикалык паспортторду каттоо жана берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин чет элдиктер Россиянын жарандыгын алуу үчүн сөзсүз түрдө башка мамлекеттеги жарандыгынан баш тартышы керек болсо, азыр бул пункт алып салынды.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Владимир Путин Россиянын жарандыгын алууну жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, бул мыйзам Россияда такай жашап, бирок жарандыгы жок жүргөн чет элдиктерге тийиштүү.

“Мындан ары россиялык болуу үчүн адам сөзсүз түрдө башка мамлекеттеги жарандыгынан баш тартышы зарыл эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле буга чейин мурдагы СССРдин аймагында төрөлгөндөр жарандык алуу үчүн Россияда кеминде үч жыл жашашы керек болсо, жаңы мыйзамда ал пункт алып салынды.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин мигранттардын жашоосун жеңилдетти. Жаңы эрежелер
“Ушул эле норма россиялык жарандардын чет элдик түгөйлөрү үчүн дагы иштейт. Мындан сырткары ата-энесинин бири Россиянын жараны болсо, ал адамга дагы жарандык алууга жеңилдик берилет”, — деп белгиленет маалыматта.

Ал эми туруктуу жашоого уруксаты бар Молдова, Украина, Белоруссия жана Казакстандын жарандары өлкө аймагында белгилүү бир мөөнөт жашоо тууралуу талапты сактабастан эле арыз бере алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0