РФ өкмөтүнө изоляция режимин 12-майга чейин узартуу сунушталды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДезинфекция дорог и тротуаров в Москве
Дезинфекция дорог и тротуаров в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова вирусолог, эпидемиологдордун чектөө чараларын узартуу боюнча сунушун президент жана өкмөт башчыга жеткирип барарын убадалаган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын кара тумоого (чума — ред.) каршы "Микроб" илимий-изилдөө институтунун жетекчиси Владимир Кутырев өкмөткө өзүн-өзү изоляциялоо режимин 12-майга чейин узартууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

Маалыматка ылайык, мындай пикирин институт жетекчиси Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова менен өткөн жыйынында айткан.

"Академиктер коому менен сүйлөшкөндөн кийин адистерде коронавирустан улам киргизилген изоляция режимин өлкөдө 12-майга чейин узартуу керек деген ой пайда болду. Бул жакшы жыйынтык көрсөтөт", — деген Кутырев.

Илимий-изилдөө лабораториясынын кызматкери препарат даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска каршы Россияда чыгарылган 9 вакцина ДССУнун тизмесине кирди
Пастер Александр Семенов атындагы эпидемиология жана микробиологиялык илимий-изилдөө институтунун жетекчисинин орун басары изоляция режиминен акырындан жана абайлап чыгуу керектигин айтты. Анын ою боюнча, 12-майга чейин чектөө чаралары азыркыдай күчүндө болуп турса, Россияда оорунун үчүнчү толкунун алдын алуу мүмкүн.

Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова жакын арада чектөөлөр алынбай турганын айткан.

"Россия коронавирустун эки инкубациялык мезгилин басып өттү. Үчүнчү инкубациялык мезгил өткөндөн кийин гана кадимки жашоого кайтуу тууралуу айтса болот", — деген Попова.

Доставка пшеницы из России - Sputnik Кыргызстан
Россиядан сатып алынган буудайдын 15 вагону Кыргызстанга жеткирилди
Жыйындын соңунда Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова бардык адистерге, анын ичинде жыйынга катышкан вирусолог, эпидемиологдорго чектөө чараларын узартуу боюнча сунушун президент жана өкмөт башчыга жеткирип барарын убадалаган.

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 68 миңден ашты. Анын ичинен беш миңден ашыгы айыкса, 615и көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0