Россияда дем алыш күндөрү 11-майга чейин созулмай болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосква во время режима повышенной готовности из-за коронавируса
Москва во время режима повышенной готовности из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ лидери бийлик бутактарынын өкүлдөрү менен кезектеги онлайн жыйынын өткөрүп, оорунун жайылышын токтотууга багытталган чараларды талкуулап жатат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россияда дем алыш күндөрү 11-майга чейин созулат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин коронавирустун жайылышын токтотууга багытталган онлайн-жыйында билдирди.

Путин буга чейин 6-8-май күндөрү россиялыктар эс аларын айтып, айлыктары сакталарын билдирген болчу.

“Май айындагы бардык майрам күндөрдү кошкондо дем алыш күнү 11-майга чейин созулат. Мында профилактикалык чаралар сөзсүз сакталышы керек”, — деди Путин.

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда илдетке кабылгандардын саны 93 558ге жетип, анын 8 456сы сакайып кетти. 867 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0