Россия 12-майдан тарта этап-этабы менен чектөөлөрдү ала баштайт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосква во время режима повышенной готовности из-за коронавируса
Москва во время режима повышенной готовности из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы кайсы бир аймактарда катаал режимди күчөтүү керек болсо, дагы бир жерде чектөөлөрдү акырындык менен жеңилдетсе болорун билдирди.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин региондордун жетекчилери менен болгон онлайн жыйында 12-майдан тарта этап-этабы менен чектөө режиминен чыга баштоо керектигин айтты.

“Өкмөт менен Роспотребнадзор Мамлекеттик кеңештин жумушчу тобу менен биргеликте бир жуманын ичинде, тагыраагы, 12-майдан тарта этап-этабы менен чектөө режиминен чыга турган кадамдар боюнча сунуштаманы даярдап келишсин. Албетте, мында учурдагы эпидемиологиялык абал менен алдыдагы божомолдор эске алынышы керек”, — деди өлкө лидери.

Президент РФ В. Путин провел совещание с главами регионов по борьбе с распространением коронавируса в РФ - Sputnik Кыргызстан
Путин ишкерлерди колдоо боюнча жаңы план иштеп чыгууга тапшырма берди
Ал ошондой эле Федерациянын субъектилерине иштелип чыккан сунуштамалар алдын ала жетиши үчүн тапшырманы 5-майда аткаруу буйругун берди.

“Кырдаалга жараша кайсы бир аймактарда катаал режимди күчөтүү керек болсо, дагы бир жерде чектөөлөрдү акырындык менен жеңилдетүүнүн үстүндө иштей баштаса болот”, — деп кошумчалады Путин.

Буга чейин Россия лидери 11-майга чейин дем алыш күндөрүн жарыялаган. 

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда илдетке кабылгандардын саны 93 558ге жетип, анын 8 456сы сакайып кетти. 867 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0