Россия президенти Владимир Путин

Россиядагы COVID-19 менен күрөшүү: Путиндин билдирүүсүнүн маанилүү учурлары

505
(жаңыланган 23:15 28.04.2020)
Путин обочолонуу жана карантиндин талаптарын канчалык катуу сакталса, оорунун эпкини ошончолук эрте басаңдай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин онлайн форматында регион жетекчилери менен коронавируска каршы күрөшүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Россия лидеринин билдирүүлөрүнүн негизги учурларын тизмектейбиз:

  • Россияда коронавирус боюнча кырдаал оор бойдон калууда, оору жогорку чегине жете элек;
  • Дем алыш күндөрү 11-майга чейин узартылды;
  • Киргизилген чектөөлөр региондордогу абалга жараша этап-этабы менен алынат;
  • Роспотребнадзор менен өкмөткө 12-майдан тарта изоляция режиминен чыгуу планын 5-майга чейин даярдоо тапшырылды; 
  • Өкмөткө коронавирус кырдаалынан улам калкынын кирешелерин жана өлкө экономикасын ыраатташтыруу боюнча жалпы улуттук планды даярдоого тапшырма берилди;
  • 9-майда авиациялык парад өтөт, кечинде Улуу Жеңиштин урматына салют атылат.
“Россиянын бардык жараны обочолонуу жана карантиндин талаптарын канчалык катуу сактаса, оорунун эпкини ошончолук эрте басаңдайт”, — деп белгиледи Путин.

Россиянын 82 аймагында 5849 адамдан коронавирус табылды. Ал эми 60 киши каза таап, 677 бейтап айыгып чыкканы белгилүү болду.

Жалпысынан учурда РФте илдетке кабылгандардын саны 93 558ге жетип, анын 8 456сы сакайып кетти. 867 киши көз жумду.

505
Белгилер:
сактоо, режим, чектөө, Владимир Путин, коронавирус, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (745)
Тема боюнча
Путин коронавирусту аныктоочу тесттер массалык негизде жүргүзүлөрүн билдирди
Путин ишкерлерди колдоо боюнча жаңы план иштеп чыгууга тапшырма берди
Россия 12-майдан тарта этап-этабы менен чектөөлөрдү ала баштайт
Өкмөт 1-майдан тарта ишке кире турган тармактардын тизмесин жарыялады
Муштум. Архив

Москва: элчилик сабалган кыргызстандык боюнча ИИББге кайрылды

122
Окуя 25-майда Москвадагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгон. Кыргызстандык окуяны тизмектеп, милицияга арыз жазды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгына полиция кызматкерлеринин КР жаранын сабаганы боюнча кат жөнөттү. Бул туурасында дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алдын ала таратылган кабарда окуянын 25-майда Москва шаарындагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгону айтылды.

"Элчиликтин кызматкерлери ИИБдин Борбордук административдик округунун "Китай-город" деп аталган полициянын бөлүмүнө барышты. Ал жерден Кыргызстандын жараны окуянын кандайча болгонун тизмектеп жазып берди. Кайрылууну нөөмөт бөлүмүнө катташты", — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин кызматкерлери баргандан кийин ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынан тыкыр иликтөө болорун айтышкан.

122
Белгилер:
элчилик, сабоо, полиция, Москва, Россия, кыргызстандыктар
Тема боюнча
Москва: оорукананын курулушунда өрт чыгып, кыргызстандык көз жумганы айтылууда
Москвадагы мигранттар борборундагы чел өлкөлүк жарандар. Архивдик сүрөт

Россия мигранттар үчүн атайын тиркеме киргизиши мүмкүн. Максаты

133
Тиркемеде мигранттын социалдык-укуктук макамы, биометрикалык маалыматтары, ден соолугу жөнүндө кабар жана кылмыш кылган-кылбаганы камтылмакчы.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Адистер Россиянын Ички иштер министрлигине чет элдиктердин смартфондоруна мигранттын санариптик профили орнотула турган атайын тиркемени түзүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттикке маалымат берген ишенимдүү адамдын айтымында, министрлик "коронавирустук пандемиядан келип чыккан күтүүсүз жагдайларды" эске алуу менен миграция чөйрөсүндөгү кырдаалга болжолдуу анализ даярдады. Мекеменин эксперттери "оптимисттик" жана "пессимисттик" өнүгүү варианттары менен кыска мөөнөттүү (ушул жылдын аягына чейин) жана орто мөөнөттүү (алдыңкы эки-үч жыл) мезгил деп бөлүүнү сунушташкан. Адистер миграциялык кырдаалдын курчушу мүмкүндүгүнө байланыштуу аны чечүүнүн бир нече жолун айтышкан.

"Азыр мигранттын "социалдык ишеним рейтингин" чагылдырган санарип профилин иштеп чыгуу жана аны түзүү планы бар. Анда мигранттын социалдык-укуктук макамы, биометрикалык маалыматтары, ден соолугу жөнүндө жана кылмыш кылган-кылбаганы камтылат", — деп билдирди маектеш.

Ал кошумчалагандай, мигранттар мобилдик аппаратына орното турган атайын тиркемени иштеп чыгууну сунушташкан. Тиркеме "Мигрант" деп аталары болжолдонуп жатат. Ага чет элдик жумушчунун санарип профили коюлат.

"Россиянын чек арасы ачылгандан кийин бардык мигранттар үчүн тиркемени орнотууну талап кылган эрежени киргизүү сунушталууда. Андан баш тартуу мигранттын социалдык ишеним рейтингин төмөндөтөт", — деди маалымат берген адам.

Ошондой эле эксперттер кылмышка барбаган, бирок мыйзамсыз же жарым-жартылай мыйзамсыз жүргөн мигранттарга расмий укуктук мунапыс жарыялоону сунуш кылышкан. Бул массалык түрдө мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн керектиги белгиленет.

133
Белгилер:
тиркеме, Чет элдик, Мигрант, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (745)
Тема боюнча
Россия мигранттарга патент мөөнөтүн автоматтык түрдө узартып берет
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи

0
(жаңыланган 20:33 29.05.2020)
Окуу жайга алгач 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттер бир нече адистик боюнча билим алат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады. Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

  • ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
  • Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
  • Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
1 / 3
© Фото / пресс-служба ОшГУ
ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады

Анда курулуш иштерине Ош мамлекеттик университетинин бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

"Окуу жайдын филиалы күз айларында курулуп бүтүп калат. Капсула салуу аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин катышты. Филиал ОшМУнун алдында ачылат. Алгач 60тан 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет", — деп айтылат маалыматта.

Университеттин филиалында студенттер колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктерине билим ала алышат. Аны ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргызстан менен Россия президенттеринин жолугушуусунда колдоого алынган.

ОшМУнун маалымат кызматы 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгын да билдирди.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикстан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.

0
Белгилер:
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Москва, курулуш, окуу жай, Ош, Кыргызстан, Россия