Кош жарандыгы бар россиялыктарга өлкөдөн чыгууга уруксат берилди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАэропорттогу медицина кызматкерлери
Аэропорттогу медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр киргизилгенден кийин Россиядан чет элдиктер гана чыга алышчу. Эми бул эреже жумшарды.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Экинчи жарандыгы бар же чет өлкөдө жашап туруу укугуна ээ россиялыктарга өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилет. Мындай документ Россия өкмөтүнүн сайтында жарыяланган.

Анда жарандарга чет өлкөгө бир жолу барса болору белгиленген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр киргизилгенден кийин Россиядан чет элдиктер гана чыга алышчу.

Киши Россиянын паспорттун кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиялык паспортту кимдер оңой алышат? Жаңы мыйзамдын урунттуу учурлары
27-марттан баштап Россия башка мамлекеттер менен туруктуу жана чартердик каттамдарын токтоткон. Санитардык, гуманитардык жана башка зарыл жүктөргө байланыштуу каттамдар өкмөттүн чечими менен аткарылып жаткан. Андан кийин экспорттук рейстердин саны кыскарып, келген жүргүнчүлөрдүн санына чектөө киргизилген.

Шаршемби күнү премьер-министр Михаил Мишустин четөлкөлүктөрдүн кирүүсүнө коюлган чектөөлөрдү узарткан. Ал белгилегендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин гана чектөөлөр алынат.

Учурда дүйнөдө үч миллиондон ашуун адам коронавирус инфекциясын жуктуруп, 200 миңден көп киши көз жумду. Россияда COVID-19 диагнозу 100 миңге чукул адамга коюлуп, миңдей бейтап оорудан каза болду. Ал эми айыккандар он миңден көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0