Батыш Россиянын айынан ачка калабы? Айыптоолорго жооп

© AFP / ANGELA WEISSКишилер Нью-Йорктогу мобилдик тамак-аш банктан гуманитардык жардамды алып жатышат. Архив
Кишилер Нью-Йорктогу мобилдик тамак-аш банктан гуманитардык жардамды алып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик маалымат каражаттарынын качан болбосун, эмнеге болбосун Россияны айыптап калуу амалы кылым ашырган жаман адатка айланган. Бул маселенин тегерегинде серепчи Иван Данилов ой жүгүртүп көргөн.

Коронавирустун жайылышына Батыштын Россияны эмес Кытайды күнөөлөшү да таң калтырбай койбойт, анткени бул сейрек кездешчү жагдайлардан. Бирок батыштык өнөктөштөр ошол адатынан кайткысы жок. Ал жактагы маалымат булактарында Россия өз кадамдары менен глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна доо келтирүүдө деп айыптаган макалалар жарык көрө баштады.

Мисалы, белдүү америкалык басылмалардын бири Bloomberg жаңыдан жарык көргөн макаласында Россия өкмөтү тарабынан, аны менен катар Казакстан жана Вьетнам бийлиги көрүп жаткан чаралар "коңшуңду ачарчылык менен алсырат" деген тейдеги стратегия катары сүрөттөлүп, жаман ниетте чечмеленүүдө. Көрсө, бул ирет да Россия дүйнөлүк медиалык-каржылык коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында жазганы бар экен. РФ өкмөтү коронавирус каатчылыгында данды экспорттоону чектеген. Азыркы шартта азык-түлүк рыногунда бааны туруктуу кармоо үчүн бул кыйла эле түшүнүктүү себеп эмеспи. Бул уникалдуу жол болбосо да, ошол эле америкалык журналисттер белгилегендей, азык-түлүк улутчулдугу (чет элдик сатып алуучулардын алдында өз керектөөчүлөрүнө артыкчылык берүү) — адатта тамак-аш экспорттоочу өлкөлөр арасында кеңири таралган практика. Эпидемия маалында биринчилерден болуп бул багытта экспортту чектеген биринчи өлкө Вьетнам болду окшойт.

Нефть казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орус-араб күчүнө каршы чыккан АКШ революциясы тизелеп калдыбы
Айыптоолор эпидемия убагында дүйнөлүк рынокко азык-түлүк экспортун чектөө ачарчылыкка кептейт деген таризде. Айрыкча мындай чектөөлөрдөн улам баасы асмандаган азык-түлүктү сатып алууга дарманы жок жакыр өлкөлөрдүн тургундары мунун азабын тартпай койбойт. Кептин баары баягы эле АКШ менен Евробиримдиктин айыптап жатканында. Карантиндик чектөөлөрдөн улам убактылуу бош калган рынокко өз продукцияларын кымбат баада сунуштай турган дал ошолордун дан экспортчулары.

Мындайда америкалык экспортчулар (алар АКШ өкмөтүнөн мындай экспорттук чектөөлөргө кайдан кабылсын) ушундай кыйын күндө да өз керектөөчүлөрүнөн (акчанын тартыштыгынан ачка калбай турган) кошумча акча табышат. Мында да америкалык медиа Россияны, Вьетнам жана Казакстанды айыптоого даап турат (бирок эң оболу Россияга кине тагууда). Алардын баамында, бул өлкөлөр жоопкерчиликсиздик менен планетада азык-түлүк каатчылыгын жаралышына түрткү болду.

Алардын акча да табуу, баарына насаат да окуу далалаты кызыктай сезимдерге тушуктурат, башкача айтканда, уятсыздыгы бир эсе таң калтырса, бир эсе иренжитет.

Өткөнгө сереп сала ой жүгүртсөк, кырдаалдын кызыгы дагы артууда. Бир убакта РФтин европалык жана америкалык өнөктөштөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Россияны "азык-түлүк боюнча күчтүү державага" айландыруу бир балакет, ошондой эле каражат менен күчтү ыгы жок сарптоо экенине ынандыруу аракеттерин да эстеп койгон оң.

Россиялык экспортту убактылуу кыскартуу же чектөө импортчуларды түйшөлткөнү РФ дүйнөлүк рыноктон барктуу орун ээлешине мүмкүнчүлүк берчү экспорттук дарамети бар экени күтүлбөгөн жерден айкындала түштү. Бул боюнча санаага батканы катарлык "Аль-Жазира" телеканалынын сайтында жарыяланган макалада каңкууланган темадан сезилет. Дал россиялык аракеттер кыйыр түрдө араб дүйнөсүндөгү бир нече саясий режимдин кулашына жана кандуу "түстүү революциялардын" доорунун башталышына алып келгени айтылат.

"Он жылдан бери алгач ирет, айрым негизги сатып алуучулар буудайды импорттоого ашыгып турган убакта, дүйнө россиялык эгинден куру жалак калуу коркунучуна кабылып отурат".

"...Чектөөлөр жылдын бул убагында кадимки соода агымын камсыздоо үчүн жетишерлик орун калтырууда деп белгилегени менен Россия квоталарынын баарын пайдаланып бүттү".

АКШ жана Кытайдын фонунда кишинин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу: АКШ менен Кытайдын ортосунда саясий согуш башталышы мүмкүн
Чектөөлөр же салыктардын айынан буудай рыногун солгундатуу маанисинде Россиянын тарыхы бай, акыркы жолу 2010-жылы бүт эгинди кыйратып кеткен кургакчылыктан кийин экспортко толук түрдө киргизилген. Ошол кадам буудай жаатындагы фьючерстердин наркынын кескин өсүшүнө алып келип, айрым изилдөөчүлөр тыюу салынышын "араб жазынын" кыйыр фактору деп эсептешкен. Келишимдер боюнча глобалдык тапшыруу мурдагыдай эле жетиштүү болгону менен он жыл мурунку таңсыктыкты эстегендер азык-түлүк улутчулдугу талкуусун жандандырышты.

Бириккен Улуттар Уюму жана Европалык биримдик сымал уюмдар социалдык чыңалууну жараткан пандемиядан улам социалдык жана саясий башаламандык тобокелдиктери кайрадан күчөй турганын, азык-түлүк коопсуздугуна доо кетирип, баанын өсүшүнө (азык-түлүк баасына) алып келчү негизсиз чараларга каршылыгын билдирди".

Кайрадан эле француз буудай экспортчулары бааны көтөрүүдө, ошол эле Bloomberg басылмасынын агенттигинин маалыматына таянсак, дал ошолор өз запасын сатып түгөтүүдө, ал эми баарына "азык-түлүк улутчулдары" айыптуу. Кырдаал калыптанып калгандай нукта уланышы үчүн европалык жана америкалык саясатчылар планетанын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо алкагында эгин, күрүчтүн баасын жогорулатканына байланыштуу Россия жана Вьетнамга каршы санкция киргизүүнү талап кылышты.

Ошентсе да, салттуу русофобиядан (эбак аң-сезимге сиңип калган) тышкары, акырындап саясий жана дипломатиялык ыксыздыкка ооп бараткан мындай медиа-кампаниясында дагы бир маанилүү аспекти бар.

Коронавирустун айынан азык-түлүк каатчылыгы жакынкы айларда реалдуулукка айланышы ыктымал. Серепчилер эбегейсиз масштабдагы ачарчылыкты жоромолдоп турганда, алар апыртып жаткан жери жок, чындап эле ошондой болушу да мүмкүн, өз керектөөчүлөрүн коргоо аракетиндеги Россия же бөлөк өлкөлөрдүн буга эч кандай тиешеси жок.

Маселен, соңку жылдары Евробиримдик "латифундист" (ири жер ээси) сыяктуу болуп калган, жер иштеткенди унутуп, батрактарга муктаж: Улуу Британия, Италия жана Европалык биримдиктин бөлөк өлкөлөрүнүн айыл чарбасында жумушчуларга таңсыктык күч. Анын айынан түшүмдүн басымдуу бөлүгүнөн ажырап калышы ыктымал, ал эми жыйналган бөлүгү мурдагыдан алда канча кымбат болушу мүмкүн.

Мунай чыгаруучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орустар мунай согушунда жеңип бараткандай... Рыноктогу кыйсыпыр
Мисалы, Forbes журналы түшүм жыйноо үчүн румыниялык гастарбайтерлерди Улуу Британияга чартердик рейс менен алып келишерин жазат.

АКШдагы дүкөн текчелеринде эт тартыштыгы күтүлөт, анткени этти кайра иштетүүчү ири ишканалар коронавирус илдетин жапырт жуктуруп алуунун айынан жабылып калууда.

Америкалык NBC "дүкөндөр этти кайра иштетүүчү заводдордун жабылышынан улам аптанын аягында эттин тартыштыгын байкашы ыктымал" деп жазат.

Мындай шартта буудайдын баарын катып алып, ал түгүл болгон этти жеп алган (чыгарып кеткен) коронавирус тууралуу жалган маалыматты тараткан душманды табуу демилгеси кимдир бирөөлөргө майдай жагар. Кытай, Россия же Вьетнамдын дарегине багытталган медиалык долулукка карабастан, көйгөйлөр өзүнөн өзү жок болбойт, анан да коронавируска каршы санкция киргизүүгө адамзаттын кудурети жетпестир.

Жаңылыктар түрмөгү
0