Беделди тобокелге салып. Элчилик "Пулитцердин" Россияга асылганын сындады

© Фото / Facebook / Pulitzer PrizesПулитцеровская премии
Пулитцеровская премии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик сыйлыктын уюштуруу комитети антироссиялык материалдарды өзгөчө бөлүп карап, мунусу менен өзүнө чоң жоопкерчилик алып жаткандыгын белгилеген.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчилиги Пулитцер сыйлыгын New York Times басылмасынын антироссиялык материалына бергенине нааразы болду. Бул тууралуу Sputnik радиосу жазды.

Нефть казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орус-араб күчүнө каршы чыккан АКШ революциясы тизелеп калдыбы
Шейшемби күнү Пулитцер сыйлыгын уюштуруу комитети "Эл аралык журналистика" категориясында New York Times басылмасына сыйлык ыйгарган. Анда "жырткычтык аракеттерди кишини кайдыгер калтырбай турган материалдардын сериясы менен баяндап, ачып берген. Бул олуттуу тобокелдиктер менен коштолгон" деп сыпатташкан. Комитеттин тыянагы да чыгып, материалдар россиялык жетекчилик кетирген кемчиликтерди ачыктады дешкен.

Ал эми элчиликтен үч жыл мурда да NYT Россияны демонизация кылганы үчүн сыйлык алганын белгилешти.

"Сыйлыкты уюштуруу комитети антироссиялык материалдарды өзгөчө бөлүп карап, мунусу менен өзүнө чоң жоопкерчилик алып жатат. Буга бир нече ирет турмуш эле эмес, Россиянын расмий адамдары да төгүндөө кылган. Айтылгандай бул жерде ири тобокелдик турса, бул жагдайдан алып караганда ошол тобокелдик алардын беделине гана жаралып жатат", – деп айтылат Facebook тармагындагы Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө.

Америкалык басылманын макалалар түрмөгүн элчиликтен "жалган фактыларды түзө турган пособие катары колдонулуучу русофобиялык калптардын жыйнагы" деп аташты.

Буга чейин ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова Россиянын айланасында түзүлгөн "фейктер пандемиясы" жаралганын айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0