Путин: чектөөлөр окумуштуулардын пикирине таянуу менен гана алынат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент чектөөлөрдү алууда шашуунун зарылдыгы жок экенин, тобокелчилик күч болгондуктан буга чейинки жасалган аракеттердин баары текке кетиши ыктымалдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам Россияда киргизилген чектөөлөр окумуштуулардын пикирине таянуу менен гана алынат. Бул тууралуу өлкө башчысы Владимир Путин бүгүн экономиканы жана социалдык чөйрөнү колдоо боюнча кабыл алынган чараларды ишке ашырууну талкуулаган жыйында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус Россиянын субъектилеринде ар башкача жайылууда.

"Буга чейин айтылгандай айрым жерлерде киргизилген чектөөлөрдү ошол боюнча калтырып, керек болсо күчөтүү зарыл. Айрым аймактарда аларды жумшартууну караштыруу керек. Бирок кандай гана кадамдар жасалбасын, окумуштуулардын, адистердин пикири сөзсүз эске алынышы кажет", — деди Путин.

Муну менен бирге президент чектөөлөрдү алууда шашуунун зарылдыгы жок экенин, тобокелчилик күч болгондуктан буга чейинки жасалган аракеттердин баары текке кетиши ыктымалдыгын белгиледи.

Акыркы маалымат боюнча Россияда коронавирус аныкталган 165 929 учур катталган. 21 327 киши толугу менен айыгып чыкса, илдет 1 537 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0