Москвада карантиндик чектөөлөр 31-майга чейин узартылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМоскванын кызыл аянтынгады полиция кызматкерлери
Москванын кызыл аянтынгады полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва ичинде жүрүү үчүн өткөрмө кагаздары жумасына эки ирет, ал эми медициналык мекемелер менен ыктыярчыларга күн сайын берилет.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Москва мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү 31-майга чейин узартты.

Калаа башчысынын жарлыгы анын сайтына жарыяланды.

"Соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар, кызмат көрсөтүү тармактары, маданият, билим берүү, спорт, өндүрүштүк эмес тармактар жана өзүн-өзү изоляциялоо режими 2020-жылдын 31-майына чейин узартылды. Ресторан, театрларды ачууга али эрте", - деп Собянин өзүнүн блогуна жазган.

Мэрдин айтымында, Москва ичинде жүрүү үчүн өткөрмө кагаздары жумасына эки ирет, ал эми медициналык мекемелер менен ыктыярчыларга күн сайын берилет.

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда илдетке кабылгандардын саны 177 160га жетти. Оорунун кесепетинен 1625 киши көз жумса, 23 803 бейтап сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0