“Россия сегодня” агенттигинин медиафасады Жеңиш парадын көрсөтөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосквадагы "Россия сегодня" эл аралык маалымат агентигин имараты. Архив
Москвадагы Россия сегодня эл аралык маалымат агентигин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеонун хронологиясы 1945-жылдан 2015-жылга чейинки Жеңиш параддарында тартылган тандалма сүрөттөр менен түзүлгөн.

БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Россия сегодня” эл аралык маалымат агенттигинин имаратынын медиафасадына Жеңиш параддарынын сүрөт хроникасы коюлат.

Агенттик Москва шаарындагы Зубовский бульварында жайгашкан.

“Параддык хроникада” “Россия сегодня” агенттигинин фото архивинде сакталган 20дан ашык сүрөт камтылган. Анда өлкөнүн негизги майрамы чагылдырылат.

Жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Батыш советтик жоокердин бейнесин өзгөртүп, тарыхты бурмалоону улантууда
Чоң экран аркылуу алгач Михаил Озерский тартып алган 1945-жылдын 24-июнунда Москвадагы Кызыл Аянтта өткөн биринчи Жеңиш парадынын сүрөтү көрсөтүлөт. Аталган парад Советтер Союзунун маршалдары Георгий Жуков менен Константин Рокоссовскийдин катышуусунда өткөн.

Видеонун хронологиясы 1945-жылдан 2015-жылга чейинки Жеңиш параддарында тартылган тандалма сүрөттөр менен түзүлгөн.

“Парад хроникасынын” авторлорунун арасында таланттуу фотожурналисттер бар. Мисалы, фронттогу легендарлуу корреспонденттер Макс Альперт менен Давид Шоломович, Россиянын биринчи президентинин жеке сүрөтчүсү Дмитрий Донской, ХХ кылымдагы саясий лидерлердин портретисти Юрий Абрамочкин, World Press Photo сыйлыгынын көп жолку ээлери Сергей Гунеев менен Владимир Вяткин жана башкалардын эмгектери камтылган.

Жеңиш парадынын фотохроникасынын видеосу РИА Новости агенттигинин Facebook, Twitter, ВКонтакте, Одноклассники жана Youtube баракчаларында дагы жеткиликтүү.

Коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган карантинге байланыштуу Жеңиш парады уюштурулбай калганы менен “Параддык хроникадан” 9-Май майрамын үйдөн чыкпастан эскерсеңиздер болот.

Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян - Sputnik Кыргызстан
Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
Москвадагы ири медиафасад “Россия сегодня” агенттигинин башкы кеңсесинин имаратына 2018-жылы орнотулган. Анда РИА Новости менен Sputnik агенттиктеринин ыкчам жаңылыктары трансляцияланат.

“Россия сегодня” агенттиги — бул эл аралык медиагруппа. Анын миссиясы — дүйнөдө болуп жаткан орчундуу окуяларды ыкчам чагылдыруу жана аудиторияны негизги маселелер боюнча адистердин пикири менен тааныштыруу.

“Россия сегодня” өзүнө РИА Новости, РИА Новости Спорт, РИА Новости кыймылсыз мүлк, Прайм, РИА Рейтинг, ИноСМИ, Социалдык навигатор сыяктуу бир катар маалымат агенттиктерди камтыйт.

Ал эми чет өлкөдө медиагруппа Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу катары таанымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0