Ооруканадагы дарыгер

Россияда COVID-19дан көз жумгандар дүйнөдөгү абалга салыштырмалуу 7,4 эсе төмөн

233
(жаңыланган 22:48 11.05.2020)
Голикова оору боюнча көрсөткүчтүн дагы азайышына аракет кылуу керек деп айтты. Коронавирустун жайылып кетпеши үчүн салынган тыюуларды бузбоо карантинден тезирээк чыгууга көмөктөшөт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россияда COVID-19дан каза тапкандардын саны дүйнөдөгү жалпы абалга караганда 7,4 эсе төмөн. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Татьяна Голикова санитардык-эпедимиологиялык абал боюнча жыйында айтканын РИА Новости жазды.

"Андан сырткары өпкөсү кагынгандар боюнча көрсөткүч инфекция жуккандардын арасында 25тен 20,6 пайызга чейин азайган. Ал эми көрсөткүч ооруган учурдан тарта стационарга жатканга чейинкилерде тогуз эсе түшкөн. Өсүү темпи боюнча жогоруда белгилегендей, 2,6 эсе болуп, адам зыяны жаатындагы көрсөткүч жетиштүү түрдө төмөн", — деген Голикова.

Анткен менен вице-премьердин айтымында, буга канааттанып отуруп калууга болбойт. Оору боюнча көрсөткүчтүн дагы азайышына аракет кылыш керек. Коронавирустун жайылып кетпеши үчүн салынган тыюуларды бузбоо карантинден тезирээк чыгууга көмөктөшөт.

Коронавирус пандемиясы

Коронавирус SARS-CoV-2 — COVID-19 оорусунун козгогучу. Ал учурда 187 өлкөнү каптады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, инфекция 3,9 миллион адамга жукту. Кеминде 274 миң адам көз жумду.

Муну менен катар эле Жонс Хопкинс университетинин эсептөөлөрүнө таянсак, COVID-19 менен ооругандар 282 728ге чамалады. Булардын арасынан 1,4 киши айыгып кеткен.

Учурда адам өлүмү жана жуктуруп алгандар боюнча АКШ биринчи орунда турат.

233
Белгилер:
статистика, пандемия, оору, коронавирус, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (755)
Тема боюнча
Путин Россияда 12-майдан тарта эс алуу күндөрү аяктаарын айтты
Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт

Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү

150
(жаңыланган 10:12 02.06.2020)
Сүйлөшүү маалында эки жетекчи стратегиялык туруктуулук жана аскердик жаатта бири-бирине ишеним боюнча россиялык-америкалык диалогду активдештирүү керектигине токтолушту.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШлык кесиптеши Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маек Вашингтон тараптан демилгеленгенин Кремлге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Сүйлөшүү маалында Путин менен Трамп стратегиялык туруктуулук жана аскердик жаатта бири-бирине ишеним боюнча россиялык-америкалык диалогду активдештирүү керектигине токтолушту.

Ошондой эле АКШ лидери Путинге G7 саммитине Россия жана башка бир катар өлкөлөрдү чакыруу идеясын айтып берди.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн башчылары ОПЕК+ келишими боюнча нефть рыногун турукташтыруу боюнча сөз кылышты.

"Лидерлер коронавируска каршы күрөш боюнча дагы сүйлөштү. Россия президенти Трамп Россияга жасалма дем алдыруучу аппараттарды жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат кабарда.

Сөзүнүн аягында Путин Трампты Crew Dragon кемесин космоско ийгиликтүү учуруп алышы менен куттуктады. Тараптар космос тармагындагы кызматташтыктар тууралуу дагы кеп кылышты.

150
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, АКШ, Россия, Дональд Трамп, Владимир Путин
Тема боюнча
Москванын кезектеги "жазып-тайганы". АКШ Россияны башаламандыкка айыптоодо
Россиянын президенти Владимир Путин

Россиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүү 1-июлга белгиленди

59
(жаңыланган 22:21 01.06.2020)
Эскерте кетсек, январдын соңунда Владимир Путин Мамлекеттик Думага Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун киргизген.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россиянын Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүү 1-июлга белгиленди. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды.  

Ал эми РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, президент Владимир Путин Борбордук шайлоо комиссиясы менен “Роспотребнадзор” мекемесинин жетекчиликтерине шайлоо учаcтокторунда коопсуздукту камсыздоону тапшырды.

"Албетте, Россиянын жарандарына добуш берүүгө катышуусун суранып кайрылам. Анткени мында жашообуздун бардык тарабына таасир эткен Башкы мыйзамдын тагдыры чечилгени жатат”, — деди Путин.

Анын айтымында, 30 күн ичинде эл документке кире турган негизги өзгөрүүлөр менен жакшылап таанышып чыкканга убакыт бар. Экинчиден, коронавируска байланыштуу кырдаалды дагы жөнгө салып алууга жетишсе болот.

Эскерте кетсек, январдын соңунда Владимир Путин Мамлекеттик Думага Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун киргизген.

59
Белгилер:
добуш берүү, Баш мыйзам, Россия, Владимир Путин
Тема боюнча
Путин: СССР кулады, ал эми санитардык-эпидемиологиялык система калды
Россия сегодня эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян

Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу

25
(жаңыланган 03:39 03.06.2020)
Америкадагы нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн РИА Новости жана Sputnik агенттигинин кабарчылары полиция тарабынан одоно аракеттерге туш болушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян редакциянын кабарчыларына кол салган америкалык полиция кызматкерлерине каршы доо арыз берилиши мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы үч күндүн ичинде Американын полициясы РИА Новостинин Миннеаполистеги кабарчысы менен Вашингтондогу Sputnik агенттигинин продюсерине кол салды. Экөө тең пресс-карталарын көрсөтүп, кабарчы экендигин айтып кыйкырышкан. Аны полиция көрүп да, угуп да койгон эмес. Учурда АКШ өзүнүн медиасына да ушундай мамиле кылып жатат. Мыйзам бар мамлекетте, албетте, биз сотко кайрылмакпыз. Бирок бүгүнкү Америкада мыйзам полициядан да жакшы иштейт деп айтууга негиз жок. Биз муну ойлонуп көрөбүз", — деген Симоньян.

Өткөн жекшембиде полиция Миннеаполистеги башаламандыкты чагылдырып жаткан РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиевге көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберген. Буга байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтон полициясы нааразычылык акциясын видеого тартып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп желим ок менен аткылаган.

Полиция Тургиев менен Руссел журналист экендигин тастыктаганына карабастан, атайылап орой мамиле жасаган.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

25
Белгилер:
журналист, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды