Sputnik агенттиги аларга мамлекеттик мекемелердин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен россиялык мусулман уюмдары кандай көмөк көрсөтүп жатканына кызыкты. Бул туурасында Лев Рыжковдун макаласынан таанышыңыздар.
Москва шаарындагы жана Борбордук региондун Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы Альбир Крганов мигранттарга кошумча көмөктөшүү үчүн РФ аймагындагы коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан азык-түлүк жагынан каралашуу өтүнүчү келтирилгенин айтты.
"Биз сиздер мененбиз" долбоорунун алкагында муктаж үй-бүлөлөргө ар биринин наркы 2000 рублдин тегерегиндеги азык-түлүктөн турган 5 миң пакетти тараттык", — деди ал.
Ал эми мусулмандардын борбордук дин башкармалыгынын төрагасы Талгат Тажуддин орозо айында атайын каражат да жыйналарын белгиледи.
"Бул битир-садака болуп саналат. Бир күндө тамак-ашка канча сумма сарпталса, мусулман киши өзү, балдары, неберелери жана үй-бүлөсүнүн атынан битир-садака төгөт. Биз Сбербанк менен биргеликте эсеп ачтык, ошол эсепке которууга болот. Топтолгон каражат муктаждарга жардам үчүн гана жумшалмакчы. Мечиттерди ремонттоого, жылуулук же жарык акысы үчүн эмес, ушул тапта аргасыз абалга кабылган диндештерге көмөк иретинде гана сарпталат", — деди муфтий.
Тажуддиндин айтымында, ар бир мечитте жана ар бир жамаатта жардамга муктаждардын жергиликтүү бийлик органдары менен такталган тизмелер бар.
"Жардамды ар бир киши ала алат. Өзбек же тажик деп карабайбыз. Ким муктаж болсо, ошого көмөк көрсөтүлөт. Анан калса, мусулмандарга гана деген да чектөө жок. Улутуна, динине карап ылгабайбыз. Баары — Кудайдын жаратканы", — деди ал.
Россиянын Муфтийлер кеңешинин РФ Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Рушан (Хазрат) Аббясов орозо айында кайрымдуулук жана социалдык программалар ишке киргенин айтып өттү.
"Мурда биз мечиттерде жалпы ооз ачууну уюштуруп, иш-чара баарына ачык эле. Бүгүнкү күндө мечиттер жабык. Бирок биз ар бир жамааттын колундагы тизме боюнча муктаж адамдардын, көп бүлөлүү үй-бүлөлөрдү кыдырып, ооз ачар ырыскыбыздан бөлүшүп жатабыз. Жакынкы күндөрү эле муфтий-шейх Равиль Гайнутдиндин батасы жана кайрымдуулук көрсөткөн Сулейман Керимовдун колдоосу менен "Рамадан-Керим" программасын уюштурдук. Каалаган киши биздин сайт же социалдык медиадагы аккаунттарыбыз аркылуу түз кайрыла алат. Эгер алардын азык-түлүгү болбосо, анда биздин ыктыярчылар Москва жана Подмосковьедеги даректерге жеткирип беришет", — деди ал.
Аббясовдун айтканына таянсак, мындай акциялар ушул тапта РФтин дээрлик бардык аймагында жүрүп жатат.
Быйыл Россияда Орозо айт карантиндик чаралардын чегинде белгиленет. Көп эл чогулган иш-чараларга тыюу салынат. Москва жана Россиянын бир катар аймактарында обочолонуу режими 31-майга чейин узартылган.
"Бул чара баарына тиешелүү. Орозо айт 24-майда онлайн режимде бир нече имам жана мечиттин кызматкерлеринин катышуусунда белгиленет", — деди муфтий Альбир Крганов.
Айт намаз да интернетте түз алып көрсөтүлөт, борбордук теле аркылуу да берилиши мүмкүн.
"Москвалык Собордук мечиттен биздин муфтий шейх Равиль Гайнутдиндин катышуусундагы айт намазды түз алып көрсөтүү боюнча ушул тапта росссиялык федералдык телеканалдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Биз биринчилерден болуп карантинге чыктык, 18-марттан тарта сегиз намазды, сегиз жума намазды онлайн режимде өткөрдүк. Жыйынтыгында бул илдетке кабылган оор учурлардын абдан аз экенине күбөбүз", — деди Рушан (Хазрат) Аббясов.Орозо айтты мусулмандар жалпылап майрамдайт. Динге ишенгендер үчүн салттын өзгөрүшү шариаттагы жүйөлөр менен негизделиши керек.
Талгат Тажуддиндин айтымында, теологиялык негиздер бул Мухаммед пайгамбардын хадистери.
"Алардын биринде "Биз үчүн бардык жер — Алла Тааланын үйү" деп айтылат. Башкысы эл адамдык байланышты үзбөсүн. Мухаммед пайгамбардын убагынан бери катуу нөшөр төгүп, шамал согуп турган начар аба ырайында азанчылар "Намазга үйдөн жыгылгыла" деп эскертишкен. Башкысы намазды каза кылбай, беш ирет жыгылалы. Эпидемия күч алып турган убакта дин башчылары, пайгамбардын жолдоочулары карантин сымал чараларды жарыялашкан", — деди ал.
Андай жерлерге кербендер токточу эмес, ал эми ал калааларда жашагандардан сыртка чыкпоону өтүнүшкөн. Ден соолук — Жараткан тартуулаган эң кымбат байлык. Дин аалымы адамдар аны коргоп, сактап, кандай болгон күндө да өзүбүздүн жана айланабыздагылардын саламаттыгынын чабалдашына жол бербөөгө тийишпиз деген пикирин кошумчалады.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Baltnews.lv агенттиги менен кызматташкан латвиялык журналист Алла Березовская күч органдары анын үйүн тинтүүгө алганын айтып берди.
Журналисттин баяны Russia Today агенттигинин #Своихнебросаем долбоорунун алкагында чыгарылып жатат.
Березовская — 2020-жылдын 3-декабрында Латвияда кармалган орус тилдүү журналисттердин бири. Ал Латвиянын Кылмыш-жаза кодексинин 84-беренеси боюнча ("Латвия менен эл аралык уюмдардын бекиткен эрежелерин бузуу") айыпталып жатат.
"Бет кап кийген жаш жигит менин компьютеримди текшерип жатты. Ал хакер болушу мүмкүн. Себеби компьютердеги бардык маалыматтар көчүрүлүп жатканын түшүндүм. Уктоочу бөлмөнү дагы тинтип неберемдин эски, сынып калган планшетин таап чыгышты. Анда оюндар менен фильмдерден башка эч нерсе жок болчу. Жеке документтер дагы көңүл сыртында калган жок. Медициналык документтер топтолгон папка бар болчу, аны суранып жатып алып калдым", — деди Березовская.
Анын айтымында, буга чейин Baltnews агенттигинде иштеп келген. Кийин ал агенттик "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин кармагына өтүп, кайра катталгандан кийин дагы келшимдик негизде кызматташып турган. Березовская айыптоолорго макул эместигин жана Латвиядагы россиялык расмий ЖМКларга каршы аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.
Эске салсак, 2020-жылдын 3-декабрында Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Sputnik Латвия жана Baltnews агенттиктеринин жети өкүлүн кармаган.
Балтиканын башка мамлекеттеринде да журналисттердин укугу байма-бай бузулуп жатканы белгиленген. Мисалга, 2019-жылы Литванын парламенти Sputnik Литва сайтын жаап салууну сунуштаган. Ал эми агенттиктин башкы редактору кармалып, беш жылга чет өлкөгө куулган. 2019-жылдын соңунда Эстониянын бийлиги Sputnik агенттигинин журналисттери ишинен кетпесе кылмыш иши козголо турганын айтып коркутушкан.Россия ТИМи мындай көрүнүштөрдү демократиялык коомдун негиздерин тепселөө катары сыпаттады.
Тышкы иштер министрлиги бул көйгөйлөрдү эл аралык аянттарда көтөрүп турмакчы.
Эмдөө пандемиянын экинчи, "татаалыраак боло турган" жылынан сактап кала алабы? "Спутник V" менен кайсы чет өлкөлөрдө эмдөө башталды? Якутиялык окумуштуулардын кайыңдын кабыгынан жасалган препаратына таянсак болобу?
Бул суроолорго жоопту биздин видеодон көрсөңүз болот.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.