Путинге Заворотнюкту дарылоо ыкмалары боюнча айтып беришти

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАктриса Анастасия Заворотнюк
Актриса Анастасия Заворотнюк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу учурда илдет менен күрөшүп жаткан Анастасия Заворотнюкка көмөктөшүүгө, катышууга аракет кылып жатышканын айткан.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россиялык илимпоздор иштеп чыккан рактын терминалдык учуру менен күрөшүү технологиясы актриса Анастасия Заворотнюкка колдонулушу мүмкүн экендигин президент Владимир Путинге айтып беришти. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Аталган ыкманын авторлору Россиянын Илимдер академиясынын Молекулярдык биология институтунун окумуштуулары. Бул туурасында президентке аталган институттун директору Александр Макаров жыйын учурунда маалымат берген.

Анын айтымына караганда, кеп бейтапты вирустун жардамы менен дарылоо туурасында жүрүп жатат.

"Мындай технологиянын жыйынтыгы абдан кызык болууда. Биз муну төртүнчү, терминалдык учурга жеткенде, тагыраагы, алар өздөрү бардык дарылоого даярмын деп калган учурда пайдаланабыз. Салттуу терапия жардам бербей калган учурда бейтаптардын арасынан ыктыярчылар өздөрү чыгат", — деп түшүндүрдү Макаров.

Актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: актриса Анастасия Заворотнюкту дарылоо жанданды
Ал мунун жакшы жыйынтыгын дилилдеген пайыздык көрсөткүчтөрүн белгиледи. Андан кийин бейтаптар оңолуп, кадыресе эле жашоосун баштай берерин кошумчалады.

"Аталган технология глиобластома — залалдуу шишик болгон учурда жакшы жардамын берип жатат. Ал, тилекке каршы, биздин белгилүү артисттер, маданий ишмерлер кабылып жаткан оору. Азыр илдет менен күрөшүп жаткан Анастасия Заворотнюк болууда, биз ага көмөктөшүүгө, катышууга аракет кылып жатабыз", — деген Макаров.

Окумуштуу артисттин туугандары анын шишигинин клеткаларын институтка бергендигин, ал эми адистер шишикти жок кыла турган вирусту ылайыктап, тандагандыгын айтты.

"Азыр ал абдан кабатыр болуп, биздин технологияны колдонгудай деңгээлде эмес ", — деп кошумчалаган Макаров.

Заворотнюктун ооруп калганы боюнча былтыркы жылдын август айында белгилүү болуп, бир катар ЖМКлар аны мээ рагына кабылган деп жазган. Анткен менен артисттин жакындары бир топко чейин унчукпай, андан соң Заворотнюк ооруп калып, дарыланып жатканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0