РФ премьери Мишустин COVID-19 вирусун жеңип, ишке киришти

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ М. Мишустин провел заседание правительства РФ
Премьер-министр РФ М. Мишустин провел заседание правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын өкмөт башчысы апрель айынын аягында коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Бирок оорусу өтө күчөбөгөндүктөн, онлайн форматында жыйын куруп, жүрүп жаткан иштерден кабар алып турган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин COVID-19дан сакайып, ишке киришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Өкмөт башчынын маалымат катчысынын айтымында, Мишустин кесиптештери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Эми президенттин өткөрө турган жыйынына даярданууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
30 күндө талаптарды аткаргыла! Трамп ДCСУга ультиматум койду
Эске салсак, ал апрель айынын аягында коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Бирок оорусу өтө күчөбөгөндүктөн, онлайн форматта жыйын куруп, жүрүп жаткан иштерден кабар алып турган.

Белгилей кетсек, Россиянын жогорку кызмат адамдарынын арасынан президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков дагы коронавирус жуктуруп алганы айтылган

Россия ушул тапта вирус жуктуруп алгандардын саны боюнча алдынкы орундагы беш өлкөнүн катарында. 19-майга карата өлкө боюнча 299 941 учур аныкталды. Алардын ичинен 76 130 адам сакайып, 2 837 бейтап каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0