Россия Федерациясынын ЮНЕСКО алдындагы туруктуу өкүлү Александр Кузнецов

РФтин ЮНЕСКОдогу өкүлү: Киевдин жапайы кадамына күбө болдук

158
(жаңыланган 18:28 19.05.2020)
Киевдин Россиялык маданий жана агартуучу уюмдарына киргизген санкциясы Украинаны жалпы дүйнөлүк коомчулукка каршы коюуда.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Дал ушул азыркы пандемия шартында элдин эстеликтерге, музей, маданий аянтчалар менен байланышын сактап калууга болгон аракет жумшалып жатат. Ал эми санкция киргизген Киевдин мындай аракети жапайычылык. Мындай пикири менен Россиянын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Александр Кузнецов РИА Новости агенттигинин кабарчысы Виктория Иванова менен баарлашып жатып бөлүштү.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Украина үч жылдык мөөнөт менен Россиянын маданий жана илимий мекемелерине санкция киргизген. Тизмеге Орус географиялык коомчулугу, Эрмитаж, Пушкин атындагы Мамлекеттик көркөм искусство музейи, Илимдер академиясынын Археология институту, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети жана башка бир катар мекеме-уюмдар кирген.

Кузнецовдун айтымында, мындай кадамга бир да коомчулукта жол жок. Ал Киевдин аракетине ЮНЕСКОнун призмасы менен баа берди.

"Азыр уюм коронавирус пандемиясынын кесепети дүйнөлүк маданият баалуулуктарына кооптуулук жаратпашы үчүн болгон күчүн жумшап жатат. Башкача айтканда, алардан адамдардын оолак болуп калышына жол бербөө керек. Бул жерде кеп тарыхый эстеликтер эле эмес, музейлер, театрлар, концерттик залдар тууралуу да болуп жатат. Бир топ демилгелер бар, азыр ЮНЕСКОнун катчылыгы менен аларды ишке ашыруунун жолун караштырып жатабыз", — деди Кузнецов.

Өкүл жасалып жаткан аракеттерге көлөкө түшүргөн Украинанын кадамдарына да нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, Киев өзүн жалпы дүйнөлүк маданий коомчулукка каршы коюуда.

"Бул бир жапайы бирөөнүн эле симфониялык музыка концертине келип алып жаңжал салганындай эле кеп болду. Киевдин ЮНЕСКО ишмердүүлүгүнө кошуп келген салымын эске алсак, бул өтө кейиштүү көрүнүш. Бүгүнкү күндө Украина жалаң гана Россия менен конфронтациядагы өлкө катары ассоциацияланып калды. Башка тармакта көзгө толумдуу эч нерсеси жок. Бирок жеке Россияга каршы багытталган демилгелери да соңуна чыгып бараткандай. Мындан ары эмне болот деген суроо жаралат. Эгер жалгыз Россияга эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык Эрмитаж сыяктуу жайларга чабуул жасалып жатса, эми майданга чыгып алып орус классиктеринин китептерин өрттөшөбү? Өтө кейиштүү", — деди Кузнецов.

Ал аталган маселе боюнча ЮНЕСКОнун катчылыгында кош стандарттуулук өкүм сүрүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары Украинада билим берүү тармагында да бир топ алешем иштер жүрүп жатканына токтолду.

Маек менен толук расмий тилде таанышууга болот.

158
Белгилер:
тарых, маданият, санкциялар, Россия, Украина, ЮНЕСКО
Тема боюнча
Путин: ЕАЭБ ири бирикмелер менен кызматташуусун күчөтүшү керек
Россиянын Президенти Владимир Путин видеоконференция жыйынында.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

796
(жаңыланган 18:46 27.05.2020)
Владимир Путин тиешелүү министрлерден Россиядагы суу ташкындын жана өрттүн алдын алуу, ага каршы чараларды көрүү боюнча майнаптуу ишти талап кылган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин аймактагы суу ташкындары жана өрт менен күрөшүү боюнча видеокеңешме өткөрүп жатып, колундагы калем сабын столго ыргытып жиберди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Видео РИАнын Кремль пулунун Twitter баракчасына чыккан.

Бул мамлекет башчы жаратылыш кырсыгына кабылган элдин кооптуулугу туурасында айтып жатканда болгон. Ага бир нече министрлер катышып жаткан.

Путин тиешелүү министрлерден Россиядагы суу ташкындын жана өрттүн алдын алуу, ага каршы чараларды көрүү боюнча майнаптуу ишти талап кылган.

Россиянын аймактарындагы жогорку абал боюнча өзгөчө кырдаал Байкал боюндагы аймактарга, Тува, Иркутск облустарына жана Хакасия республикасына киргизилген. Дагы 49 жерде өрт кооптуулугу күч болуп тургандыктан, токой аралаган элге жаратылыш койнунда от жагууга тыюу салынган.

Токойдогу өрт

Россияда 2020-жылдан тарта жаратылышта чыккан 5,6 миң өрт катталган. Бул 852 гектарда болгонун ӨКМ жетекчиси Евгений Зиничев билдирген. Эл жашаган аймактарда 251 курулуш, анын ичинен 48 турак-жай күйүп кеткен.

27-майда Россияда жалпысынан 17 595 гектарды каптаган 69 өрт негизинен токойлордо чыккан. Аны өчүрүүдө ӨКМ эбегейсиз эмгек жумшаган.

796
Белгилер:
ачуулануу, Тува, суу ташкыны, өрт, Владимир Путин, Хакасия, Иркутск, Россия
Тема боюнча
Путин: СССР кулады, ал эми санитардык-эпидемиологиялык система калды
Москвадага Кремль. Архивдик сүрөт

Россия кыргыз-тажик чек ара көйгөйүндө ортомчу болууга даяр

427
(жаңыланган 12:06 27.05.2020)
Россия тарап Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаал курчуп баратканын белгилеп, аларга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчулук кызмат көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу аталган мамлекеттин ТИМ башчысы Сергей Лавров шейшемби күнү ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин видеоконференция форматында өткөн жыйынынан кийин билдирди.

Чогулушту RT түз эфирден көрсөттү.

"Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы дайыма түшүнбөстүк болуп келет. Тилекке каршы, абал курчуп баратат. Биз союздаштарды күч колдонуудан мүмкүн болушунча баш тартып, сүйлөшүүгө чакырабыз. Ортомчулук кызматыбызды көрсөтүүгө даярбыз. Кырдаал канчалык тез жөнгө салынса, ошончолук жакшы", — деген министр.

Лавровдун айтымында, бул маселе тууралуу Россия тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешининин онлайн жыйынында да өз өнөктөштөрүнө билдирген.

Эске сала кетсек, май айында кыргыз-тажик чек арасында эки ирет ок атышуу болду. Алгач 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен. Мунун айынан эки мамлекеттин чек арачылары атышып, Кыргызстандын үч жоокери ок жеген.

Ал эми 24-майда Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол берген эмес. Анын айынан да чек арачылар атышкан.

Тажик тарап кыргызстандык малчылар чек араны кесип өтүп, Согду облусунун аймагына кирип кеткендиктен, кайым айтышуу болуп кеткендигин айтып чыгышкан. Ок атышуудан тажикстандык бир чек арачы жабыркаган.

427
Белгилер:
жардам, маселе, чек ара, Тажикстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
КРдин Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин абалды курчутпоого чакырды
Чек арадагы чатак боюнча Тажикстандын маалыматы
Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери

Азайбай жатат! Бүгүн 74 кишиден коронавирус чыкты

0
Өлкө аймагына киргизилген өзгөчө абал жоюлганы менен өзгөчө кырдаал күчүндө. Бийлик тартипти сактоого чакырууда.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 74 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Учурда өлкө аймагындагы абал тууралуу кабардар болуу үчүн редакция жүргүзгөн тексттик трансляцияга баш багыңыз.

0
Белгилер:
Нурболот Үсөнбаев, тест, анализ, статистика, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус мизин кайтаргысы жок. Өлкөдөгү абал тууралуу сүрөт, видео баяндама