Чечен Республикасынын лидери Рамзан Кадыров. Архив

ЖМК: Рамзан Кадыров Москвада ооруканада жатат

256
(жаңыланган 10:45 22.05.2020)
Буга чейин бир катар ЖМКлар Кадыровдун коронавирус жуктуруп алган деп шектелип жатканын жазып чыгышкан. Бирок кийин жардамчысы бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Чечен Республикасынын лидери Рамзан Кадыров Москвадагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын жеке булактарына таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Кадыровдун коронавирус жуктуруп алган деп шектелип жатканын жазып чыгышкан. Кийин анын жардамчысы COVID-19га каршы туруу боюнча ыкчам штабды өзү жетектеп, иштеп жатканын билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, Чечен Республикасында коронавирус жуктургандардын саны 1000ден ашты. Анын ичинен 11 киши көз жумган.

256
Белгилер:
коронавирус, оорукана, Рамзан Кадыров, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (876)
Тема боюнча
Хабибдин атасы комада. Конор менен Дана Уайт анын тез сакайып кетишин каалады
Курулушта иштеген кызматкер. Архивдик сурөт

Кайрадан боор көтөрүп... РФтеги мигранттардын абалы жакшырдыбы

250
(жаңыланган 12:25 14.07.2020)
Россиянын карантиндик режимден акырындап чыгышы бөлөк өлкөлөрдөн келип эмгектенгендерге акча таап, жакындарына жардам берүүгө шарт түздү. Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан барып иштегендер Sputnik агенттигине иши, ийгилиги тууралуу кеп салып беришти.

Данара Курманова, Sputnik

РФ бийлиги Covid-19 пандемиясынан улам киргизген чектөөлөрүн алгандан бери экономикалык активдүүлүк мурдагы калыбына келе баштады. Бул эмгек мигранттарынын турмушуна да таасир тийгизбей койгон жок. Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанга акча которуунун көлөмү өстү. Бул туурасында Sputnik агенттигине бир катар төлөм операторлору кабарлашты.

"Юнистрим" компаниясынын маалыматына таянсак, май айынан тарта бул рынокто КМШ өлкөлөрүнө акча которуулардын көлөмү өскөнү байкалат. Атап айтсак, Россиядан Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга 2020-жылдын май-июнь айларында март-апрелге салыштырмалуу ар бир өлкө боюнча көрсөткүч орточо 25 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынын жообунда айтылат.

Мигранттар которгон акчанын көлөмү май айында кескин өстү

"Золотая Корона" сервисиндегилер да майдын аягында акча которуулар рыногу көктөмдүн башындагы абалынан дээрлик чыкканын белгилешет.

"Марттын жыйынтыгы боюнча которуулардын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө караганда 10 пайызга азайган. Апрель айында 50 пайызга төмөндөгөн. Бирок азыр май-июндун негизги көрсөткүчтөрү 2019-жылдын ошол маалындагы көлөмгө төп келет", — дейт компаниянын маалымат кызматы.

"Золотая Корона" жана "Юнистрим" компаниялары акча которуулардын так санын атоодон баш тартты. Рыноктун бөлөк өкүлдөрү Sputnik агенттигинин суроолоруна жооп беришкен жок. 

Уничтожение старых банкнот в Банке России
© Sputnik / Илья Питалев
Рубль банкноталары

Россиянын Борбордук банкы май жана июнь айларындагы которуулар боюнча статистика даярдалбаганын  түшүндүрдү. Бирок сырттан которулган каражатты КМШ өлкөлөрүнүн бул багытта жөнгө салуучулары каттап турат.

Кыргызстандын Улуттук банкы апрелде республикага 76,3 миллион доллар которулганын (2019-жылдын ушул убагынан үч эсеге аз), бирок май айындагы акча которуулардын көлөмү 165,3 миллион долларды түзгөнүн билдирет.

Акча которуу көлөмүнүн өскөнүн Өзбекстандын Борбордук банкы да белгилейт, май айында эл аралык акча которуулардын агымы 485 миллион доллар өлчөмүндө болгон. Апрелде бул сумма 235 миллион долларды түзгөн эле.

РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар

Россиянын Борбордук банкынын отчеттору да башта бул көрсөткүчтүн төмөндөгөнүн ырастайт. РФ Борбордук банкынын маалымат кызматы Sputnik агенттигине быйылкы биринчи кварталда Кыргызстанга акча которуулар 358,526 миллион доллар, ал эми 2019-жылдын ушул мезгилинде бул республикага 453,344 миллион доллар которулганын билдирди.

Ушундай эле төмөн көрсөткүч Тажикстанда да байкалды: 2020-жылдын биринчи чейрегинде 359,050 миллион доллар, былтыр жыл башында 462,429 миллион доллар которулган. Өзбекстанга да сырттан акча которуу кыйла төмөндөгөн. Былтыркы жылдын биринчи кварталында 1 216,162 миллион доллар келип түшсө, 2020-жылдын башында өлкөгө чет жактан 759, 206 миллион доллар гана которулган.

Иш уланган

Каржы агымдарынын тез калыбына келишинин бир нече себеби болушу ыктымал. Биринчиден, пандемиядан улам эмгек мигранттарынын баары эле үйлөрүнө кайткан жок. Айрымдар үй-бүлөсүнө каражат жиберүү үчүн толук эмес шарттарга да, маянанын кыскарышына да кайыл болуп Россияда иштеп калышты.

Москвадагы Park Inn Izmailovo мейманканасында бөлмөлөрдү жыйноочу Жумагүл Ташполотова обочолонуу режиминде да Кыргызстанга барбай, ишин уланткан. Айтымында, отель коронавируска каршы күрөшкөн врачтарга эшик ачкан. 

Горничная московской гостиницы Park Inn Izmailovo Жумагуль Ташполатова и менеджер отеля Манзура Мухиддинова
© Фото / Манзура Мухиддинова
Москвадагы Park Inn Izmailovo мейманканасында бөлмөлөрдү жыйноочу Жумагүл Ташполотова жана отелдин менеджери Манзура Мухиддинова
"Беш сааттан хлор менен иштесек да жумуштан кетип, мекенге кайтууну туура көрбөдүм. Москвага дароо кайтуу үчүн чек аралар качан ачылары белгисиз эле. Ал эми мен мекендеги жакындарыма каралашууга тийишмин. Эң негизгиси — бизге түзүлгөн шарттар. Мейманкана коопсуздугубуз үчүн кам көрдү. Атайын кийим беришти, бет кап жана мээлейди ар үч саатта алмаштырып турдук. Антисептик колубуздан түшкөн жок", — деди Ташполотова.

ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

Ал эми айрым мигранттар иштин көптүгүнөн обочолонуу режимин деле байкабай калышканын айтат отелдин менеджери Манзура Мухиддинова. Манзура өзү Ташкенттен болот. Үй-бүлөсүнө үзбөй акча жөнөтүп турду.

"Көп нерсе жетекчиликке жараша. Эгер мигрант өзүнө жакшы мамиле жасалса, улутуна карап басмырланбаса, жумушун таштагысы келбейт. Мисалы, мен алгач бөлмө жыйноочу болуп орношком, азыр мына жетекчиликке чейин жеттим. Авиакаттамдар токтогону биринчи кезекте отелдер зыян тартарын, андан улам маянабыз азаярын түшүнгөм. Бирок баары бир калгым келди", — деди ал.

Курулушчулар Zoom-режимге өтүштү

Экинчи себеп Борбор Азиядан Россияга баргандар 20 жыл аралыгында кыйла өзгөргөнүндө. Алар Россиядагы жашоого көнүп калышты. Мекенине кайтуунун ордуна акча табуунун жаңы жолдорун издөөгө аракет кылышты. Мындай оюн мигранттар боюнча серепчи Парагат Жураева ортого салды. 

Эксперт по работе с мигрантами Парагат Джураева
© Фото / Парагат Джураева
Мигранттар боюнча серепчи Парагат Жураева
"Мен өзүм мигрантмын. Тажикстанда жашачумун, кийин Кыргызстанга бардым. 2003-жылы Москвага көчүп келдим. Мекенде өз кесибим боюнча иштегем, немец тилинен сабак берчүмүн. Россияга жаңы келген кезде сатуучу болуп иштедим. Арбитраждык сот жана чакан насыялык уюмга котормочу болуп кирүү бир топ убакытты алган", — деди Жураева.

Эки жыл мурун Парагат жеке ишин ачкан.

"Жолдошум куруучу, аны бир нече ирет алдап кеткендер да болду. Келишимге кол коюшкан эмес, маянасын бербей коюшса да колубуздан эч нерсе келбей калчу. Ыза болуп кала берчүбүз! Бирок мигранттар башынан өткөргөндөрүнөн сабак алышат. Акыры жеке курулуш компаниямды түптөдүм. Ишибизге да баары ыраазы", — деди ал.

Кыргызстан чет жактан канча акча алып, канчасын коротту. Кыскача түшүндүрмө

Россияга келгенден бери Парагаттын жана үй-бүлөсүнүн турмушу кыйла жакшырган. Уулу экономисттик кесипке ээ болуп, ушул тапта кофейня ачууну кыялданып жүрөт. Мигранттардын балдары таптакыр башка муун экенин белгилейт Парагат. Жашоодон күткөнү, дымагы бөлөк. Алар каатчылык маалында да кылмыштуу жолго түшүшпөйт, анткени өз адистиги боюнча акча табуунун ыгын так билишет.

"Маселен, курулуш бригадабыз чектөөлөр маалында убактылуу Zoom-режимге өттү. Биз онлайн кеңеш берип жаттык. Кардарлардын кээ бири өздөрү ремонт жасагысы келди, айрымдары сантехникадан кыйналды. Ал эми обочолонуудан улам адистерди чакырууга болбойт эле. Бир айым биздин онлайн көрсөтмөбүз менен, болгондо да бардык эле чебердин колунан келе бербеген нукта дал келтирип, дубалына туш кагаздарын чаптап чыкты", — деди Жураева.

Жогорку билимдүү мигранттар

Мигранттар тууралуу кеп козголгондо жогорку квалификациялуу адистер тууралуу да унуткарбоо абзел экенин белгилейт мобилдик тиркемелерди иштеп чыккан кыргызстандык адис Фархад Шагидов. 

Разработчик мобильных приложений Фархад Шагидов
© Фото / предоставлено Фархадом Шагидовым
Мобилдик тиркемелерди иштеп чыккан кыргызстандык адис Фархад Шагидов
"Санкт-Петербургда жашайм, чынын айтсам, көпчүлүгү Борбор Азиядан келген мигранттарды короо шышыргыч, таксист же жардамчы жумушчулар катары кабыл алганы кейитет. Мигрант экенимди, Россия, Украина, Казакстан, Белоруссия жана Арменияда кеңири таралган мобилдик тиркеме жаратканымды укканда кээ бир кишилер селдейип калышат", — деди ал.

Шагидовго окшогон мигранттар да экономикага өз салымын кошушат. Албетте, пандемия убагында аларга деле оңой болгон жок.

"Кандай тиркеме болбосун, кирешеси жарнамаларга жараша. Жарнама берүүчүлөрдүн саны азая түштү. Бирок жагдай кайрадан нугуна түшүүдө. Май айынан тарта бул 20 пайызга жакшырганын байкап жатам", — деди ал.

Шагидовдун пикиринде, мигранттарга мамлекет тарабынан көрүлгөн чаралар көмөкчү болду.

Беш айда Кыргызстандан чет жакка 163,7 млн. доллар которулду

"Мисалы, каттоом дароо узартылды, бул жашоомду жеңилдеткени шексиз", — дейт ал. Ошондой эле кырдаалга көптөгөн мигранттардын бири-бирине кол сунганы да таасир этти.

"Биз мекендештерди каржылык, белек-бечкек жагынан колдоого тырыштык. Анан да карантин маалында мен автомобилдик сайтты иштеп чыга баштадым. Келечекте ага да кызматкерлер талап кылынат", — деди Фархад.

Баса, чек аралардын жабылышынан улам Россияда калып калган чет элдиктер аргасыз мигрантка айланышты. Инженер-программист Музаффар Расулов Москвага конференцияга Тажикстандан келген. 

Инженер-программист Музаффар Расулов
© Фото / Музаффар Расулов
Инженер-программист Музаффар Расулов
"Техникалык колледжде сабак бергендиктен, бул жакта жумуш издешти деле ойлогон эмесмин. Бирок карантинден улам кете албай калдым, ал эми колумда бир айга гана жетерлик каражатым калган. Ири ишканаларга резюме жөнөтүүгө туура келди. Акыры аралыктан иштей турган жумуш таптым", — деди ал.

Эми Музаффар Россияда калууну ойлонуштуруп жатканын белгиледи.

250
Белгилер:
карантин, отель, соода, курулуш, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Мигранттар которгон акчанын көлөмү май айында кескин өстү
КРге келген мигранттар патент алып иштөөгө милдеттүү болду. Жаңы мыйзам
Медиктер Шереметьево аэропортунда. Архивдик сүрөт

Эртеңден тарта Россияга кирүүнүн шарты өзгөрөт

999
(жаңыланган 11:48 14.07.2020)
Роспотребнадзор буга чейин 13 мамлекетке авиабайланыштарды жандандыруу боюнча сунуш берген болчу.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 15-июлдан тарта Россияга келгендер үчүн милдеттүү түрдө колдонулуучу эки апталык обочолонуу токтотулат. Бул тууралуу Роспотребнадзордун токтомуна таянып РИА Новости билдирди.

Эми чет элдик жарандардын орус же англис тилинде коронавирустун белгиси жок деген тесттин жыйынтыгын көрсөткөн документи болушу зарыл. Тест Россияга келерге чейинки үч күндө тапшырылышы зарыл.

Россиялыктар тапшырган анализинин жыйынтыгын көрсөтө алат же үйүнөн анализ тапшырышат. Эгерде РФке келген жаран тест тапшырган эмес болсо, анализ тапшырууга үч күн убакыт берилет.

Россияда обочолонуу учурунда таксисттердин 93%ы кирешеден кол жууган

Роспотребнадзор буга чейин 13 мамлекетке авиабайланыштарды жандандырууну сунуштаган болчу. Тизмеге Германия, Италия, Улуу Британия, Польша, Дания, Финляндия, Венгрия, Нидерланддар, Норвегия, Кытай, Шри-Ланка, Вьетнам жана Монголия мамлекеттери кирген.

Вице-премьер Татьяна Голикова өз кезегинде чет өлкөлөргө авиабайланыштарды жандандыруу үчүн шарттарды атады. Ал белгилегендей, аталган мамлекеттерде коронавирус жуктургандардын саны 100 миң калкка 40 адам туура келген көрсөткүч болушу зарыл. Мунун менен катар бул көрсөткүч 14 күн (инкубациялык мезгил) ичинде өзгөрүлбөшү кажет.

Ал өлкөлөрдө COVID жуктургандардын санынын күнүмдүк өсүүсү жана оорунун жайылышы боюнча көрсөткүчтөр бир пайыздан ашпашы керектигин кошумчалаган.

Россия 27-мартта чет өлкөлөр менен туруктуу жана чартердик авиабайланышты токтоткон. Бүгүнкү күндө чет жактардагы россиялыктарды алып келүүчү, жүк ташуучу, почта, санитардык каттамдар гана жүргүзүлүүдө.

999
Белгилер:
карантин, байланыш, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (876)
Тема боюнча
Россия гумжардам катары Кыргызстанга 100 миңден ашык тест-система берди
Кызматкерлер таштандыны алып кетип жатышат. Архив

Күндүзгү стационар жана "Гансиден" чыккан таштанды кайда ыргытылат? ӨКМдин жообу

0
(жаңыланган 00:43 15.07.2020)
Социалдык тармак колдонуучулары стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштандылар кайда ыргытыларына кызыгышкан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү стационар жана "Семетей" обсервациясынан (мурдагы "Ганси" авиабазасы) чыккан медициналык таштандыны жеке менчик компаниялардын бири чогултуп, ташып кетип жок кылат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштанды кайда ыргытыларына кызыгышкан.

"Мындай иш-чаралар Республикалык штабдын тапшырмасы, Жугуштуу ооруларды алдын алуу департаменти, Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун сунушу менен жүргүзүлүп жатат. "Семетей" обсервациясындагы медициналык таштандыларды чогултуу, алып кетүү жана кайра иштетүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ элди такталбаган маалыматты тараптоого чакырды.

0
Белгилер:
тазалоо, таштанды, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Сүрөт