Путин: СССР кулады, ал эми санитардык-эпидемиологиялык система калды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын Президенти Владимир Путин видеоконференция аркылуу жолугушуну өткөргөн учурда. 22 май 2020-жыл.
Россиянын Президенти Владимир Путин видеоконференция аркылуу жолугушуну өткөргөн учурда. 22 май 2020-жыл.  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абал боюнча жыйын өткөрүп жатып COVID-19 вирусунун экинчи толкуну күзүндө болушу мүмкүн деп эскертти.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин СССР учурунда түзүлгөн саламаттыкты сактоо системасы жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл талкаланбагандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мамлекет башчынын ал билдирүүсүнүн видеосун Пул №3 Telegram-каналы жарыялады.

Россия лидери мамлекеттеги санитардык-эпидемиологиялык абал боюнча видеобайланыш аркылуу жыйын өткөрдү. Анда Кара тумоого каршы "Микроб" илимий-изилдөө институтунун директору Владимир Кутырев өз докладын окуган.

Директордун сөзүнөн кийин Путин андан Советтер Союзунда санитардык эпидемиологиялык системаны ким түзгөндүгүн сураган. Кутырев Россиянын биринчи саламаттыкты сактоо министри Николай Семашко деп жооп берип, ал өзүнүн аркасында бир топ адистерди калтыргандыгын белгилеген.

"Туура. Советтер Союзун кулаттык, ал эми анын түзгөн системасын анте алган жокпуз", — деп жооп берген Путин.

Ал ошондой эле учурда бийлик санитардык-эпидемиологиялык системаны бекемдөөдө аракеттерди көрүп жатканын жана келечекте дагы жасала тургандыгын кошумчалады.

АКШнын аскердик учагы Россияга жасалма дем алдыруучу 50 аппарат жеткирди. Видео - Sputnik Кыргызстан
АКШнын аскердик учагы Россияга жасалма дем алдыруучу 50 аппарат жеткирди. Видео
"Бүгүн Россияда коронавируска байланыштуу жалпы абал стабилдешүүдө, бирок туруктуу эмес. Ошондуктан акырындык менен чектөө режиминен чыккандан кийин оорунун октябрь-ноябрь айларындагы кийинки толкунун ойлонушубуз зарыл. Ошол учурдагы абалдын күчөп кетүүсүнө даяр болушубуз керек", — деди Путин.

СССРдин Медициналык илимдер академиясынын академиги Николай Семашко (1874-1949) — врач, советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, СССРдин саламаттыкты сактоо системасын уюштуруучулардын бири. Ал Владимир Ленин көз жумгандан кийин анын өлүгүн союуга катышкан инсан катары дагы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0