Демонстрациялар учурунда оперативдик-тактикалык ракета тутумун жайгаштыруу. Архив

"Сарматтын" талпынышы. Россияга жаңы Satana эмне үчүн зарыл?

267
Россиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрү жакшыргандан жакшырып барат. "Сармат" оор баллистикалык ракетасы куралдуу күчтөргө тапшырылар алдындагы соңку сыноодон өтмөкчү. Ракетанын мүнөздөмөсүнө баяндамачы Александр Хроленко кеңири токтолду.

Россиянын вице-премьери Юрий Борисов COVID-19 пандемиясы "Сармат" континент аралык баллистикалык ракетасынын (КБР) учушун сыноого даярдыгын үзгүлтүккө учуратпаганын, Коргоо министрлиги жана башкы конструктор тарабынан белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн билдирди.

Россиялык өнөр жай кооперациясы тарабынан Куралдануу боюнча мамлекеттик программасынын алкагында жаңы РС-28 "Сармат" суюк отундуу оор ракетасы менен шахтада жайгаштырылган ракеталык комплексти түзүү иши аягына чыгып барат.

Жаңы ракетанын баштапкы сыноолору 2018-жылы аяктаган. Комплекс аскердик блоктордун, анын ичинде жаңы муундагы гипер үндүүлөрүнүн да кеңири спектрине ээ болуп, 2021-жылы стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөргө күч кошот. Белгилей кетсек, атайын "Сармат" үчүн багытталган "Авангард" гипер үндүү комплекси эбак Домбар ракеталык дивизиясында нөөмөт өтөөдө.

Жаңы КБР дүйнөдөгү эң күчтүү Р-36М2 "Воевода" ракетасынын ордун басат (натолук классификацияда – SS-18 Satana). "Сармат" ракеталык чабуулдан коргонуу аймактарынан, болжоп болгус траекторияларынан буйтап учат. Бул мүмкүнчүлүгү менен жеке багытталган гипер үндүү блоктор болжолдуу душмандын колундагы жана перспективдүү коргонуу тутумдарына карматпайт.

"Сарматтын" "Воеводалардан" айырмалап турган өзгөчөлүгү Ю-71 тибиндеги гипер үндүү блоктору бар жаңы КБР өзөктүк эмес жабдылган жогорку тактыктагы курал катары колдонууга боло тургандыгы. Атмосферада 15 Maxтын тегерегиндеги (секундасына 7 чакырым) ылдамдыкта блоктун кинетикалык энергиясы өзөктүк соккуга мүнөздүү болгондой, бирок радиолокациялык жабыркатуусуз кыйратарын кепилдейт. Траекторияны таптак тууралоого жөндөмдүү. КБР учурулган жерден миң чакырым аралыктан объектиден "жылчык" таба алат.

Жаңы ракетаны сериялык чыгаруу үчүн өнөр жай өндүрүшүн заманбапташтыруу аяктады. Ал Оренбург облусунда жана Красноярск аймагында жайгаштырылмакчы. Россия ошентип өзөктүк кармануу дараметин жогорулатууда.

Эки уюлдан бирдей

Дүйнөнүн технологиялык жактан өнүккөн бардык өлкөлөрү континент аралык оор ракеталарды иштеп чыгуу жана өндүрүү жаатында атаандаштарынан озуп чыгууга ашыгат, бирок Россия алда канча алдыда.

РС-28 "Сармат" оор, суюк отундуу континенттер аралык баллистикалык орбиталык ракетасы менен шахтада жайгаштырылган ракеталык комплекс бардык параметрлер боюнча артыкчылыгын көрсөтүп турат. Узакка учушу, ылдамдыгы жана кыйратуучу күчү жагынан дүйнөдө теңдеши жок. Узак аралыкка учуусу боюнча (18.000 чакырымга дейре) "Сармат" чет элдик атаандаштары жете албай жүргөн "Воеводадан" да бир жарым эсеге жогору. Пайдалуу жүк көтөрүмдүүлүгү да 10 тоннага көбөйтүлгөн.

Маңдайкы бөлүгү жеке багыттагы 10 блок менен ажыратылат. Жаңы ракетанын баштапкы массасы 208 тоннаны (анын 178 тоннасы – отун) түзөт. Ракетанын жалпы узундугу – 35,5 метр, диаметри – 3 метр.

"Воевода" менен "Сарматтын" согуштук күчү бирдей, күүлөнүүчү тилкеси жана КБРдин Aegis, THAA жана башкалардын тутумдарын жеңүү жөндөмү да кыйла бүйүр кызытат. Континент аралык баллистикалык ракета абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу тутумдарын ийгиликтүү жеңүүгө, бутага өз маалында жана таамай тийгизүүгө милдеттүү.

Ал тургай "Воеводанын" аскердик блоктору жаңылыш элементтердин булутундагы бутасына карай учушчу (ракетанын алдыңкы бөлүгү ар бири 800 тоннадан турган кубаттуулуктагы 10 аскердик блоктон жана Ракетага каршы коргонууну жиреп өтчү каражаттардын өркүндөтүлгөн комплексинен турат). "Сармат" учушта коргоо жана маскировкалоонун таптакыр жаңы каражаттарына ээ экенин божомолдоо акылга сыярлык.

Ар кыл кубаттуулук жана багыттагы блоктордун топтомунда душмандын радиолокациялык станциясынын күчтүү каршылык көрсөтүү каражаттарына жана башка инновациялык компоненттерине ээ болушу мүмкүн. Бул кандай иштейт? Ажыратылгандан кийин маневр жасоочу блок 100 чакырым бийиктикке 15 Max (секундасына 7 чакырымга) ылдамдык менен жылат. Атмосферанын тыгыз катмарын жиреп кирерден мурун (дал бутасынын үстүндө) душмандын ракетага каршы коргонуусунан өтүү үчүн татаал маневр жасайт.

Жогоруда белгиленгендей, мындай аскердик блоктору менен дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун жаңжалдардын жүрүшүндө даректүү өзөктүк эмес сокку урууга болот. "Сарматтын" учуш ылдамдыгы, ыраактыгы, жүк көтөрүмдүүлүгү жана тапшырмага 60 секундда даяр болушу рекорддук көрсөткүчтө (душман тараптан өзөктүк сокку болсо, чагылгандай тездикте жооп кайтарат).

Жаңы КБРге салынган Түштүк уюл аркылуу суборбиталык боюнча болжолдуу душмандын аймагындагы "орбиталык бомбалоо" технологиясы жарандык багыттагы космостук аппараттарды учурууга да мүмкүнчүлүк берет (пайдалануу мөөнөтүнүн аяк ченинде ар бир "Сармат" ага салынган инвестициянын басымдуу бөлүгүн кайтара алат).

Негизги параметрлери

Россиялык стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрү канча жаңы оор ракета алат? Мурдараак америкалык CNBC каналы АКШнын чалгындоо коомчулугуна шилтеме жасоо менен 60 "Сармат" жөнүндө чагылдырган, саны боюнча болжол менен бул эки дивизиядагы "Воеводага" туура келет (Красноярск крайы жана Оренбург облусу). Ошентсе да РФ Коргоо министрлигинин башка да пландары бар. Россиянын Стратегиялык өзөктүк күчтөрү жана АКШнын Стратегиялык чабуулдук күчтөрүнүн топтору үчүн СНВ-3 келишими менен аныкталган КБР жана аскердик блоктордун саны боюнча жогорку чек туурасындагы гана маалымат ачык. РФ үчүн кыймылга келтирүүчү түзүлүштөрдүн саны – 700 жана 1550 блок деп көрсөтүлгөн. Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөр Стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн ташуучулар жана октуу дүрмөттөрүнүн жалпы санынын орточо 60 пайызына гана ээ. Ал эми 2024-жылы заманбап гана үлгүлөрүн алууну пландашууда. "Тополь-М" жана "Ярс" комплекстерин эске алганда көп варианттуу перспектива жаралат.

Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн өнүгүш келечегин аныктоодо Россия АКШнын ракеталык-өзөктүк дараметин жана тышкы саясатынын өзгөчөлүктөрүн, Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин келишиминен Вашингтондун чыгышы, орто алыстыктагы америкалык ракеталардын Европада – РФке жакын жерде жайгашуу ыктымалдыгын эске алууга аргасыз. Ошентип, Польша жана Румынияда ар кандай даражада Пентагондун универсалдуу Мк-41 түзүлүштөрү менен ракетага каршы комплекстери ачылган. Ошол жактан "Стандарт-3" ракетага каршы коргонуу жана орточо ыраактыктагы "Томагавк" канаттуу ракеталары учурулушу мүмкүн.

Мындан тышкары, Польша менен Румынияда жайгаштырылган сокку уруучу америкалык учкучсуз учактар өзөктүк ок-дары менен жабдылган болушу ыктымал. Россияга каршы орточо алыстыктагы сокку уруучу компоненттерди пайдаланууда жооп иретиндеги сокку аймагында Кошмо Штаттар да, баштапкы аянттагы өлкөлөр да орун алышы ыктымал. "Кызыл жылдыз" басылмасына берген маегинде Россиянын Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн командачысы Сергей Каракаев ачык эле билдирген.

2020-жылга карата Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдүн планында ар кыл даражадагы 200дөн ашуун окуу өткөрүү жана континент аралык баллистикалык ракеталарды алты жолу учуруу (анын бешөө Плесецк космодромунан) пландалган. Былтыр ушундай эле санда аскердик окуулар өткөрүлгөн. Стратегиялык ракеталардан бешөө учурулуп, алар ракеталык комплекстердин ынанымдуулугун жана жалпы аскердик күчтөрдүн натыйжалуулугун тастыктаган.

Заманбап стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөр азыр үч ракеталык армия, 12 ракеталык туташтыруулардан (анын ичинде стационарда жайгашкан шахталык кыймылга келтирилүүчү төрт жана кыймылдуу кыртыштуу ракеталык комплекстүү сегиз ыкчам дивизия) турат. Менимче, ракеталар бардык агрессорлорго жетишерлик.

Болжолдуу душманга эскертүүчү (куралсыз) сокку урула турганына үмүт артып болбойт.

Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдүн объектилери абадан жасалган чабуул каражаттарынан С-300ПМ и С-400 заманбап зениттик комплекстери, "Мозырь" активдүү коргоо тутуму, аракет этүүнүн ар кыл физикалык принциптеринде абадан коргонуунун перспективдүү каражаттары менен жакшы жабылган.

Роботтоштурулган башкаруу тутуму киргизилүүдө. Россиянын өзөктүк курал ташуучуларынын жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнө ээлик кылуу менен өзөктүк триададагы стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөр башкы ролду ойнойт. Жаңы "Сармат" континент аралык баллистикалык ракетасы стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдө жана өзөктүк кармануу тутумунда негизги позицияда.

267
Белгилер:
куралдуу күчтөр, армия, стратегия, курал-жарак, Россия, ракета
Тема боюнча
Бура бастырбаган "Бумерангдын" экспорттук дарамети 1 млрд. доллар. Артыкчылыгы
Аэрофлоттун учагы. Архивдик сүрөт

ТИМ: Россиядан кыргызстандык дагы 45 дарыгер учуп келди

56
(жаңыланган 17:09 12.07.2020)
Россияга Кыргызстандан барып иштеп жүргөн реаниматолог, кардиолог, эпидемиолог, терапевт, медайымдардын ичинен 45 адам бүгүн Бишкекке келип конду. Алар оору каптаган мекенине жардам берүү үчүн сапар алган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Москвадан Бишкек шаарына учак менен 426 кыргызстандык келди, арасында медицина кызматкерлери да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү "Аэрофлот – Российские авиалинии" компаниясынын учагы борбор калаага келип конду.

"Москва — Бишкек каттамы менен КРдин 426 жараны мекенине кайтып келди. Алардын арасында 45 дарыгер бар. Россиядан келген ак халатчандар Кыргызстандагы кесиптештерине коронавирус, пневмония менен жабыркаган бейтаптарды айыктырууга жардамдашат", — деп айтылат маалыматта.

Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер онлайн кеп-кеңеш бере баштайт

Буга чейин 25 дарыгер, 20 медайымдан турган топ өз ыктыяры менен көмөк көрсөтүүгө макул болгондугу жана алар Россияда реаниматолог, кардиолог, эпидемиолог, терапевт, медайым болуп иштеп жүргөндүгү кабарланган.

Андан сырткары, аталган каттам менен Россиядагы ЖОЖдордо окуган кыргыз студенттер, кош бойлуу аялдар, балалуу энелер, операция болгон бейтаптар жана жакындарын жоготкон адамдар да келди.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

56
Белгилер:
учак, дарыгер, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Москвадан 437 кыргызстандык учуп келди
Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз
Лабораториядагы реагенттер. Архивдик сүрөт

Россиянын коронавируска каршы вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өттү

944
(жаңыланган 11:22 12.07.2020)
Окумуштуулардын айтымында, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россияда иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Сеченов университетинин Трансляциондук медицина жана биотехнология институтуна шилтеме кылып жазып чыкты.

Аталган илимий мекеменин директору Вадим Тарасовдун айтымында, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү

"Сеченов университети дүйнө жүзүндөгү биринчи вакцинанын сыноосун ийгиликтүү аяктады", — деди Тарасов.

Ал ошондой эле вакцина сайдырган адамдар узак убакыт обочодо болгондуктан аларда көйгөйлөр жаралып, жардамга психологдор келгендигин кошумчалады.

Ал эми Медициналык паразитология институтунун директору Александр Лукашев ал изилдөөдө дарыны колдонуу адамдын ден соолугуна коопсуз экендигин билүү зарыл болгондугун айтты.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Эске сала кетсек, июндун ортосунда РФтин Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган. Препараттар Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан.

Сыноо Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы госпиталында жана Сеченов медицина университетинде ыктыярчыларга жүргүзүлүүдө.

944
Белгилер:
сыноо, вакцина, изилдөө, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты
Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү
COVID: "Авифавирди" амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда
Кыргызстандык мугалим Бүбүйна Чолпонкулова окуучулары менен

Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет

0
(жаңыланган 18:51 12.07.2020)
Кыргызстандык Бүбүйна Чолпонкулова учурда Германиянын Дортмунд шаарындагы Georgschule атайын ылайыкташтырылган мектебинде мугалим болуп иштеп, ал жакта 15 жылдан бери жашап келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жактагы мекендешибиз менен мектептеги билим берүү жөнүндө маек курду.

— Кыргызстандык мугалимди германиялык кесиптештери кандай кабыл алды?

— Германияда он жылдан бери мугалим болуп эмгектенем, иштеген жеримде мен жалгыз чет элдикмин. Ага чейин Кыргызстанда немис тили боюнча жогорку билим алып, беш жылдай Бишкек архитектура жана курулуш колледжинде эмгектенгем. Өзүбүздүн билим берүү системасына ичим чыкчу эмес. Ошол маалда Вальдорф педагогикасы жөнүндө угуп калып, Бонн шаарындагы атайын мектепке бир жылдык программага барууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Бул жакка келгенде кесибиме байланыштуу боштуктар толду. Үч ай жергиликтүү мектепте мамлекеттик практикадан өтүп, 3-класстагы окуучуларды сахнага кыргызча ырдатып чыккам. Ошол иш-чарага менин бир окуучу кызымдын мектеп директору болуп иштеген жакыны келип, мени байкап калып жумушка чакырган. Германияда мыйзам боюнча жумушка биринчиден өзүнүн жарандарын алат. Эгер татыктуу талапкер табылбаса, башка Европа өлкөлөрүнөн алат. Такыр болбой калганда гана үчүнчү мамлекеттен келгендерди ишке тартат. Ага карабай мени жумушка кубануу менен чакырып, элчиликке кайрылып виза алуума жардам беришкен.

Азыр иштеген жерим атайын ылайыкташтырылган мектеп болуп саналат. Германияда андай билим берүү мекемелеринде тентек, бейбаш балдар же үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор, Даун синдрому, аутизмдин абдан оор формасы менен жабыркагандар окушат. Жалпылап айтканда, бул жакта балдарды окутуу методикасы билим берүү системасына ылайыкталбастан, эркин ойлонуп, аларды ар тараптан өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган. Чет жакта агартуучулукту аркалап жүрүп дем алыш күндөрү Вихтен шаарындагы педагогикалык институттун "Класс жетекчи" бөлүмүнө тапшыргам. Кийин дагы үч жыл атайын педагогиканы окуп, жалпы жети жылдай билим алдым. Себеби ден соолугунан жабыркаган түрдүү балдар менен иштешүүгө туура келет. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Окуучуларга канча предметтен сабак бересиз?

— Немис тили, математика, зоология, биология, география, физика, химиядан сабак берем. Андан сырткары, класс жетекчи болуп орус тили, кол эмгекти окутам. Булардын ичинен мен кол эмгекти жакшы көрөм. Кыргызстанда бул сабакты толук ачып берүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенине карабай, анын баркы жок. Мен Германияда 1-класстагы балдарды алгачкы сабагын өтүү үчүн аларды зоопаркка алып барып, үй жаныбарлары бөлүмүн кыдырабыз. Ошол жактан койлорду көрүп, аларды кармап өздөрүнүн эмоциясын айтышат. Анан ал жактан кыркылган койдун жүнүн кир боюнча эле сатып алып мектепке алып келебиз. Аны чогуу мектептин короосуна алып чыгып айна, ысык суу менен жууп, кайра чайкайбыз. Андан соң кийинки сабакта кичинекей балдар тыпыйып отуруп алып аны тытышат. Дагы бир күнү парктан куурап калган жыгачтарды чогултуп, анын кабыгын сыйрып ийик даярдап, жип ийрип, кичинекей килем токуп, оюнчук, кыздар мончокторду жасайт. Мунун баары баланын моторикасын өнүктүрүүгө жардам берип, акыл-эсинин калыптануусуна чоң түрткү болот. Ошонун баарын көрүп кыргызстандык мугалимдер муну эмне жасабайт деген ой пайда болот. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Германияда мугалимдерге кандай шарт түзүлгөн?

— Илимпоздор менен мугалимдердин талкууларына көп катышабыз. Кээде театрдан чакырылган актерлор менен иштешебиз. Чыгармачыл инсандар досканын жанында туруп бөлмөнүн аягында отурган балага кыйкырбай, бирок ага жеткиликтүү кылып сүйлөөнү үйрөтөт. Жомок, тамсил, тарыхый окуяларды айтуунун сырларын ачып берет. Түрдүү жыйын, илимий иш-чараларга катышуу үчүн жол кире, тамак-аш, жатакананын акчасын мектеп төлөп берет. Кыскасы, кесиптик жактан бир жерде тура бербей дайым кыймылдабыз.

Эмгеги медицина, авиация, машина курууда колдонулат. Окумуштуу Рыспаевдин маеги

— Дарыгерлер Гипократтын анттын берип, өз милдеттерин аткарат. Мугалимдер андай ант бербесе да, аларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Ушул пикирге кошуласызбы?

— Ооба. Жолдошум тамаша-чынды аралаштырып Германияда мугалим болуу мектепте эле жашоо турбайбы деп калат. Мисалы, мен эртең өзүмдүн классыма сабак өтө турган болсом, бүгүн түштөн кийин же кечинде барып доскага өтө турчу темага жараша сүрөт тартып кетем. Эртеси класска кирген окуучулар ал сүрөттү көрүп фантазиясы иштеп, сабакка болгон кызыгуусу артат. Бул ыкма балдар менен биргеликте теманы толук ачууга жардам берет. Негизи жумушубуз абдан жоопкерчиликтүү, окуучулардын калыптануусу, ой жүгүртүүсү биздин колубузда. Ар бир кыймылым, айткан сөзүм балдардын коомго аралашуусуна сөзсүз таасир берип, келечеги курулат. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Окуучуларга баа койбойт экенсиздер, жетишкендиктерин кантип баалайсыздар?

— Ооба, мындай мамиле автоматтык түрдө мугалимдин бийлигин алып таштайт. Айрым учурда мугалим окуучунун ата-энеси менен тил табыша албай калганда, ал баа коюуну рычаг катары колдонушу мүмкүн. Мындан сырткары, окуучуларда коркуу сезими жаралып, ички жан дүйнөсүндө өксүктөр жаралат. Биздин мектепте баанын айынан окуучулар бири-биринен корунбайт, өзүн ээн-эркин алып жүрөт. Мен мугалим катары кайсы окуучум немис тилин жакшы билет, кайсы баланын ой жүгүртүүсү жакшы экенин билем. Ошол боюнча балдардын жооп берүүсүнө мүмкүнчүлүк берем. Менин сөзүмдү кабыл албаган айрым окуучулар өзү курактуулардын айтып бергендерин бат илип алышат. Класс жетекчи катары окуусунан артта калган балдарды билбейсиң деп урушпайм. Алар мектепке баа үчүн эмес, билим алуу үчүн келет. Тескерисинче, 1-2-класстагы окуучуларым мага бүгүн эмнени өтөбүз, эмнени үйрөнөбүз деп келишет.

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

Мектебибизде окуучуларды баалоо мугалимдер үчүн өтө оор, жөн эле баа коюп кое албайсың. Мен кичинекейлердин ар биринин жүрүм-турумуна, жетишкендигине анализ жүргүзүп, окуу жылынын соңунда ар бирине мүнөздөмө берем. Жадагалса, кайсы теманы өздөштүрүп, эмнени жакшы түшүнө албагандыгына чейин жазам. Соңунда кийинки жылы эмнеге басым жасоо керектиги жөнүндө сунуш берип, окуучуга ыр түрүндө мүнөздөмө беребиз. Эгер бала өзүмчүл болсо, ага түлкү жөнүндө ыр жаттатам. Дегеним муну менен биз анын кемчилигин ачык айтпай, кыйыр түрдө аң-сезимине таасир берип кулк-мүнөзүнүн оңолушуна түрткү беребиз. Бул ыкма кадимкидей жардам берет, кээде айрымдар бул ырды эмнеге жаттап жатканын кадимкидей сезишет. 

— Байкасам сиздер балдар менен психологдордой эле иштешет экенсиздер?

— Атайын педагогиканы окуганда медицина, физиологияны дагы өздөштүрөбүз. Баланын мээсинде айрым жөндөмдөр канча жашта өнүгө тургандыгы жөнүндө маалымат болушу керек. Эгерде 1-класстагы окуучу партаны көмкөрүп туруп сабактан чыгып кетсе, ага эмне түрткү болгондугун мен билишим абзел. Мүмкүн ал баланын физиологиялык жактан өзгөчөлүктөрү бардыр же үйүндө маселе жаралып жаткандыр. Мунун баарын билүү менин мойнумда. Албетте, мен врач эмесмин, бирок анын ата-энесине кайсы дарыгерге же адиске баруу керек экендигин айтып, жакындары менен чогуу иштешем.

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / Бубуйна Чолпонкулова
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Мугалим катары окуучуларыңызга эмнелерди билдирбегенге аракет кыласыз?

— Балдар жасалмалуулукту, калп айтканды дароо сезет. Мен күндө жумушта саат 07:30да болуп калам. Балдар келгенге чейин жарым саат ойду жумушка багыттап, жеке көйгөйлөрүмдөн арылып даярданып турам. Эгер маанайым жок болсо, балдарга түшүндүрүп айтып, менде ушундай көйгөй болуп жатат, силер бул тууралуу кандай ойлойсуңар деп баарлашам. Бул жакта балдар боюнда бар аялды көп кезиктире беришпейт. Мен иштеген тогуз жылда кош бойлуу болгон экинчи эле мугалим болдум. Эгер мага баскан, кыймылдаган оор болуп жатса, окуучуларыма айтам. Чарчаган жоксуңбу, массаж жасап берейинби деп да келип калышат.

— Окуучуларыңыз өзгөчө балдар экен, алар менен кантип жакындашасыз?

— Классымда талма менен ооруган окуучу болсо, анын ата-энеси врач менен сүйлөшүп, тиешелүү кагаздарын, дарысын мага алып келип берет. Эгер анысы жок болсо, мен ал балага бир дагы дары бере албайм. Психикалык жактан кыйналган балдарды да алып келишет. Бир жолу 3-класска бир кыз келди. Аны баккан энеси баңгизат колдонуп, энелик укуктан ажыратылган болчу. Айланасындагы адамдардан күмөн санап, коркуп, такыр жалтактап бүтүп калган экен. Кыз менен психологдор иштешти, мен ага жакшы мамиле жасап кыздар-балдар менен аралаштырууга аракет жасадым. Андай балдар мээримге, сүйүүгө өтө муктаж келет. Кээде ал мени кучактагысы келчү, мен ага уруксат берип, ыйын, сөзүн да көңүл буруп укчумун. Бир жылдын ичинде ал секелек ушунчалык жакшы окуган, күлүп-жайнаган, айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга ишеничи арткан кыз болуп чыкты. Чынында зээндүү, дээринде бар кыз болчу, мен аны майда-барат нерселерге жумшап, коомдо орду бар экенин сездирчүмүн. Эч бир дары-дармек, түрдүү терапияларды албай ушундай жыйынтыкка келгенбиз. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Чет жакта ата-энелер мектептеги окуу процесске канчалык деңгээлде активтүү катышат?

— Окуучулардын билим алуусуна ата-эненин катышуусу чоң роль ойнойт. Анткени мектеп муктаждыгынын 72 пайызын мамлекет каржыласа, калганы ата-энелердин мойнунда. Биз дагы алар педагогиканын максатын түшүнсө деп аракет кылабыз. Анткени жаңы технологиялар өнүгүп, баарлашуу жаңы деңгээлге өткөндүктөн, ата-энелердин да ички кооптонуусу бар. Балдардын жакындары кайсы сабак өтүлүп жатканы, эмне себептен ошол темалар зарыл болуп жатканын билип туруш керек. Ошондуктан бир айда бир жолу чогулуш болуп турат. Ата-энелер мектепте уюштурган иш-чаларга да активдүү катышат. Кээде окуучулар менен тоого чыгып калсак, бир-эки күн ата-энелер коштоп барат.

Америкалыктарга сабак берген Улан: глобалдык IT-компанияга айлансак дейбиз

— Чет жакта очор-бачар болуп, тажрыйба топтогон экенсиз. Кыргызстанга келип алган билимиңизди, тажрыйбаңызды колдонуу планыңызда барбы?

— Ал нерсе чет жакта жүргөн ар бир атуулдун жүрөгүндө болсо керек. Мен Германиядагы окуучуларымдын ийгилигин, өзүмдүн эмгегимдин жыйынтыгын көргөндө Кыргызстанга барып, алыскы бир айылда мугалим болуп иштегим келип кетет. Ошол эле маалда менин демилгем, тилегим канчалык деңгээлде жыйынтык берет деп ойлонуп калам. Себеби жашоодо калыптанган система өз таасирин бербей койбойт. Бирок ага карабай ичимде Вальдорф педагогикасы менен улуттук педагогиканы айкалыштырган мектепти мекенимде ачууну ичимде багып жүрөм. Себеби коомдун келечеги азыркы биз тарбиялап жаткан балдарга байланыштуу. Ал эми мектеп – коомду тарбиялоочу эң чоң платформа. Кыргызстанда буга анча көңүл бурулбай жатканы мени өкүндүрөт. Өзүмдүн да эки балам кыргыз чөйрөдө каада-салтты көрүп тарбияланса дейм.

0
Белгилер:
маек, билим берүү, Кыргызстан
Тема боюнча
Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек
Чек ара жабылып, үй-бүлөм башка өлкөдө калды. Сингапурдагы кыргызстандыктын маеги