Россияда Жеңиш парады 24-июнда өтмөй болду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосквадагы Жеңиш аба парады
Москвадагы Жеңиш аба парады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттин коргоо министри Сергей Шойгуга коопсуздукту камсыздап, тобокелдиктерди азайтуу тапшырылган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиш парады 24-июнда өтөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эффектный авиапарад в Москве — полная видеозапись трансляции - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы аба парады аяктады. Видео
Ага ылайык, мамлекет башчы иш-чарага даярдык көрүүнү баштоого буйрук берген. Коргоо министри Сергей Шойгуга коопсуздукту камсыздап, тобокелдиктерди азайтуу тапшырылган.

Путин ошондой эле "Өлбөс полктун" жүрүшүндө аралыкты сактоо мүмкүн эмес экендигин айтып, аны 26-июлда, тагыраагы, Аскер-деңиз флотунун парадынан кийин өткөрүү пландалып жатканын белгилеген.

Эскерте кетсек, 9-майга пландалган парад жана "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл коронавирус эпидемиясынан улам өтпөй калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0