"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүү"Белгород" атомдук суу алдындагы жүрүүчү кайык. Архив
Белгород атомдук суу алдындагы жүрүүчү кайык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Душман кол салган учурда россиялык уникалдуу учкучсуз комплекс сокку менен жооп кайтарары турган иш. Технологиялык жактан бир топ өнүккөн өлкөлөр арасында мындай курал Россиянын колунда гана бар. "Посейдондун" артыкчылыктарына аскерий баяндамачы Александр Хроленко

Россиянын коргонуу-өнөр жай комплексиндеги булак РИА Новости агенттигине билдиргендей, "Посейдон" учкучсуз аппаратынын сууга кое берилиши 2020-жылдын күз айларына пландалган. Ал эми азырынча айрым түйүндөрү жана агрегаттары сыноодон өтүүдө. Суу алдындагы көп багыттуу атомдук "Белгород" (949А "Антей" долбоору) кайыгынын бортунан сууга түшүрүлөт. Ал жаңы үлгүдөгү, дасыккан учкучсуз ракета алып жүрүүчүлөрдүн карлыгачтарынан болуп саналат.

Сынамык кеме атайын "Посейдон" (09852 долбоору) үчүн кайра иштелип чыгып, 2019-жылдын апрелинде Северодвинскиде сууга кое берилген. Субмаринанын өзүнүн сыноолору 2021-жылга дейре уланат. Алар ийгиликтүү аяктаган учурда "Белгород" "Посейдондор" менен Россиянын Аскер-деңиз флотунун курамына кирет.

"Хабаровск" (098531 долбоору) атомдук суу алдындагы кайык континент аралык учкучсуз, биринчи штаттык алып жүрүүчүлөрдөн болмокчу. Бул сууга жайдын башында кое берилип, болжол менен эки жылдай сыналары күтүлүүдө.

Церемония поднятия флага на корабле Дмитрий Рогачев - Sputnik Кыргызстан
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү
Дүйнөдө эч бир өлкөдө мындай тутум же "Посейдондон" коргонуу каражаты жок. Бул куралдын иштелип чыгышы тууралуу россиялык президент Владимир Путин 2018-жылы Федералдык жыйынга болгон кайрылуусунда жар салган.

"Посейдон" көп багыттуу океан тутуму – Чыгыш Европада Пентагон менен НАТОнун сокку уруу дараметинин кооптуу концентрациясына, АКШнын Ракетага каршы коргонуусунун түзүлүшүнө асимметриялык жооп. Кошмо Штаттар бул түзүмдү РФтин коргонуу дараметин жок кылууга пайдаланышы ыктымал.

Россиянын сактыгы ашыкчалык болбоптур, 2019-жылы Кошмо Штаттар ойдон чыгарылган шылтоо менен Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу келишиминен чыгып, Стратегиялык чабуулдук курал боюнча келишимдин бузулушуна шарт түзгөн. 2020-жылга аскердик бюджетин 750 миллиард долларга чейин чыгарган (бул дүйнөдөгү Америкадан башка бардык өлкөлөрдүн коргоо жаатындагы чыгымдарына тең келет).

Укмуштуудай учкучсуз аппарат

"Посейдон" – 1000 метрлик тереңдикке, 10 миң чакырым аралыкка 100 узел ылдамдыкта (саатына 185 чакырым) жүрө ала турган өзөктүк энергетикалык орнотмолуу, стратегиялык континент аралык суу алдындагы аппарат.

"Посейдондун" сыноолору учкучсуз сүзүүнүн дээрлик чексиз ыраактыгын жана уникалдуу мүнөздөмөлөрүн тастыктады. Узундугу 24 метр, диаметри 1,6 метрдин тегерегиндеги аппарат кадимки же мегатонналуу термоөзөктүк ок-дары менен жабдылышы мүмкүн. Душмандын стратегиялык суу алдындагы кайыктар базасын, жээктеги инфраструктурасын, авиа ташуучулардын тобун жок кылууга багытталган.

Океанда андай "торпеданы" табыш оңой эмес, жай ылдамдыкта ал абдан тынч жылат, бирок гидроакустикалык кармоодо коргонуу мүмкүн эмес. Учкучсуз режимде "Посейдон" тереңде жана ылдамдыкта сүзүп, азыркылардын баарына, ошондой эле душмандын келечектүү субмарина, торпеда жана ракеталарга карматпайт. Башкаруунун автономдук системасы кемеге каршы чектерди же коргонуунун башка тутумдарын таап жана жиреп өтүүгө мүмкүндүк берет. Ооздуктоонун абдан олуттуу инструменти.

Демонстрациялар учурунда оперативдик-тактикалык ракета тутумун жайгаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сарматтын" талпынышы. Россияга жаңы Satana эмне үчүн зарыл?
Россиялык бул аппарат сыноо баскычында эле Америка стратегиялык командачылыгын (STRATCOM) кабатыр кылууда. Былтыркы жылдын февралында Конгресстеги угууларда STRATCOM башчысы Жон Хайтен "Посейдон" жаңы куралдык тутум принципиалдуу түрдө СНВ-III келишиминин чектөөсүнө кабылбастыгын, ал эми россиялык саамалыктын аналогу АКШда иштелип чыкпагандыгын айткан. Америка тарап жаңы келишимге кызыгуусун билдирген. Анда өзөктүк согуштук жабдуусу бар суу алдындагы аппараттар жана башка системалар каралган.

Глобалдык жаңжал чыкса суу алдындагы аппарат америкалык жээктеги 100 мегатонналык термоөзөктүк октуу дүрмөттү жеткирүүгө жөндөмдүү, ал цунамини чакырып, океан жээгиндеги авиа ташуучу, коргонуу заводдору жана бүтүндөй шаарларды кошо инфраструктураны толук жууп кетерин жоромолдогон макалалар АКШда бир аз мурдараак жарыяланган.

Ошентип, учкучсуз "Посейдон" куралданууга алынганга чейин эле эл аралык кырдаалга, бир жагынан Россияга көзү түз эмес бир катар өлкөлөрдүн аскерий жетекчилеринин чечимдерине да таасир этти. Бирок жүйөлүү себептерсиз (мисалга, РФке карата агрессиялык акт болбосо) "Посейдон" эч качан чабуул жасабайт.

Сырдуу "Хабаровск"

"Хабаровск" - ушул тапта Россиянын эң чоң аскерий сырларынын бири болуп саналат. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, кеме принципиалдуу түрдө жаңы өзөктүк энергетикалык орнотмолор менен жабдылган. Бортунда алты учкучсуз "Посейдонду" ташый алат, аларды батыш маалымат каражаттарында "Кыямат күндүн торпедалары"деп коюшат.

Салмагы 10 миң тоннанын тегерегинде, ылдамдыгы 32 узелге дейре, сууга чөмүлүүнүн тереңдиги – 500 метр, суу алдында 120 суткага чейин жүрө алат, экипаж 100 кишиден кем эмес. Субмаринанын корпусу "Борей" стратегиялык жаңы ракета алып жүрүүчүсүн эске салат.

Россиянын Су-57 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Су-57 сыналып бүттү: Россия алгачкы 76 истребителин качан алат?
"Хабаровсктун" негизги өзгөчөлүктөрү жашыруун. Россиянын Аскер-деңиз флоту Түндүк жана Тынч океандагы флоттторунун аскердик түзүмүндө экиден "Посейдон" субмарина менен орун алууну пландоодо. Бул – Россиянын суу алдындагы стратегиялык куралдануу тутумдарынын жаңы мууну.

АКШ жана НАТО кайсы бир убакта кургакта, деңизде жана космосто ракетага каршы коргонуунун "ок өтпөс" тутумун жарата алса да, атомдук субмариналар жана стратегиялык "Кыямат күндүн торпедаларынын" "кош купуялуулугу" натыйжалуу өзөктүк соккуну бекем кепилдейт.

"Посейдон" – Россиянын технологиялык артыкчылыгынын жалгыз далили эмес, бирок потенциалдуу душманды бир топ эле таасирлентип, эсине келтирет. Ошентсе да Россия Федерациясы коркунучтарды жаратууга акылга сыйбас өжөрлүк менен умтулбайт.

Ал тургай дүйнөдөгү стратегиялык туруктуулукту чыңдоо үчүн Москва куралдануунун россиялык стратегиялык жаңы тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, батыштагы өнөктөштөрү менен адилеттүү келишимдик милдеттенмелерди талкуулоого даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0