Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

333
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

333
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (849)
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды
Sputnik Эстония агенттигинин жетекчиси Елена Черышева. Архивдик сүрөт

Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы кылмыш

81
(жаңыланган 22:37 07.07.2020)
"Мир глазами СМИ в 2020 году" конференциясы Россия жана дүйнө жүзүндөгү журналистиканын азыркы абалын анализдөөгө арналган.

Эстон бийлиги сөз эркиндигинин принциптерин бузуп, Sputnik Эстония агенттигинин ишмердүүлүгүн чектөөнү улантууда. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Елена Черышева "Мир глазами СМИ в 2020 году" деп аталган эл аралык конференцияда сүйлөп жатып айтты.

Иш-чарага Sputnik агенттигинин америкалык жана европалык редакцияларынын өкүлдөрү катышкан. Алардан тышкары РФ ТИМинин Маалымат жана басма сөз департаментинин директору Мария Захарова, америкалык көз карандысыз журналист Ева Бартлетт жана швейцариялык жазуучу Ги Меттан сөз сүйлөштү.

Sputnik Эстониянын редактору Черышева: эстончо сөз эркиндиги ЖМК үчүн кооптуу

Талкуунун негизги темаларынын бири Балтика мамлекеттериндеги Sputnik өкүлчүлүгүнүн байма-бай кысымга алынышы болду. Елена Черышеванын айтымында, Sputnik Эстония Балтика регионундагы башкача ойлонууга каршы күрөшүүнүн мыкты мисалы болуп калды.

"Административдик кысым, экономикалык блокада, саясий цензура, кылмыш ишин козгоо опузасынын баарын жон терибиз менен сездик. Эстониянын полициясы гана европалык санкцияларды өз каалаганындай түшүнөт сыяктуу", — деди Черышева.

Жетекчи 2020-жылдын 1-январынан тарта Sputnik Эстония сайты өзгөчө режимде иштеп жатканын эскертти. Агенттиктин кызматкерлери "Россия сегодня" эл аралык агенттиги менен иштешсеңер кылмыш иши козголот" деген полициянын коркутуусунан улам иштен кетүүгө аргасыз болушкан. Эстония бийлиги "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго киргизилген чектөөлөрдү пайдаланууда. Бирок агенттиктин өзү ушу кезге чейин бир дагы санкциялык тизмеде жок.

Черышеванын айтымында, Европанын Sputnik Эстонияга карата мамилеси аны кооптондуруп келет.

"Брюссель унчукпай отурат, бул кылмышка тете. Алар Sputnik агенттигин жабуу боюнча Эстониянын тажрыйбасын пайдалануу үчүн башка мамлекеттерге жол ачууда", — деди журналист.

"Россия сегодня" ПАСЕде: журналисттерди кодулоо, түрмө, кесип ишеними жөнүндө

Азырынча редакция салык төлөмдөрүн камактан чыгарууга гана жетише алган. Мындан улам агенттик эстон казынасына салык төлөөсүн улантып келет, бирок салык департаменти электрондук тейлөөгө тыюу салган. Черышева "Россия сегодня" эл аралык агенттиги абалдан чыгуунун жолун табарына үмүт артып, ушу тапта чындыкты улуттук тилде айтуу өтө маанилүү экенин белгиледи.

Журналист жана саясий таануучу Армен Гаспаряндын айтымында, европалык структуралардын унчукпаганы Балтика мамлекеттеринде сөз эркиндигинин жоктугун айгинелейт. Ал европалык уюмдар Sputnik Эстония россиялык ЖМК болгону үчүн кийлигишпей жатканын кошумчалады. 

Ведущий радио Sputnik Армен Гаспарян на радиостудии.
© Sputnik / Владимир Трефилов
Журналист жана саясий таануучу Армен Гаспарян
"Бир катар өлкөлөрдө Sputnik редакцияларын куугунтуктоо көндүм ишке айланып калды. Балким, сөз эркиндигин биз туура эмес түшүнүп жаткандырбыз. Балким, бул терминге "сөз эркиндиги — бул биз тараптан айтылган чындыкты атайылап көз жаздымда калтыруу" дегенди кошуу керектир", — деди Гаспарян.

Журналисттин сөзүн Франциядагы Sputnik редакциясынын тушуккан абалы да тастыктайт. Басылма ушу кезге чейин президенттик пулдун аккредитациясынан өтпөй, Елисей сарайына бара албай келет. Бул тууралуу аталган агенттиктин өкүлү Марья Липатова билдирди.

"Франк тилдүү ЖМКлардын арасынан биз биринчи болуп коронавирус тууралуу жазып, пандемияга карабай ишибизди уланттык. Sputnik кабарчысынын жасаган репортаждары кийин Франциянын ЖМКлары тарабынан кеңири колдонулду", — деди ал.

Липатова Sputnik Франция россиялык саясатчылардын айтканын француз тилине которуп жарыялаганы менен дайым фейк маалыматтарга күнөөлөнүп келерин белгиледи.

"Буга карабастан агенттиктин аудиториясы кеңейүүдө. Sputnik Франциянын цитаталарын колдонгон кесиптештерибиздин бизге болгон ишеними да артып барат", — деп сөзүн жыйынтыктады журналист.

ЕККУ төрагасы Sputnik Эстония боюнча абалга пикирин айтты

"Мир глазами СМИ в 2020 году" конференциясы Россия жана дүйнө жүзүндөгү журналистиканын азыркы абалын анализдөөгө арналган. Иш-чара 7-июль күнү "Россия сегодня" агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда онлайн форматында өттү.

81
Белгилер:
конференция, басылма, сөз эркиндиги, редакция, коронавирус
Тема боюнча
Sputnik Эстониянын редактору Черышева: эстончо сөз эркиндиги ЖМК үчүн кооптуу
ЕККУ төрагасы Sputnik Эстония боюнча абалга пикирин айтты

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

242
(жаңыланган 17:22 07.07.2020)
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына жана коронавирусту айыктырган дарыларына кызыгууда. Алар тесттин жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышты.

СOVID-19га каршы вакцинаны сыноо кандай жүрүп жатканы уюмдун көз алдында экенин билдиришти. Россияда сынап көрүү иштери ыктыярчыларга бир нече медициналык жайда жасалууда. Эксперимент кандай өтүп жаткандыгын, алардын катышуучуларынын абалын жана өзгөчө кимдер вакцинаны чыдамсыздык менен күтүп жатканын бул видеодон көрүүгө болот.

242
Белгилер:
вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Казакстан, Кыргызстан, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (849)
Тема боюнча
Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сайдыргандардын абалы айтылды
Россия COVID-19га каршы вакцинаны кантип сынап жатат. Ыктыярчылар тартылган видео
Ошто ачылган стационар. Архивдик сүрөт

Облустарда канча орундуу стационар ачылды. Аймактардан маалымат

0
(жаңыланган 09:22 08.07.2020)
Бейтаптарга туура кеңеш берүү жана оорунун өрчүп кетишине жол бербөө максатында күндүзгү стационарлар ачылууда.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өкмөт коронавирус жана пневмония оорусуна кабылгандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн жер-жерлерде күндүзгү стационарларды ачууга киришти.

Бул бейтаптарга туура кеңеш берүү жана оорунун өрчүп кетишине жол бербөө максатында жасалууда. Премьер-министр Кубатбек Боронов ар бир райондо 200 орундан кем эмес стационар уюштуруу тапшырмасын берди.

Дарылоо бөлүмүнөн коронавирустун жана пневмониянын жеңил түрүнө кабылган же өзүн начар сезген жарандар келип медиктерден кеңеш алат. Ошондой эле асма укол жана ийне сайдырып кетишет. Бул кызматтар бекер, болгону дарыларын сатып алуу керек. Медиктер эртең мененки 8.00дөн кечки саат 20.00гө чейин иштейт.

Өкмөт кырдаалды кантип жөнгө салууда? Бороновдун билдирүүсүнүн кыскача тизмеги

Sputnik Кыргызстан өлкөнүн жети дубанында канча стационар ачылганын билип көрдү.

Ысык-Көл облусу

Көлдө 738 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационар, ал эми 645 орундуу обсервация жайы даярдалды.

Облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев кошумча дагы обсервацияга пансионаттарда, курорттук мекемелер жана мейманканаларда 2 000 орундук түзүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Ош облусу

Күндүзгү стационар үчүн 700дөн ашуун орун даярдалууда. Анын ичинен Алай районунда 100, Кара-Кулжада 106, Кара-Сууда 90, Өзгөндө 220 жана Чон-Алайда 100 керебет даяр болду. Учурда алгачкы бейтаптар жардам алууда.

Мындан сырткары, облус боюнча 1 910 орундуу обсервация жайы даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляциялоо үчүн 730 орун даярдалып, бейтаптар кабыл алынган.

Ошто ыктыярчы дарыгерлердин тизмеси түзүлүп, окутула баштады

Баткен облусу

1 000ден ашуун орунга ылайыкташкан күндүзгү стационар ачылууда. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек райондорунда даяр болду. Бүгүн кечке чейин облустун ар бир районунда 200 орундуу дарылоо бөлүмдөрү пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, 1 790 орундуу обсерватор, ооруканаларда изоляция үчүн 435 орун даярдалган.

Нарын облусу

Нарын шаарында 200, райондордун борборлорунда 100 орундуу күндүзгү стационарларды уюштуруу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө милдеттендирилген. Учурда алгачкылары пайдаланууга берилди.

Жалал-Абад облусу

Облус боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1 246 орун уюштурулду. Жалал-Абад шаарындагы стационардан эки күндөн бери 145 жаран керектүү кеңештерди алып, дарыланып кеткен.

Чүй облусу

Облустун райондорунда 515 кишиге ылайыкталган 21 күндүзгү стационар даярдалды. Бул интернат, бала бакча жана спорт мектептеринде ачылган.

0
Белгилер:
дарылоо, бейтап, стационар, облус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
Медициналык кызмат баарына тең болсун! Жээнбеков Суракматов менен сүйлөштү
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар