"Коалиция-СВ" – кубаттуу техника. Жаңы артиллериянын артыкчылыктары

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Коалиция-СВ" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү
Коалиция-СВ өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нижегород облусундагы полигондо КамАЗ-6550 автомобилине жайгаштырылган 152 мм калибрдеги "Коалиция-СВ" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшүнүн дөңгөлөктүү модификациясы сыналууда. Бул жаңы куралдын артыкчылыктарына аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолду.

Артиллерия – согуштук аракеттерде негизги курал, ошондуктан Россия дүйнөдө эң мыкты гаубицаларды жаратып келет.

"Коалиция-СВ" жаңы гаубицалардын сынамык партиясы май айынын аягында россиялык куралдуу күчтөргө берилет. Ал Т-90 танкасынын платформасында жайгашкан. Жердеги буталарды: командалык пунктулар, байланыш түйүндөрү, артиллериялык жана минометтук батареялар, сооттолгон техника, абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу каражаттарын, душмандык күчтөрдү 70 чакырым аралыктан кыйратууга багытталган.

Ушул тапта дүйнөдө мындай гаубицанын аналогу жок. Дээрлик ушул эле убакта "Уралвагонзавод" КамАЗ-6550 автомобилинде жайгаштырылган жаңы артиллериялык түзүлүштөрдүн жүрүшү жана ок атуу сыноосу башталган. Жаңы курал быйыл сыналып бүтөт, андан соң гаубицанын дөңгөлөктүү модификациясынын сериялык өндүрүшү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Демонстрациялар учурунда оперативдик-тактикалык ракета тутумун жайгаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сарматтын" талпынышы. Россияга жаңы Satana эмне үчүн зарыл?
"Коалиция-СВ" дөңгөлөктүү өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрүнүн Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн колуна тийсе дүң болот (Россияда мындай гаубицалар болгон эмес). Мындан тышкары, аскердик тапшырмаларды аткарууда артиллеристтерге белгилүү бир кырдаалды эске алуу менен "Коалициянын" чынжырлуу же дөңгөлөктүү модификациясын тандоого мүмкүндүк берет.

Чынжырлуу аналогдорун салыштырсак, төрт дөңгөлөктүү "КамАЗдын" шассисиндеги тутуму да ыкчам, жол катмарын талкалабастан жалпы багыттагы автотранспорттук магистралды пайдаланышы, жүрүш узактыгы өңдүү өз артыкчылыктарына ээ.

Бул куралды жасап чыккан ишкананын башкы директору Дмитрий Семизоров "Коалицияны" келечектин автокөлүгү деп атаган. Ал бүгүнкү күндө мезгилден озуп барат. Дөңгөлөктүү өзү жүрүүчү жаңы артиллериялык түзүлүш топту жарып чыгат окшоп калды. Чет элдик сатып алуучулардын да кызыгуусун жаратары бышык. Мисалы, мурдагы муундагы 155 миллиметрлик калибрдеги, "Краснополь-М" дүрмөттөрү жана ушундай эле калибрдеги батыштык ок-дары менен аткылай алган "Мста-С" өзү жүрүүчү гаубицасынын экспорттук модификациясы 1,6 млн. долларга бааланат.

Абу Дабидеги IDEX-93 көргөзмөсүндө "Мста-С" бир далай артыкчылыгын далилдеп, 15 чакырым аралыктан "Краснополь" кырк дүрмөтү менен 38 бутаны жок кылган. "Коалиция-СВ" андан да артык, кыйла жакшыртылган. Россиялык Куралдуу күчтөрдө жана курал-жарак эл аралык рыногунда бул куралдын келечеги кең болору турган иш.

Жаңы муун

"Коалиция-СВ" артиллериялык тутуму "Мста-С" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшүнүн (чынжырлуу шассидеги) мураскору, андан эбегейсиз ок күчүн мурастап калган. 152 мм калибрдеги "Коалиция-СВ" замбиреги мүнөтүнө 10дон ашуун ирет ок чыгарат, бардык артиллериялык тутумдардан, анын ичинде четөлкөлүк аналогдорунан да ок атуу ыкчамдыгы жогору. Америкалык САУ М109А6 Paladin көп кишиден турган экипажы болсо да, мүнөтүнө алтыдай гана ок ата алат. "Коалиция-СВ" ыкчам ыргактагы ок чыгаруусун толук автономдук октоо камсыздайт. Баарын бир маалда октоонун кичи толкундуу системасы маанилүү роль ойнойт.

Россиянын Су-57 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Су-57 сыналып бүттү: Россия алгачкы 76 истребителин качан алат?
Жаңы гаубицаны үч адис: механик-айдоочу, командир жана мээлөөчү артиллерист-оператор ("Мста-С" экипажы беш кишиден турат) тейлейт. Ал тургай артиллериялык мунарасын киши башкарбайт, экипаж сооттолгон капсулага жайгашат. Мындай конструктивдүү артыкчылыктары "Арматаны" (дүйнөдөгү 12 танканын ичинен эң мыкты деп табылган россиялык көлүк) эске салып турат, 48 тонналык согуштук массасы менен да бул артиллериялык түзүм танканын кыймылын чектебейт.

Жаңы артиллериялык системанын чынжырлуу жана дөңгөлөктүү варианттары бир түргө келтирилген согуштук бөлүккө – толук бурулмалуу мунарага жана 152 миллиметрлик сайлуу 2А88 гаубицасына ээ. Өзү жүрүүчү артиллериялык түзүмдүн ок-дарысынын курамына ыраактан башкарылчу 12,7 мм калибрдеги пулеметтуу түзүм да кирет.

Командир жана мээлөөчү артиллеристтин жумуш орду санарип дисплей менен жабдылып, тактикалык звенодогу башкаруунун автоматташтырылган бирдиктүү тутумуна интеграцияланган. Бул экипажга башкаруунун чегинде натыйжалуу аракеттенүүгө, ар кандай булактардан байланыштын санарип каналы боюнча көрсөтмөлөрдү алууга, тапшырма аткарылчу жерге күнү-түнү байкоо салууга, ар кандай аба шартында ок атуу жана окту тууралоо үчүн автономдук эсеп жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Тышкы маалыматтар борттук маалыматтык-командалык системада иштелип чыгат, бул тутум ок атуу жана ок-дарыны тескөөгө көрсөтмө берет. Ок атуу мүнөздөмөлөрү боюнча "Коалиция-СВ" россиялык да, четөлкөлүк өндүрүштөгү да сериялык өзү жүрүүчү артиллериялык түзүмдөрдүн эч бирин караандатпайт. Мындай дарамети менен жаңы гаубица келечекте Россиянын Кургактагы күчтөрүндөгү 152 миллиметрлик түзүмдөгү "Мста-С" жана тартылуучу "Мста-Б" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүмдөрдүн ордун басат.

Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Южный федеральный округ - Sputnik Кыргызстан
Кара деңиз Россиянын толук көзөмөлүндө. НАТОнун аракетине жооп
"Коалиция-СВ" артиллериялык тутуму Нижегороддогу "Буревестник" борбордук илим-изилдөө институту тарабынан "Уралвагонзавод" концеринен иштелип чыккан. Алгачкы жолу 2015-жылы 9-майдагы Жеңиш парадында коомчулукка тааныштырылган.

Россиянын Коргоо министрлиги 2017-жылдын сентябрында жаңы "Коалиция-СВ" түзүмүнүн сынамык партиясын, 2020-жылы сериялык чыгаруу боюнча келишимге кол койгон. "Коалиция-СВ" жаңы гаубицасынын эки модификациясы – бул болочоктун куралы. Эртеңки күнү үчүнчү – кемелик версиясы чыгып калышы ыктымал. Кургактагы тутум деңиз платформасына да кадам басып калар.

Бура бастырбаган курал

Ок атуунун ыраактыгы (70 чакырымга дейре) боюнча "Коалиция-СВ" бардык аналогдорунан эки эсе ашып түшөт. Мисалы, куралдардын катарына 2012-жылы алынган "Мста-С" - 2С19М2 артиллериялык түзүмү 30 чакырымга чейинки аралыктан активдүү-реактивдүү майдаланма-фугастык дүрмөт менен бутаны кыйратууга жөндөмдүү.

Түштүк Африкада бир жолкусунда мыкты деп саналган PZH 2000 немис гаубицасы реактивдик тартуучу күчү менен 56 чакырымга V-LAP атайын дүрмөтүн жөнөткөн. Бирок кадимки режимде анын ок атуу ыраактыгы 30 чакырымдан ашпайт.

Өтө ыраак аралыкта жогорку тактык да маанилүү. "Краснополь-М" – эң ийгиликтүү тууралоочу артиллериялык куралдын бири, бирок анын мүмкүнчүлүктөрү муну менен гана чектелбейт. Башкарылуучу жаңы дүрмөттөрдү пайдалануу менен "Коалиция" Россия армиясынын жогорку тактыктагы алгачкы артиллериялык системасына айланат. Штаттык курал-жарак топтомунун сыноолору 2021-жылы аяктайт. Жаңы технологиялык чектери таасирлентпей койбойт.

Белгород атомдук суу алдындагы жүрүүчү кайык. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?
Тула Аскерий шайман куруучу конструктордук бюросу "бир жолу ок атуучу" абдан так жана кубаттуу майдаланма-фугастык курал иштеп чыккан. 152 мм калибрдеги мындай ар бир снаряд 50 миң доллардын тегерегинде турат. Бирок узак мөөнөттүү коргонуу түйүнүнө таамай тийгенден кийин касташкандардын бункер же башка чыңдоочу объектилеринде ок атылгандан кийин экинчи жолку ок чыгаруунун кереги жок. Лазердик нур боюнча жарым активдүү уч жагы оператор же учкучсуз тарабынан мээленет.

Дагы бир "акылдуу" ок-дары Москвадагы "Компас" конструктордук бюросунда иштелип чыккан. 152 мм снаряддын уч бөлүгүндөгү ГЛОНАСС навигациялык модулу жана аэродинамикалык тескелүүчү тутуму, алар ок чыгарууда жана учуштун туураланган багытында ачылып, алдын ала анык координаттар боюнча бутасын таамай талкалайт.

Буйтап (тайып) кете турган болсо 10 метрден ашпайт (ыраак аралыктан атууда кадимки 152 мм дүрмөт 100 метрге да жылып кетиши мүмкүн). "Компас" конструктордук бюросунун түзүмү арсеналдагы снаряддарды заманбапташтырууга мүмкүндүк берет. Тескелүүчү базалык артиллериялык ок-дарысын кайрадан жасоого 1000 доллардай жумшалган. Салыштырсак, америкалык 155 миллиметрлик тескелүүчү Excalibur снарядынын наркы 80 миң долларды чапчыйт.

Жаңы куралды иштеп чыгууда Россия Федерациясы улуттук коопсуздукту ишенимдүү камсыздоо, союздаш жана кызыкчылыктары шайкеш өнөктөштөрүнө аскердик-техникалык көмөк көрсөтүүгө артыкчылык берет. "Коалиция-СВ" артиллериялык системасы октун алыс аралыкка жана таамай тийиши менен айырмаланган алдыңкы четөлкөлүк аналогдоруна жооп катары түзүлгөн. Россиялык долбоор эң заманбап чечимдерге, технологияларга жана компоненттерине интеграцияланган, бул аскердик жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн мыкты айкалышына ээ болууга шарт түзгөн. Мындай түзүм тынчтыкты жана эл аралык туруктуулукту чыңдоо үчүн гана иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0